Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 1 февраля 2016 года № 47 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-02-01.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 14-апрели № 231 Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-июнундагы № 405, 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 5762010-жылдын 25-мартындагы № 179, 19 ноября 2010 года № 292,2012-жылдын 21-июнундагы № 435 2012-жылдын 9-октябрындагы № 694, 2013-жылдын 21-январындагы № 21 2013-жылдын 1-июлундагы № 394, 2013-жылдын 26-сентябрындагы № 527 2013-жылдын 5-декабрындагы № 655, 2014- жылдын 11-январындагы №19, 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 199 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-декабрындагы № 724 "Кыргыз Республикасынын экономикасына дүйнөлүк финансылык кризистин кесепеттерин минималдаштыруу жана экономикалык өсүштүн темптерин сактоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ишаракеттер планынын 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекет акциялардын 51 проценттен кем эмесине ээлик кылган акционердик коомдор, мамлекеттик ишканалар, мамлекеттик мекемелер, фонддор жана бюджеттик уюмдар:
- керектөөгө жана сатып алуулардын ар жылкы планына жараша товарларды бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алууга заказдарды "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиркеме боюнча түздөн түз ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдө жайгаштырышсын жана иш жүзүндө жеткирген фактысы боюнча гана берилген продукция үчүн акы төлөшсүн;
- товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга конкурстук тооруктарды өткөрүүдө "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясына таянышсын.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 179, 2010-жылдын 19-ноябрындагы № 292 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги сатып алуучу уюмдардын товарларды ушул токтомго ылайык сатып алгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына ай сайын отчет берип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 179 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Тиркемеде көрсөтүлгөн ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн продукциясын контролдоо жана бааларын жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 179 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
И. Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 токтомуна тиркеме
Продукциясы бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алынууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын ишканаларынын ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-июнундагы № 405, 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 576, 19 ноября 2010 года № 292, 2012-жылдын 21-июнундагы № 435, 2012-жылдын 9-октябрындагы № 694 2013-жылдын 21-январындагы № 21, 2013-жылдын 1-июлундагы № 394 2013-жылдын 26-сентябрындагы № 527,2014- жылдын 11-январындагы №19, 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 199 токтомунун редакциясына ылайык)
№
Ишканалардын аталышы
Чыгарчу продукциясынын аталышы
1
OREMI-Тяжэлектромаш» ЖЧК
