29-берене. Конкурстук табыштамаларды баалоо жана салыштыруу, жеңүүчүнү аныктоо
Күчүн жоготкон · 29.11.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2019 года № 76
1. Конкурстук табыштамаларды баалоодо жана салыштырууда ушул Мыйзамга жана конкурстук документацияга ылайык келген жол-жоболор жана критерийлер гана колдонулат.
2. Сатып алуучу уюм конкурстук табыштамаларды баалоонун жана салыштыруунун жүрүшүндө берүүчүлөрдөн (подрядчылардан) конкурстук табыштамаларга түшүндүрмөнү сурата алат. Түшүндүрмө берүү жөнүндө бардык суроо-талаптар жана жооптор жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш. Конкурстук табыштаманын маңызын өзгөртүү максатындагы эч кандай суроо-талаптарга, сунуштарга, сүйлөшүүлөргө же уруксаттарга жол берилбейт. Конкурстук документациянын талаптарына жооп бербеген конкурстук табыштамага бул талаптарга ылайык келтирүү максатында өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. Конкурстук документацияга ылайык талап кылынган, жетишпеген документтерди конкурстун катышуучусунан суратууга тыюу салынат.
3. Сатып алуучу уюм берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациялык маалыматтарын конкурстук документацияда баяндалган квалификациялык талаптарга ылайык баалайт.
4. Эгерде конкурстук табыштамалардын баасы эки же андан ашык валюталарда көрсөтүлсө, анда бардык конкурстук табыштамалардын баалары конкурстук табыштамалары бар конверттерди ачкан күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютага кайра эсептелет.
5. Эгерде конкурстук документтерде баяндалган мүнөздөмөлөрдү, шарттарды жана башка талаптарды олуттуу өзгөртпөгөн же алардан олуттуу четтебеген анча болор-болбос дал келбестиктер бар болсо, сатып алуучу уюм аны талаптарга жооп берген табыштама катары карай алат.
Төмөнкүдөй четтөөлөр, эскертмелер жана жок маалыматтар же документтер олуттуу деп эсептелет:
- берүүнүн же жумуштардын предметине же көлөмүнө, же сапатына, же конкурстук документациянын талаптарын аткарууга олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн болгон;
- конкурстук документациянын жоболоруна карабастан сатып алуучу уюмдун келишимде каралган укуктарын же конкурска катышуучунун милдеттерин олуттуу өлчөмдө чектеши мүмкүн болгон;
- белгиленген талаптарга олуттуу өлчөмдө жооп берген табыштамаларды берген конкурстун башка катышуучуларын тең эмес шарттарга коюшу мүмкүн болгон.
6. Сатып алуучу уюм баа берүүнүн жүрүшүндө конкурстук табыштаманы төмөнкү учурларда четке кагат, эгерде:
1) бул конкурстук табыштаманы сунуштаган берүүчү (подрядчы) конкурстук документацияда белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бербесе;
2) берүүчүлөр (подрядчылар) табыштаманы кепилдеген декларацияга кол койбосо, же болбосо конкурстук табыштамага кепилдик камсыз кылууну бербесе (эгерде конкурстук документациянын шарты боюнча талап кылынса);
3) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) салыктар же мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана социалдык төлөмдөр боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздары бар болсо;
4) конкурстук табыштамада сунушталган техникалык параметрлер конкурстук документациянын техникалык өзгөчөлүктөрүнө туура келбесе;
5) бул конкурстук табыштама маңызы боюнча конкурстук документациянын талаптарына жооп бербесе.
7. Эгерде сатып алуучу уюм конкурстук табыштаманын баасы сатып алуу предметине карата ашкере төмөндөтүлгөнүн аныктаса жана конкурстук табыштама берген берүүчүнүн (подрядчынын) сатып алуулар жөнүндө келишимди аткарууга кудуреттүүлүгү шек туудурат деп аныктаса, сатып алуучу уюм берүүчүдөн (подрядчыдан) анын келишимди аткарууга кудуреттүүлүгү шек туудурган позициялар боюнча конкурстук табыштамага карата кең-кесири маалыматты берүүгө (жазуу жүзүндө) суроо-талап берген шартта, конкурстук табыштаманы четке кагат. Ушул беренеге ылайык сатып алуучу уюмдун конкурстук табыштаманы четке кагуу чечими, мындай чечимдин себептери сатып алуу жол-жоболорунун протоколуна киргизилет.
