Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР БШК «Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 19-марты № 84 Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө 2021-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясына курамы 10 адам, жетекчиси Шабдан у. Ч. башында турган "каршы" тобунан каттоо үчүн сунуштама (кириш № 01-12/846) келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алып, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоону жана ишке ашыруусун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумда (бүткүл элдик добуш берүүгө) 3-катар номери менен курамы 10 адамдан, жетекчиси Шабдан уулу Чынарбек башында турган "каршы" тобу катталсын. Топтун мүчөлөрүнүн тизмеси тиркелет.
2. № 3 "каршы" үгүт топтун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Курманкожоев Султанбек Садырович катталсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-мартындагы № 84 токтомунун тиркемеси
№ 3 "каршы" тобунун мүчөлөрүнүн ТИЗМЕСИ
№
ФАА
Туулган датасы
1
Шабдан уулу Чынарбек (жетекчиси)
28.03.1992
2
Абдыисаева Бегимай Алымбековна
02.02.1995
3
Жаныкулова Салтанат Шабдановна
26.05.1982
4
Жолдошева Нуркан Мавланбековна
26.04.1999
5
Курманкожоев Султанбек Садырович
02.12.1978
6
Кайыпов Эржан Сулайманович
28.10.1986
7
Казакбаев Урматбек Абдыбекович
19.04.1986
8
Муканбетов Жалиль Жанарбекович
27.04.1994
9
Сыдыгалиева Нурайым Жанибековна
14.11.1987
10
Эрдоолатов Мээрбек Мухтарович
26.07.1978
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндөЗакон · 31.10.2016 · № 173 · Күчүн жоготкон