Чыңалуусу 6(10)/0,4кВ, кубаттуулугу 25, 40, 63, 100, 160, 250, 400, 630 кВА болгон ТМ (ТМГ) күчтүк май трансформаторлору; чыңалуусу 6(10)/04кВ, кубаттуулугу 25, 40, 63, 100, 160, 250, 400, 630 кВА комплекттүү трансформатордук көмөк чордондор; ТТ-63УЗ-50, 100, 150, 200, 300, 400 токтун трансформаторлору; кубаттуулугу 30 кВтка чейинки АГЭ чакан ГЭСи; А2К (А2КП) асинхрондуу кыймылдаткычтар; ИР, ИРМ сериясындагы чыңалуунун индукциялык регуляторлору; СД-16, 25, 40, 63, 160, 250, 400 дугостаторлору; СГВМ тибиндеги синхрондук генераторлор; жогорку жана төмөнкү чыңалуудагы коммутатордук аппараттар; ПР-01 УХЛ кыймылга келтирүүчү РЛНД-10/400 ажыраткычтары; РВ 250 (400) А туташтыргыч рубильниктер; электрдик башкаруу шкафтары (БШ); КСО; КРУН; түрдүү модификациядагы жарык-техникалык буюмдар; жылуулук электр станциялары үчүн от казан жабдуусу; электр, газ, суу эсептегичтери; 6-10 кВ чыңалуудагы, 25-630 кВА кубаттуулуктагы трансформаторлор үчүн комплекттөөчү жана запастык тетиктер (магнит өткөргүч, ором блоктору, бактар, изоляторлор, резина-техникалык буюмдар), 2000 кВт чейинки кубаттуулуктагы электр кыймылдаткычтары жана генераторлор үчүн комплекттөөчү жана запастык тетиктер (статор жана ротор үчүн секциялар, подшипник такталары, ротор үчүн валдар) товарларды жеткирип берүүнү коштоп жүрүүчү кызмат көрсөтүүлөрү менен (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 199 токтомуна ылайык)
2
"Кайыңды кабель заводу ААК
АВВГ; ВВГ;АПУНП маркасындагы, изоляциялуу жана челдүү күчтүк кабелдер; А; заводу"ААК АС маркасындагы кабелдер; А; заводу" ААК АС маркасындагы изоляцияланбаган өткөргүч зым; АПВ; ВПВ маркасындагы орноткуч өткөргүч зым; ВВ-1, ПВ-2, ПВ-3 маркасындагы ПХВден изоляциясы барорномто өткөргүч зымдар; АПБ маркасындагыоромо өткөргүч зым дар; ПЭТВ-2 маркасындагы эмалданган оромо өткөргүч зымдар; ПБ кагаз челдүү оромо өткөргүч зымдар; АППВ;ППВ маркасындагы жарык берүү үчүн өткөргүч; ПСД; ПСДГ; ПСДКТ маркасындагы айнек булалуу изоляциялуу оромо өткөргүч зымдар; ПЭЭА-155 эмалданган өткөргүч зым
3
"Майлуу-Суу лампа заводу" ЖчК"
ШС-Ю-Н, НС-10-0,4 штырлуу айнек изоляторлор; жалпы арналыштагы электр лампалар (ЛОН);энергияны үнөмдөө- чү чакан люминесцент лампалар (КЭЛЛ)
4
"Бишкек машина куруу заводу"
АЕ-2066 50-100А; АЕ-2066 125-160А төмөнкү вольттуу моделдеги автомат ААК өчүргүчтөр; көчөнү жарык кылуу үчүн энергияны үнөмдөөчү чырактар; ПМЕ-100 магниттүү иштеткичтер; ТРН-10, ТРН-25 жылуулук релелер; тароочу жана тытуучу машиналар (кол өнөрчүлүк үчүн)
5
"Электро- техника" ААК
Било
6
"Кыргыз камвол нооту комбинаты АК
Жүн жана жарымы жүн кездемелер; жарымы жүн жууркандар
7
"Лима-Фарм" ЖчК
Стерилдүү медициналык даки; стерилдүү медициналык бинт; стерилдүү медициналык кебез; даки маскалар жана таңуучу пакеттер; агартылган даки
8
"Кант ТШП ЖчК
Шифер
9
"Интергласс" ЖчК
Такта айнек
10
"Ак-Тилек" ААК
Жеке номерлүү бир жолку пластмасса пломбалар; бир фазалуу эсептегичтер үчүн каптоочтор; термопластик пластмассалардан жасалган, салмагы 500 г чейинки, аянты 600 см кв чейинки комплектөөчү бөлүктөр жана тетиктер (тулкулар, втулкалар, кронштейндер ж.б.)
11
"РезБи" ЖчК
Майга туруктуу, амортизациялуу, быдырлуу, тамак-аш үчүн желимдерден жасалган буюмдар: ар түрдүү кубаттуулуктагы трансформаторлорду оңдоо үчүн тыгыздагычтар, төшөөчтөр; ТМКШс техпластина; САМ 100, 150, 250 шакектер; произол (суу катуу агуучу лотоктордун туташкан жерлерине 0 20-60 мм изоляция)
12
"Кыргыз- быткомплект" ЖчК
Кирза өтүктөр
13
"Рharmaco Group" ЖАК
Дары-дармек препараттары
14
"Ала-Тоо Жаны Шанчен" ЖчК
