Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-берене. Кызыкчылыктардын кагылышы
Күчүн жоготкон · 29.11.2021 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8
1. Мамлекеттик, муниципалдык кызматчыларга жана сатып алуучу уюмдардын кызматкерлерине жана конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө төмөндөгүлөргө тыюу салынат:
1) мамлекеттик сатып алуулардагы чечимге карата сатып алуулардын кайсы болбосун тарабынын кызыкчылыктарында кандайдыр бир таасир көрсөтүүгө;
2) ушул Мыйзамда жөнгө салынуучу сатып алууларда берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар катары катышууга же аффилирленген жак катары алар менен бирге болууга;
3) (КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Сатып алуучу уюмдардын кызматкерлери же конкурстук комиссиянын мүчөлөрү ушул бөлүктүн жоболорун бузган учурда алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат, ал эми сатып алуулардын жол-жоболору токтотула турат же болбосо сатып алуучу уюмдун же соттун чечими боюнча токтотулат.
2. Жактар сатып алуу жол-жоболору менен байланышкан милдеттерди аткара албайт, эгерде алар:
1) сатып алуулардын жыйынтыгына жеке кызыкчылыгы бар болсо (анын ичинде конкурска катышууга табыштамаларын берген жеке жактар);
2) конкурска катышууга табыштамаларын берген берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) же консультанттардын кызматкерлери, же болбосо берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар аларга таасир көрсөтүүгө жөндөмдүү жеке жактар (анын ичинде берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) же болбосо консультанттардын катышуучулары (акционерлери), алардын башкаруу органдарынын кызматкерлери жана берүүчүлөрдүн (подрядчылардын), консультанттардын кредиторлору болуп саналган жеке жактар болуп саналса.
3. Эгерде берүүчүнүн уюштуруучусу (уюштуруучулары) же жетекчиси (жетекчилери) ошол эле конкурска катышкан башка берүүчүнүн (подрядчынын) уюштуруучусу (уюштуруучулары), жетекчиси (жетекчилери) болсо, сатып алуучу уюм берүүчү (подрядчы) менен сатып алуулар жөнүндө келишимди же алкактык макулдашууну түзө албайт.
4. Сатып алуучу уюм түзүүчүлөрү жана (же) катышуучулары саясый мамлекеттик, саясый муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдар жана алардын жакын туугандары болуп саналган берүүчү (подрядчы) менен сатып алуулар жөнүндө келишимди же алкактык макулдашууну түзө албайт.
Сатып алуучу уюм берүүчүдөн (подрядчыдан) саясый мамлекеттик, саясый муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдар жана алардын жакын туугандары менен аффилирленгендиги жок экендиги тууралуу жазуу жүзүндөгү ырастоону талап кылууга укуктуу.
5. Кызматкери адистешмелерди же конкурстук документацияны даярдоого жооптуу болгон берүүчү (подрядчы) менен, же болбосо акыркы эки жылда бул сатып алуучу уюмдун кызматчысы болгон берүүчү (подрядчы) менен сатып алуучу уюм сатып алуулар жөнүндө келишимди же алкактык макулдашууну түзө албайт.
6. Конкурстун бардык катышуучулары мамлекеттик сатып алуулар процессинде жана сатып алуулар жөнүндө келишимди аткарууда жүрүм-турум этикасынын негизги принциптерин сактоого тийиш. Катышуучулар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде көрсөтүлгөн коррупция, алдамчылык, убадалашып алуу жана мажбурлоо сыяктуу укукка каршы аракеттерге аралашпоосу керек.
7. Сатып алуучу уюм туунду чарбалык коом болуп саналган, же болбосо товарларды сатып алууда техникалык өзгөчөлүктөрдү иштеп чыгуу, жумуштарды сатып алууда кемчилик актысын түзүү, долбоордук-сметалык документацияны иштеп чыгуу менен байланышкан консультациялык кызматтарды көрсөтүү жана кызматтар менен консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда техникалык тапшырманы түзүү үчүн жалданып алынган биргелешкен кызматкерлери бар берүүчү (подрядчы), консультант менен сатып алуулар жөнүндө келишим же алкактык макулдашуу түзө албайт.
8. Сатып алуучу уюм ушул берененин 1-7-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн фактыларды айкындаган учурда мындай берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) конкурстук табыштамалары четке кагылууга жатат.
9. Ушул беренеге ылайык конкурстук табыштамаларды четке кагуу же болбосо конкурсту жокко чыгаруу жана мунун себептери сатып алуулар жол-жоболорунун протоколунда чагылдырылат.
(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4, 2019-жылдын 26-июнундагы № 76, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 июня 2019 года № 76 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
- ЗАКОН КР от 11 января 2019 года N 4 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары алкоголдук жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу Тартиби…Порядок · 21.09.2015 · № 655
- Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин 2020-жылдын 30-марты № 42-п “Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн…Приказ · 30.03.2020 · № 42-п
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-б “Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн…Приказ · 30.03.2020 · № 42-П
- Сатып алуучу уюмдун сатып алуулар бөлүмү жана тендердик комиссиясы жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 330 токтому менен бекитилген)Положение · 17.06.2011 · № 330 · Күчүн жоготкон
- Ишенимсиз (ак ниетсиз) жабдуучулар (подрядчылар) тууралуу маалыматтык база түзүү жана аны колдонуу процедуралары жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын…Положение · 31.05.2011 · № 267 · Күчүн жоготкон
- "Жумуштарды бир этаптуу, эки этаптуу, жөнөкөйлөтүлгөн усулдары аркылуу сатып алууга СТАНДАРТТУУ КОНКУРСТУК ДОКУМЕНТТЕР" (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын…Стандарт · 14.10.2015 · № 175-б · Күчүн жоготкон
- "Кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү бир этаптуу, эки этаптуу, жѳнѳкѳйлѳтүлгѳн усулдары жана бааны тѳмѳндѳтүү усулу аркылуу сатып алууга СТАНДАРТТУУ КОНКУРСТУК ДОКУМЕНТТЕР" (Кыргыз…Стандарт · 14.10.2015 · № 175-п · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 267 "Ишенимсиз (ак ниетсиз) жабдуучулар (подрядчылар) тууралуу маалыматтык база түзүү жана аны колдонуу процедуралары жөнүндө жобону…Постановление · 31.05.2011 · № 267 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (2)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 11.01.2019 · № 4 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111125/st-6" title="6-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>