Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
47-1-берене. Квалификациясы боюнча тандоо
Күчүн жоготкон · 29.11.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27.
1. Квалификациясы боюнча тандоо төмөнкүлөрдү аткаруу зарылчылыгы пайда болгон учурда колдонулат:
1) консультанттардан талап кылынуучу так техникалык тапшырманы иштеп чыгуу жана материалдык-техникалык ресурстардын чыгымдалышын так аныктоо үчүн кыйын болгон татаал же тар адистештирилген тапшырмаларды;
2) андан ары иштетүү жагдайынан алганда олуттуу натыйжаларга алып келиши мүмкүн болгон жана квалификациялуу эксперттерди алуу максатын көздөгөн тапшырмаларды;
3) сунуштарды өз ара салыштыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган, ар кандай ыкмалар менен аткарылышы мүмкүн болгон тапшырмаларды.
2. Квалификациясы боюнча тандоо алкагында сатып алуучу уюм сунуш берүүгө чакыруу кагазында консультанттардан техникалык сунуштарды гана берүүнү (финансылык сунуштарсыз) же техникалык жана финансылык сунуштарды бир эле убакытта, бирок ар башка конверттерде берүүнү сурай алат.
3. Сунуш берүүгө чакыруу кагазында болжолдуу бюджет көрсөтүлбөйт, бирок негизги персонал үчүн күн мурунтан сарпталуучу убакыт эсеби көрсөтүлүшү мүмкүн, мында бул маалымат багыт берүү иретинде гана келтирилгени жана консультанттар өздөрүнүн эсептерин сунуш кылууга укуктуу экендиги айтылат.
4. Эгерде техникалык сунуштар гана суратылган болсо, техникалык сунуштарга баа берүү ушул Мыйзамдын 44-беренесине ылайык жүргүзүлөт жана сатып алуучу уюм техникалык сунушу эң жогорку баллга ээ болгон консультанттан толук финансылык сунуш берүүнү суранат, ушундан кийин сатып алуучу уюм менен консультант финансылык сунуш жана келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
5. Финансылык сунуш конверти эң жогорку баллы бар техникалык конверттин сунушунан кийин ачылат, ал эми калган сунуштар келишим түзүлгөндөн кийин ачылбастан кайра кайтарылууга тийиш.
6. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар келишим түзүү жөнүндө келише алышпаган учурда ушул Мыйзамдын 47-беренесинин 6-бөлүгү колдонулат.
(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111125/st-47-1" title="47-1-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>