КР БШК «2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 2 „каршы“, жетекчиси - Сооронкулова К.С.)» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 18-марты № 76
2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 2 "каршы", жетекчиси - Сооронкулова К.С.)
2021-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясына курамы 13 адам, жетекчиси Сооронкулова К.С. башында турган "каршы" тобунан каттоо үчүн сунуштама (кириш № 01-12/824) келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алып, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоону жана ишке ашыруусун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумда (бүткүл элдик добуш берүүгө) 2-катар номери менен курамы 13 адамдан, жетекчиси Сооронкулова Клара Сыргабековна башында турган "каршы" тобу катталсын. Топтун мүчөлөрүнүн тизмеси тиркелет.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 18-мартындагы № 76 токтомунун тиркемеси
№ 2 "каршы" тобунун мүчөлөрүнүн ТИЗМЕСИ
№
ФАА
Туулган датасы
1
Сооронкулова Клара Сыргакбековна (жетекчиси)
18.03.1969
2
Айтбаева Айсулу Жолдошбековна
17.10.1992
3
Алымбаева Аида Бирликовна
30.09.1974
4
Карасартова Салтанат Рахмановна
26.05.1987
5
Каримова Акылай Абдыгуламовна
29.06.1988
6
Качиева Жибек Анаркуловна
06.02.1982
7
Кельдибекова Лейла Пархатовна
24.10.1978
8
Мамасалиева Гульгакы Эшмаматовна
09.05.1971
9
Октяброва Нуржайна Улукбековна
14.05.1999
10
Омуркул уулу Улан
04.08.1975
11
Таалайбек уулу Майрамбек
09.11.1998
12
Тологонов Мелис Зарлыкович
09.11.1961
13
Эшимбеков Нуркан Кадыржанович
09.05.1971
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндөЗакон · 31.10.2016 · № 173 · Күчүн жоготкон