23-берене. Референдумга коюлган маселелер боюнча референдумду дайындоого макул же каршы үгүттөө
Күчүн жоготкон · 08.07.2026 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106.
Акыркы өзгөртүү: Конституционный Закон КР от 8 августа 2019 года № 116
1. Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар жана башка коммерциялык эмес уюмдар мыйзамда жол берилген формаларда жана мыйзамдуу усулдар менен референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү үчүн макул же каршы тоскоолдуксуз үгүт жүргүзүүгө укуктуу.
Шайлоо комиссиялары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү референдумдун катышуучуларына маалымдоо боюнча зарыл чараларды көрөт. Маалыматтык материалдар сурдокотормону же субтитрлөөнү колдонуу менен укма-көрмө форматта (санариптик алып жүрүүчүдө) даярдалып, окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифт менен басылып, ошондой эле Брайль арибин жана (же) тексттик файлдарды үн же тактилдик сигналдарга кайра өзгөртүүчү экранда жеткиликтүүлүктү камсыздоочу компьютердик программалар, ошондой эле башка атайын каражаттар орнотулган атайын жабдууну (тифлокаражаттарды) пайдалануу менен даярдалышы керек. Демилгечи топ референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенге чейин мыйзамда жол берилген формаларда жана мыйзамдуу усулдар менен демилгечи топ тарабынан демилгеленген референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү үчүн үгүт жүргүзүүгө укуктуу. Референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин демилгечи топ өз ишин токтотот, бирок референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча "макул" топко же "каршы" топко кайра түзүлүүгө укуктуу.
2. Референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын жарандары референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча "макул" же "каршы" үгүт жүргүзүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын жарандары референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча "макул" топту же "каршы" топту түзүүгө укуктуу. Көрсөтүлгөн топтор Борбордук шайлоо комиссиясына каттоо жөнүндө өтүнүч менен кайрылышат, анда топтун мүчөлөрүнүн, ошондой эле топтун атынан аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу адамдардын фамилиясы, аты жана атасынын аты, туулган датасы, жашаган жеринин дареги, паспортунун же аны алмаштыруучу документтин сериясы жана номери көрсөтүлүүгө тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясы 10 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен үгүт боюнча топту каттайт.
3. Үгүт чогулуштарда, митингдерде жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Үгүт жүргүзүүнүн формалары жана усулдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.
4. Үгүт жүргүзүүгө, кандай гана болбосун үгүт материалдарын таркатууга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) өз кызмат ордунун же кызматтык милдеттерин аткарып жатышканда мамлекеттик, муниципалдык кызматчыларга, аскер кызматчыларына;
2) кайрымдуулук уюмдарына жана диний бирикмелерге;
3) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө;
4) чет өлкөлүк мамлекеттердин жарандарына, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана уюмдарына;
5) жарандыгы жок адамдарга;
6) эл аралык уюмдарга жана эл аралык коомдук кыймылдарга.
5. Референдумдун маселелери боюнча үгүт төмөнкүдөй жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) телерадио берүү уюмдарынын каналдарында жана мезгилдүү басылмалардын беттеринде;
2) массалык иш-чараларды өткөрүү аркылуу (колдонуудагы мыйзамга ылайык чогулуштарда, жолугушууларда, көпчүлүк алдындагы кайым айтышууларда жана талкууларда, митингдерде, демонстрацияларда, көчө жүрүштөрүндө);
3) басма сөз, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таркатуу аркылуу;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка формаларда.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Конституционный Закон КР от 8 августа 2019 года № 116 "О внесении изменений в конституционные законы Кыргызской Республики "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики", "О референдуме Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
08.08.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…киргизүү үчүн макул же каршы тоскоолдуксуз үгүт жүргүзүүгө укуктуу. кошулду: Шайлоо комиссиялары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү референдумдун катышуучуларына маалымдоо боюнча зарыл чараларды көрөт. Маалыматтык материалдар сурдокотормону же субтитрлөөнү колдонуу менен укма-көрмө форматта (санариптик алып жүрүүчүдө) даярдалып, окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифт менен басылып, ошондой эле Брайль арибин жана (же) тексттик файлдарды үн же тактилдик сигналдарга кайра өзгөртүүчү экранда жеткиликтүүлүктү камсыздоочу компьютердик программалар, ошондой эле башка атайын каражаттар орнотулган атайын жабдууну (тифлокаражаттарды) пайдалануу менен даярдалышы керек. Демилгечи топ референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенге … Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка формаларда. кошулду: (КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (20)
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-ноябрындагы № 191 "Кыргыз Республикасынын референдумунда үгүт топторун ("макул", "каршы") каттоо…Постановление · 06.11.2016 · № 191
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению реферндумов КР от 13 ноября 2016 года № 208 "Об утверждении Инструкции "О порядке предоставления эфирного времени…Постановление · 13.11.2016 · № 208
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 31-декабрындагы № 530 "2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 31.12.2020 · № 530
- КР БШК 2021-жылдын 18-марты № 72 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 1 "макул", жетекчиси - Тентишев…Постановление · 18.03.2021 · № 72
- КР БШК 2021-жылдын 18-марты № 73 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 2 "макул", жетекчиси - Сапаркулова…Постановление · 18.03.2021 · № 73
- КР БШК 2021-жылдын 18-марты № 74 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 3 "макул", жетекчиси - Исмаилов…Постановление · 18.03.2021 · № 74
- КР БШК 2021-жылдын 18-марты № 75 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 1 "каршы", жетекчиси - Карасартова…Постановление · 18.03.2021 · № 75
- КР БШК 2021-жылдын 18-марты № 76 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 2 "каршы", жетекчиси - Сооронкулова…Постановление · 18.03.2021 · № 76
- КР ЦИК 2021-жылдын 19-марты № 78 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 4 "макул", жетекчиси -…Постановление · 19.03.2021 · № 78
- КР БШК 2021-жылдын 19-марты № 79 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 5 "макул", жетекчиси - К.Ж.Акунов)"…Постановление · 19.03.2021 · № 79
- КР ЖК 2021-жылдын 19-марты № 80 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 6 "макул", жетекчиси - Ж.Бектур) токтомуПостановление · 19.03.2021 · № 80
- КР БШК 2021-жылдын 19-марты № 81 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 7 "макул", жетекчиси -…Постановление · 19.03.2021 · № 81
- КР БШК 2021-жылдын 19-марты № 82 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 8 "макул", жетекчиси - А.А.Пулатов)"…Постановление · 19.03.2021 · № 82
- КР БШК 2021-жылдын 19-марты № 83 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 9 "макул", жетекчиси - А.Т.Байматов)"…Постановление · 19.03.2021 · № 83
- КР БШК 2021-жылдын 19-марты № 84 "Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтомуПостановление · 19.03.2021 · № 84
- КР БШК 2021-жылдын 19-марты № 85 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 10 "макул", жетекчиси - А.Ш.Мадаминов)"Постановление · 19.03.2021 · № 85
- КР БШК 2021-жылдын 22-марты № 86 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 11 "макул", жетекчиси -…Постановление · 22.03.2021 · № 86
- КР БШК 2021-жылдын 22-марты № 87 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 12 "макул", жетекчиси - Ж.Б.Макеева)"Постановление · 22.03.2021 · № 87
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 8-апрели № 109 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик…Постановление · 08.04.2021 · № 109
- Решение Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 6 апреля 2021 года № 49 "О заявлении руководителя группы агитации «против» Карасартовой Р.Р. в отношении…Решение · 06.04.2021 · № 49
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111452/st-23" title="23-берене - Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>