Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР ЦИК «2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 4 „макул“, жетекчиси - Т.Абдумаликов)» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 19-марты № 78
2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 4 "макул", жетекчиси - Т.Абдумаликов)
2021-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясына курамы 12 адам, жетекчиси Т.Абдумаликов башында турган "макул" тобунан каттоо үчүн сунуштама (кириш № 01-14/849) келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алып, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоону жана ишке ашыруусун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумда (бүткүл элдик добуш берүүгө) 4-катар номери менен курамы 12 адамдан, жетекчиси Абдумаликов Туголбай башында турган "макул" тобу катталсын. Топтун мүчөлөрүнүн тизмеси тиркелет.
2. № 4 "макул" үгүт топтун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Мекенова Айзирек Максатбековна катталсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-мартындагы № 78 токтомунун тиркемеси
№ 4 "макул" тобунун мүчөлөрүнүн ТИЗМЕСИ
№
ФАА
Туулган датасы
1
Абдумаликов Туголбай (жетекчиси)
10.02.1988
2
Абдипаттаев Тимурлан Маматибраимович
15.01.1983
3
Аташбаев Нурмухаммед Аташбаевич
28.02.1994
4
Анарбаева Айтурган Гуламжановна
17.03.1994
5
Абидинова Аида Абдилатиповна
03.07.1983
6
Акимбай кызы Гульмира
12.02.1992
7
Асанбекова Джамиля Жекшеналиевна
16.03.1974
8
Жолдошов Жакшылык Ибраимович
18.06.1988
9
Жоодарбек уулу Нургазы
07.09.1994
10
Мекенова Айзирек Максатбековна
10.01.2001
11
Назаров Бектурган Сабиржанович
03.03.1994
12
Парпиев Мухамедажы Мухамадсалыевич
13.03.1995
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндөЗакон · 31.10.2016 · № 173 · Күчүн жоготкон