Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР БШК «2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 9 „макул“, жетекчиси - А.Т.Байматов)» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 19-марты № 83
2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 9 "макул", жетекчиси - А.Т.Байматов)
2021-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясына курамы 13 адам, жетекчиси А.Т.Байматов башында турган "макул" тобунан каттоо үчүн сунуштама (кириш № 01-14/854) келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алып, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоону жана ишке ашыруусун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумда (бүткүл элдик добуш берүүгө) 9-катар номери менен курамы 13 адамдан, жетекчиси Байматов Азамат Тарзанович башында турган "макул" тобу катталсын. Топтун мүчөлөрүнүн тизмеси тиркелет.
2. № 9 "макул" үгүт топтун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Курманбекова Перизат Курманбековна катталсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-мартындагы № 83 токтомунун тиркемеси
№ 9 "макул" тобунун мүчөлөрүнүн ТИЗМЕСИ
№
ФИО
Туулган күнү
1
Байматов Азамат Тарзанович (жетекчиси)
28.06.1983
2
Ажибеков Эржан Ажибекович
19.10.1991
3.
Алтынбеков Улукбек Алтынбекович
15.02.1993
4
Джакыпбеков Бекболот Казакович
26.06.1982
5
Джумабеков Самат Сыргыкбекович
19.09.1988
6
Жузупаев Аскар Ашыралиевич
22.05.1991
7
Качкеева Нуриза Муктаалиевна
05.09.1983
8
Мирбеков Нурлан Мирбекович
08.02.1993
9
Мусаканова Самара Асановна
29.03.1982
10
Молдали уулу Нурдоолот
13.09.1991
11
Надырбеков Эламан Надырбекович
04.10.1993
12
Озорбаев Медербек Эмилбекович
23.08.1991
13
Усон уулу Абдулмажит
02.04.1993
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндөЗакон · 31.10.2016 · № 173 · Күчүн жоготкон