Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин «Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ДЕПАРТАМЕНТИ БУЙРУК 2017-жылдын 11-октябры № 140-б Мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн жүрүшүндө сатып алуучу уюмдардын аракетине даттанууларды кароо жана ишенимсиз ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалымат базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө жобосун бекитүү тууралуу (КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б, 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйруктарынын редакцияларына ылайык) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 49-беренелерине ылайык, даттанууларды жана нааразылыктарды кароонун жол-жоболорун жакшыртуу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомуна ылайык мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн жүрүшүндө ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Тиркелген, Мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн жүрүшүндө сатып алуучу уюмдардын аракетине даттанууларды кароо жана ишенимсиз ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалымат базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө укуктук ченемдик актыларды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы № 175-б буйругунун 1-пунктундагы 6-абзац күчүн жоготсун.
2-1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2016-жылдын 15-мартындагы № 1-ДП буйругу менен бекитилген, "Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссияга, комиссиянын жаңы курамы түзүлгөнгө чейин даттанууларды жана нааразылыктарды кароо боюнча ишти ишке ашыруу ыйгарым укугу берилсин. (КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Иш кагаздарын жүргүзүү жана электрондук документ жүгүртүү бөлүмү ушул буйрукту белгиленген тартипте каттоо жүргүзсүн (Исраилова А.О.).
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти (Даникеев У.О.):
- бул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде "Эркин-Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяласын;
- бул буйрукту расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- бул буйруктун көчүрмөсүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн.
5. Коомчулук менен байланышуу сектору ушул буйрук каттоодон өткөн күндөн тартып үч жумуш күн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына жарыялоону камсыздасын (Туголбаева Г.Т.).
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары А.К.Азимовго жүктөлсүн.
7. Ушул Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин буйругу расмий жарыяланган күндөн тартып он беш жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 13-октябрында № 110 жарыяланды
Министр
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (10)
- КР финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы № 175-б "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө укуктук ченемдик актыларды бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 14.10.2015 · № 175-п
- (Утверждено приказом Министерства финансов Кыргызской Республики от «11» октября 2017 года № 140-П) "Положение о порядке работы независимой межведомственной комиссии по…Положение · 11.10.2017 · № 140-п
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 400-б "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун (Экономикалык башкаруу…Распоряжение · 13.11.2018 · № 400-б
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-б “Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн…Приказ · 30.03.2020 · № 42-П
- Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин 2020-жылдын 30-марты № 42-п “Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн…Приказ · 30.03.2020 · № 42-п
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2019-жылдын 14-январындагы № 3 “Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиясын түзүү…Приказ · 14.01.2019 · № 3
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрилиги 2018-жылдын 28-майындагы № 2-ДП "Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиясын түзүү…Приказ · 28.05.2018 · № 2-ДП · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигин 2022-жылдын 17-майындагы № 85-Б "Электрондук мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 17.05.2022 · № 85-П · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-б "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 11-октябрындагы "Даттанууларды жана…Приказ · 06.02.2018 · № 19-б · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- КР финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы № 175-б "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө укуктук ченемдик актыларды бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 14.10.2015 · № 175-п
- КР Финансы министрлигинин 2016-жылдын 15-мартындагы № 1-дп "Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө ишенимсиз (ак…Приказ · 15.03.2016 · № 1
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.