Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
26-берене. Конкурстук табыштамаларды кепилдик камсыз кылуу
Күчүн жоготкон · 29.11.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8
1. Аудитордук кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну кошпогондо, аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык, сатып алуучу уюм сатып алуу предметинин пландалган суммасынын 2 пайызынан ашпаган конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуунун өлчөмүн белгилейт. Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылууну колдонуу мөөнөтү конкурстук табыштаманын колдонуу мөөнөтү менен дал келүүгө тийиш.
Даттанууну кароо мезгилинде конкурстук табыштаманын колдонулушунун мөөнөтү токтотула турат жана даттанууну кароо күндөрүнүн санына өзүнөн-өзү узартылат.
2. Конкурстук табыштаманы берүүдө берүүчү (подрядчы) конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылууну сатып алуучу уюмдун конкурстук документациясында каралган өлчөмдө жана формада киргизүүгө тийиш.
3. Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу акчалай каражат, облигациялар, банк кепилдиктеринин депозиттери, көрсөтүүчүгө депозиттик сертификаттар түрүндө болушу мүмкүн.
4. Конкурстук табыштамаларды кепилдик камсыз кылуу төмөнкүдөй учурларда үч жумуш күндөн кечиктирилбестен кайтарылып берилет:
1) конкурстук табыштаманын конкурстук документацияда көрсөтүлгөн колдонулуу мөөнөтү бүткөндө;
2) эгерде конкурстук документацияда мындай кепилдик камсыз кылууну берүү каралса, мамлекеттик сатып алуу келишими түзүлгөндө жана бул келишимди аткаруу кепилденип камсыз кылынганда;
3) конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин конкурстук табыштама кайра артка алынганда;
4) сатып алуулардын жол-жоболору мамлекеттик сатып алуу келишими түзүлбөстөн токтотулганда;
5) ушул берененин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык.
5. Сатып алуучу уюм конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылууну төмөнкүдөй учурларда гана кармап калат:
1) эгерде мындай баш тартуу өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режимин киргизүү менен байланыштуу болгон учурларды кошпогондо, сатып алуу жөнүндө кулактандыруу мындай режимдер киргизилгенге чейин жарыяланган шартта, жеңүүчү өз конкурстук табыштамасында каралган шарттарда келишимге кол коюудан баш тартканда;
2) келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылууну берүүдөн баш тартканда;
3) конкурстук табыштаманы ачкандан кийин жана анын колдонулуу мөөнөтү бүткөнгө чейин ал кайра артка алынганда;
4) конкурстук табыштаманын шарттары конкурстук табыштама бар конверттер ачылгандан кийин өзгөртүлгөндө.
6. Сатып алуучу уюм конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу жөнүндө талаптын ордуна берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) конкурстук табыштаманы кепилдеген декларацияга кол коюусу жөнүндө талапты белгилей алат. Берүүчүлөр (подрядчылар) бул декларацияны бузганда, сатып алуучу уюм аларды ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалыматтар базасына киргизүү жөнүндө сунушту демилгелейт.
(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4, 2019-жылдын 26-июнундагы № 76, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 июня 2019 года № 76 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
- ЗАКОН КР от 11 января 2019 года N 4 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
18.12.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кылуу
1. Аудитордук кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну кошпогондо, алынып салынды: сатып алуучу уюм аудиттин эл аралык стандарттарына алынып салынды: ылайык кошулду: ылайык, сатып алынып салынды: алуулардын кошулду: алуучу уюм сатып алуу предметинин пландалган суммасынын 2 пайызынан ашпаган конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуунун өлчөмүн белгилейт. кошулду: Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылууну колдонуу мөөнөтү конкурстук табыштаманын колдонуу мөөнөтү менен дал келүүгө тийиш.
Даттанууну кароо мезгилинде конкурстук табыштаманын колдонулушунун … алуулардын жол-жоболору мамлекеттик сатып алуу келишими түзүлбөстөн алынып салынды: токтотулганда.
кошулду: токтотулганда;
5) ушул берененин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык.
5. Сатып алуучу уюм конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылууну төмөнкүдөй учурларда гана кармап калат:
1) кошулду: эгерде мындай баш тартуу өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режимин киргизүү менен байланыштуу болгон учурларды кошпогондо, сатып алуу жөнүндө кулактандыруу мындай режимдер киргизилгенге чейин жарыяланган шартта, жеңүүчү өз конкурстук табыштамасында каралган шарттарда келишимге кол … (подрядчылар) бул декларацияны бузганда, сатып алуучу уюм аларды кошулду: ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) алынып салынды: дайындар кошулду: жана консультанттардын маалыматтар базасына киргизүү алынып салынды: жөнүндөгү кошулду: жөнүндө сунушту демилгелейт.
(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4, 2019-жылдын 26-июнундагы № алынып салынды: 76 кошулду: 76, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 22-августундагы № 112-б буйругу менен бекитилди) "Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурсту жүргүзүүнүн ТАРТИБИ"Порядок · 22.08.2017 · № 112-п
- Сатып алуучу уюмдун сатып алуулар бөлүмү жана тендердик комиссиясы жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 330 токтому менен бекитилген)Положение · 17.06.2011 · № 330 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-февралындагы № 74 "Товарларды чектелбеген, чектелген жана эки этаптуу тоорук ыкмасы менен сатып алууга стандарттуу тендердик документтерди…Постановление · 25.02.2011 · № 74 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111125/st-26" title="26-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>