47-берене. Сүйлөшүүлөр жана келишимди түзүү
Күчүн жоготкон · 29.11.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27.
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН КР от 11 января 2019 года N 4
1. Баалоо процесси аяктагандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде сатып алуучу уюм эң көп балл алган консультантты келишим түзүү үчүн сүйлөшүүлөргө чакырат.
2. Консультант менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө усулдарга, персоналга, кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөттөрүнө, сатып алуучу уюм берүүчү материалдык-техникалык ресурстарга жана келишимдин шарттарына тиешеси бар маселелер талкууланат. Консультациялык кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн консультанттарга төлөнүүчү сый акы жөнүндө маселе консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда талкууга алынбайт.
3. Сүйлөшүүлөр техникалык тапшырманын же келишимдин шарттарынын баштапкы вариантын олуттуу өзгөртүүгө алып келбөөгө тийиш, бул болсо алардын кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына, наркына жана баштапкы баалоонун маанисине таасир тийгизбөөсү үчүн керек. Техникалык тапшырманын акыркы варианты жана макулдашылган усулдары келишимдин бөлүгү болуп эсептелген милдеттер чөйрөсүнө киргизилет.
4. (КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Эгерде негизги персоналды алмаштыруу катары берилген персонал тажрыйбасы жана квалификациясы жагынан ылайык келбесе, сатып алуучу уюм консультантты дисквалификациялашы мүмкүн, ал эми тандоо процессинин өзү болсо чоңдугу боюнча экинчи рейтингге ээ болгон консультантты ишке тартуу менен улантылат же жаңы конкурс өткөрүлөт.
6. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар келишим түзүү жөнүндө келише албаган учурда, сатып алуучу уюм мындай сүйлөшүүлөрдү токтотот жана сүйлөшүүгө рейтингдин чоңдугу боюнча кийинки турган консультантты сүйлөшүүгө чакырат же консультанттарды кайрадан тандоону өткөрөт.
7. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жеңүүчү аныкталган күндөн тартып он календардык күндөн эрте эмес жана отуз календардык күндөн кеч эмес келишимге кол коюлат.
8. Сатып алуучу уюм түзүлгөн келишим жөнүндө маалыматты мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырууга тийиш.
(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 3-1-глава. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү тандоонун башка усулдары (Глава КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
47-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
- 44-берене. Сүйлөшүүлөр жана келишимди түзүү
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111125/st-47" title="47-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>