Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР БШК «2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 3 „макул“, жетекчиси - Исмаилов Ф.Д.)» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 18-марты № 74
2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 3 "макул", жетекчиси - Исмаилов Ф.Д.)
2021-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясына курамы 14 адам, жетекчиси Исмаилов Ф.Д. башында турган "макул" тобунан каттоо үчүн сунуштама (кириш № 01-12/828) келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алып, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоону жана ишке ашыруусун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумда (бүткүл элдик добуш берүүгө) 3-катар номери менен курамы 14 адамдан, жетекчиси Исмаилов Фархат Даткабаевич башында турган "макул" тобу катталсын. Топтун мүчөлөрүнүн тизмеси тиркелет.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетеrчиси А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 18-мартындагы № 74 токтомунун тиркемеси
№ 3 "макул" тобунун мүчөлөрүнүн ТИЗМЕСИ
№
ФАА
Туулган датасы
1
Исмаилов Фархат Даткабаевич (жетекчиси)
16.05.1983
2
Абдыкалыков Мыктыбек Барчинбекович
07.01.1999
3
Азимжанов Эрнист Нурланбекович
21.07.1991
4
Аширалиев Асан Абдулазизович
21.06.1989
5
Бекболсун кызы Айсулуу
12.07.1998
6
Жолонов Чынгызтөрө Алайбекович
01.01.1989
7
Жумашов Алмаз Камбаралыевич
26.08.1989
8
Жыргалбек уулу Азамат
01.11.2001
9
Исмаилов Эрлан Мурзалиевич
09.04.1994
10
Мырзабеков Медеткан Эркинович
19.08.1992
11
Нажиев Шахсултан Орозмахаматович
30.08.1997
12
Сатвалдиева Муслимахон Абдулмажитовна
26.07.1992
13
Үсөнова Мээримбу Мамытовна
24.10.2001
14
Юсупов Рахматулло Анваржанович
02.07.1999
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндөЗакон · 31.10.2016 · № 173 · Күчүн жоготкон