44-берене. Техникалык сунуштарды баалоо
Күчүн жоготкон · 29.11.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27.
1. Сатып алуучу уюм консультанттардын техникалык сунуштарын конкурстук документация да көрсөтүлгөн төмөнкүдөй критерийлердин жана баллдардын негизинде баалайт:
1) консультанттын ушул жааттагы тажрыйбасы;
2) кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруунун сунуш кылынган усулунун сапаты;
3) сунуш кылынган негизги персоналдын квалификациясы;
4) билимдерди берүү;
5) консультанттардын негизги персоналынын курамында Кыргыз Республикасынын жарандарынын болуусу.
2. Сатып алуучу уюм ар бир сунушту квалификациялык талаптарга жана техникалык тапшырмага ылайык келиши жагынан баалайт. Табыштаманы баалоону конкурстук комиссия ишке ашырат, ал квалификациялык талаптарга жана техникалык тапшырмага ылайык келүүнү аныктайт жана тийиштүү баллды чыгарат.
3. Эгерде консультанттын сунушу конкурстук документацияда көрсөтүлгөн минималдуу өткөрмө баллды ала албаса, бул сунуш четке кагылат, бул консультанттардын финансылык сунуштары бар конверттер ачылбастан кайра кайтарылат.
4. Сатып алуучу уюм техникалык сунуштарды баалоонун натыйжалары жөнүндө баалоо отчетун түзөт.
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
44-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111125/st-44" title="44-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>