47-2-берене. Белгиленген бюджет шарттарында тандап алуу
Күчүн жоготкон · 29.11.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27.
1. Белгиленген бюджет шарттарында тандап алуу усулу так аныкталган тапшырма жана белгиленген бюджет болгон учурларда колдонулат.
2. Сунуш берүүгө чакыруу кагазында тапшырманын бюджети көрсөтүлөт, ал эми консультанттарга ар башка конверттерде бюджеттин чегинде техникалык жана финансылык сунуштарды берүү сунуш кылынат. Техникалык тапшырма абдан ойлонулган жана тапшырманы аткаруу үчүн бюджеттин жетиштүүлүгүн кепилдендирүүгө тийиш.
3. Бардык техникалык сунуштарды баалоо ушул Мыйзамдын 44-беренесине ылайык "сапатты баалоо" усулу боюнча жүргүзүлөт. Андан кийин финансылык сунуштар ачылат жана сунуштун баасы сунушталган бюджеттин чегинен ашып кеткен учурда сунуш четке кагылат.
4. Келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө техникалык сунуш боюнча эң жогорку балл берген консультант чакырылат.
(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
47-2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111125/st-47-2" title="47-2-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>