Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
129-берене. Аткаруу жыйымы жана сот аткаруучуга сыйакы
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 20-глава
1. Аткаруу жыйымы аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу үчүн көрсөтүлгөн мөөнөттө аткаруу документинин талаптарын аткарбаган учурда карызкорго салынуучу акчалай өндүрүп алуу болуп эсептелет.
2. Аткаруу жыйымы ушул беренеде белгиленген өлчөмдө өндүрүп алуучудан төмөнкүдөй учурларда өндүрүп алынат:
1) аткаруу баракчасын берүүгө негиз болгон соттук акты жокко чыгарылганда;
2) сот аткаруучу өндүрүшкө кабыл алган аткаруу документи боюнча өндүрүп алуудан өндүрүп алуучу баш тартканда;
3) өндүрүп алуучу карызкордун ага өткөрүп берилүүчү мүлкүн алуудан баш тартканда.
Өндүрүп алуучулар - салык кызматынын органдары ушул бөлүктө каралган учурларда аткаруу жыйымын төлөөдөн бошотулат. Ушул бөлүк менен белгиленген учурларда сот аткаруучу карызкордон аткаруу жыйымын өндүрүп алуу жөнүндө токтомду жокко чыгарат.
3. Аткаруу өндүрүшүнүн алкагында сот жарашуу макулдашуусун бекиткен учурда аткаруу жыйымы ушул беренеде белгиленген өлчөмдө карызкордон жана өндүрүп алуучудан бирдей үлүштө өндүрүп алынат.
4. Көрсөтүлгөн документти ыктыярдуу аткаруу үчүн сот аткаруучу белгилеген мөөнөттө мүлктүк мүнөздөгү аткаруу документинин талаптары, ал эми ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш берилбеген аткаруу документтери боюнча талаптар аткарылбаган учурда, сот аткаруучу токтоосуз токтом чыгарат, ал боюнча карызкордон өндүрүлүүгө тийиш болгон суммадан же өндүрүлүүчү мүлктүн суммасынан 10 пайыз, бирок 5 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмүндө аткаруу жыйымы өндүрүлөт.
Мүлктүк эмес мүнөздөгү аткаруу документинин талаптары аткарылбаган учурда карызкор - жеке жак үчүн аткаруу жыйымы 50 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, карызкор - юридикалык жак үчүн 100 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө белгиленет.
5. Аткаруу өндүрүшү аткарууга алынган төмөнкү учурларда аткаруу жыйымы өндүрүп алынбайт:
1) сот аткаруучунун аткаруу жыйымын өндүрүп алуу жөнүндө токтому чыгарылган жана жокко чыгарылбаган аткаруу документин аткарууга кайталап коюлганда;
2) сот аткаруучунун аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларды, аткаруу жыйымын жана аткаруу документин аткаруу процессинде сот аткаруучу тарабынан салынган айыптарды өндүрүп алуу жөнүндө токтому боюнча;
3) камсыздоо чаралары боюнча сот актылары боюнча;
4) мезгилдүү төлөмдөрдү өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу документтери боюнча;
5) алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу документтери боюнча.
6) кылмыш иштери боюнча айыпты өндүрүү жөнүндө аткаруу документтери боюнча.
6. Аткаруу жыйымын өндүрүп алуу жөнүндө токтом аткаруу документи сот аткаруучуга биринчи түшкөндө чыгарылат. Сот аткаруучуга аткаруу документин аткаруу жөнүндө кийинки коюлган талаптарда аткаруу жыйымы алынбайт.
7. Аткаруу жыйымынын суммалары аткаруу өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча атайын эсепке түшөт. Каражаттарды пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
8. Аткаруу документи сот аткаруучудан көз каранды эмес себептер боюнча жарым-жартылай аткарылган учурда аткаруу жыйымы өндүрүлгөн суммага пропорциялуу өндүрүп алынат.
9. Сот аткаруучунун аткаруу жыйымын алуу жөнүндө токтому жокко чыгарылган учурда аткаруу жыйымы ал өндүрүп алынган адамга толук көлөмдө кайтарып берилет.
10. Мажбурлап аткарууну камсыз кылуучу сот аткаруучу өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан бекитилүүчү жобо менен аныкталуучу сыйакы алат:
11. (КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
111. (КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
12. Карызкор аткаруу жыйымын өндүрүп алуу жөнүндө сот аткаруучунун токтомун талашууга, ошондой эле анын өндүрүлүшүнүн мөөнөтүн кийинкиге калтырууну же бөлүп төлөөнү, анын өлчөмүн азайтуу же аткаруу жыйымын өндүрүп алуудан бошотуу жөнүндө соттон суранууга укуктуу.
13. Сот аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөттө аткарбоодо карызкордун күнөөсүнүн даражасын, карызкордун мүлктүк абалын, башка олуттуу жагдайларды эске алуу менен аткаруу жыйымын өндүрүп алууну кийинкиге калтырууга же мөөнөтүн узартууга, ошондой эле анын өлчөмүн азайтууга, бирок ушул беренеде белгиленген өлчөмдүн төрттөн биринен ашырбастан азайтууга укуктуу.
14. Сот ушул беренеде көрсөтүлгөн арызды карап чыгууга кабыл алган учурда, аткаруу жыйымын өндүрүп алуу сот чечим чыгарганга чейин токтотула турат.
15. Сот аткаруу жыйымынын өлчөмүн азайтканда аткаруу жыйымын өндүрүп алуу жөнүндө сот аткаруучунун токтому тиешелүү түрдө өзгөртүлдү деп эсептелет. Бул учурда карызкорго андан ашыкча өндүрүп алынган сумма кайтарып берилет.
16. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-129" title="129-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>