45-берене. Финансылык сунуштарды баалоо
Күчүн жоготкон · 29.11.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27.
1. Сатып алуучу уюм техникалык сунуштарды баалоонун жыйынтыктары жөнүндө кабарламаны бардык консультанттарга жиберет. Сунуштары минималдуу өткөрмө баллды алган консультанттарга финансылык сунуштар бар конверттерди ачуунун жол-жобосуна катышууга чакыруу жиберилет, мында анын мөөнөтү (ачуунун убактысы жана датасы) көрсөтүлөт, бул мөөнөт аталган кабардама жиберилген күндөн тартып кеминде 1 жума болот.
2. Финансылык сунуштар бар конверттер сатып алуучу уюмдун кабардамасында көрсөтүлгөн мөөнөттө жана белгилүү бир жерде, финансылык сунуштар бар конверттерди ачуу жол-жобосуна катышууну каалаган консультанттардын өкүлдөрүнүн катышуусунда, жалпыга жарыя ачылат.
3. Консультанттын аталышы жана дареги, техникалык сунушу жана конкурстук табыштамасынын баасы боюнча алган баллы жөнүндө маалымат угуза окулат, финансылык сунуштар бар конверттерди ачуунун протоколуна киргизилет жана финансылык сунуштар бар конверттерди ачкандан кийин бир күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырылат.
4. Сатып алуучу уюм финансылык сунуштардын толуктугуна жана анда арифметикалык каталардын жоктугуна текшерүү жүргүзөт, ал эми сунуштарды өз ара салыштыруу үчүн алардын наркы конкурстук документацияда көрсөтүлгөн бирдиктүү валютага которулат.
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
45-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111125/st-45" title="45-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>