8. Конкурстук комиссия конкурстук документациянын төмөнкүдөй талаптарына маңызы боюнча жооп берген, жеңип чыккан конкурстук табыштаманы аныктайт:
1) эгерде баа бирден-бир критерий болуп саналса, берилген жеңилдиктерди эске алып эң төмөнкү баа менен;
2) эгерде конкурстук документацияда баа менен катар сапат критерийлери каралса, белгиленген критерийлерди эсепке алуу менен алда канча төмөн бааланган нарк менен.
9. Эгерде жүргүзүлгөн баа берүүнүн жыйынтыктары боюнча берүүчүлөр (подрядчылар) конкурстук документациянын талаптарына жооп берүүчү конкурстук табыштамаларды бирдей баалар жана шарттар менен сунуштаса, анда сатып алуучу уюм бирдей бааларды жана шарттарды сунуштаган берүүчүлөргө (подрядчыларга) мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына баштапкы сунушталган баанын өлчөмүнөн бааны төмөндөтүү (арзандатууну берүү) мүмкүнчүлүгү жөнүндө суроо-талап жөнөтөт. Негиздемеси менен эң төмөнкү бааны (эң көп арзандатууну) сунуш кылган берүүчүнүн (подрядчынын) табыштамасы жеңген конкурстук табыштама деп эсептелет.
Эгерде баа төмөндөтүлгөндөн (арзандатуу берилгенден) кийин берүүчүлөр (подрядчылар) бирдей сунуштарды (бааны, арзандатууну) беришсе, анда жеңүүчү мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы тарабынан капилет тандоо аркылуу (мамлекеттик сатып алуулар кагаз түрүндө болгон учурда, чүчүкулактын жардамы менен) аныкталат.
10. Эки пакеттүү ыкма учурунда конкурстук табыштамаларды баалоо эки этап менен жүргүзүлөт. Адегенде квалификациялык жана техникалык сунуштар (ачылбастан калуучу финансылык сунуштарды эсепке албастан) бааланат. Баалоо ушул берененин ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.
11. Квалификациялык жана техникалык сунуштарды баалоодон кийин, квалификациялык жана техникалык сунуштары конкурстук документацияга ылайык келген берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) финансылык сунуштары мамлекеттик сатып алуулар порталында ачылат. Конкурстук комиссия финансылык сунуштарды демпингдик баанын болушу жагынан баалайт.
12. Эгерде берүүчү (подрядчы) сунуштаган баа сатып алуунун пландалган суммасынан ашып кетсе, сатып алуучу уюм баа берүүнүн жүрүшүндө финансылык сунуштарды четке кагат.
13. Ушул Мыйзамдын 31-беренесинде көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, эки пакеттүү ыкма менен баалоонун натыйжалары боюнча конкурс болуп өттү деп эсептелет жана жокко чыгарылбайт.
(КР 2019-жылдын 26-июнундагы № 76, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 22-августундагы № 112-б буйругу менен бекитилди) "Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурсту жүргүзүүнүн ТАРТИБИ"Порядок · 22.08.2017 · № 112-п
- Ички берүүчүлөргө жана подрядчыларга жеңилдиктерди колдонуу боюнча методикалык нускама (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2021-жылдын “02” февраль №1-ДП буйругу менен…Инструкция · 02.02.2021 · № 1-ДП
- Сатып алуучу уюмдун сатып алуулар бөлүмү жана тендердик комиссиясы жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 330 токтому менен бекитилген)Положение · 17.06.2011 · № 330 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик электрондук сатып алууларды жана электрондук кайтарылуучу аукционду өткөрүүнүн эрежелери жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы №…Положение · 10.12.2012 · № 818 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111125/st-29" title="29-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>