CG-L-G.4 - CG-L-G.100 тибиндеги алдын ала төлөөчү смарт-карталары бар тиричиликтик жана өнөр жайлык газ эсептегичтер
15
"Насос завод" ЖчК
ПП-10, МТ-1 траверстер; М-8 бириктиргич муфта; М-8 бургуч; РПС-1/1 ПЛ-100А, 250А, 400А, 630А рубильниктер; ПН-100А, 250А, 400А сактагычтар; А25, А35, А50, А70 учтар; РЛНД үчүн комплект ламелдер; 100-630А жез губкалар; SL жазы кыпчыткычтар; ПС-2-1 типтеги туташтыргыч кыпчыткычтар; ПВЭС аппараттык кыпчыткычтар; ЭЦВ 6-6,3-125; ЭЦВ 6-10-80; ЭЦВ 10-63-65; ЭЦВ 10-63-110 тереңдик электр насостор; электрон эсептегичтер үчүн кутулар; суу чыгаргыч чоюн колонкалар жана өрт өчүргүч гидранттар; грейдерлик бычактар, талкалагыч балканын учу
16
"Айнур заводу" ААК
450А чейин аз кубаттуулуктагы трансформаторлор; 300 кг чейинки салмакты өлчөөчү приборлор; 10А чейин электрдик орноткуч буюмдар; 10А чейин тиричиликтеги электр узарткычтар; розеткалар, вилкалар, патрондор
17
"Алтын тамыр" ЖАК
Айыл чарба жаныбарлары үчүн вакциналар жана диагностикумдар: кутурмага каршы вакцина, шарпка каршы "А", "О" жана "Азия-1" тибиндеги моноваленттүү жана поливаленттүү вакциналар, койдун, эчкинин чечегине, кепшөөчү майда жаныбарлардын чумасына, бруцеллезго, күйдүргүгө каршы вакциналар, "А", "О" жана "Азия-1" тибиндеги штамм-өзгөчөлүктүү шарпка каршы антиген жана бруцеллездун антигени. "А", "О" жана "Азия-1" тибиндеги штамм-өзгөчөлүктүү шарпка каршы, гемолит сыворотка. Кургак комплемент
18
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 694 токтомуна ылайык күчүн жоготту
19
"Инструмен- тальщик" ЖчК
Энергетикалык жабдуу үчүн запас тетиктерди жасоо: тиштүү венецтер, кыймылга келтиргич шестерня, май насос, вал-шестерня, жүк көтөргүч тальдын барабаны жана өндүрүштүк процесстин башка технологиялык жабдыктары
20
"Болот" ЖчК
Көмүр майдалагыч жабдуу үчүн запас тетиктерди жасоо: - полдук брондун брусу, футеровка, броня
21
"Кара-Балта ремонттук- механикалык завод" ЖчК
Валиктердин бандажы, столдун брону
22
"Дастан" ТУК ААК
Энергетикалык жана көмүр тетиктерди жасоо: - майдалагыч жабдуулар үчүн запас тетиктер: било, било кармагычтар, салаалар
23
"Деона" ААК
Литье, било, брон устун
24
"Железобетон" ААК
35-50 кВт электр өткөргүч линиялар үчүн фундаменттер; бардык чыңалуулардагы подстанциялар үчүн курама темир-бетон; 04-35 кВт чыңалуудагы линиялар үчүн темир-бетон түркүктөр; курулуштук металл конструкциялар жана энергия компаниялары үчүн заказчынын чиймеси боюнча конструкциялар
25
"Автомаш- радиатор" ЖчК
МТЗ тракторлору (Беларусь); МТЗ тракторлорунун базасындагы экскаватор-бульдозерлер; эгин жана тоют жыйнай турган "Палессе" комбайндар; үрөн сепкичтер
26
"Медици- на-Юг" ЖчК
Жибектен, кетгуттан медициналык тигүүчү материалдар;
27
"Автожыйно- завод" ААК завод" ААК
А-КО-440-1, А-КО-440-2, А-КО-440-3 таштанды ташыгычтар; 4 жана 6 тонна жүк көтөрүмдүүлүктөгү трактор чиркегичтери; КАЗ-3507, КАЗ-3519 моделиндеги өзү түшүргүч автомобилдер;
28
"Волтэк Групп" ЖчК
"Бакувват", ТП 350-01 жана ТП 2800-02 тыгындап-пломбалоочу түзүлүш (ТПТ);
29
"Монтажник" ЖчК
Болоттон жасалган жука дубалдуу жеңил конструкциялардан (БЖЖК) курулган имараттар жана курулмалар
30
"BIGZER" Кыргызстандын спорттук товар өндүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы (АСТК)
Спорттук экипировка
30
"Вулкан" ЖчК
Базальттык өтө ичке булалардан (БӨИБ) даярдалган жылуулукту сактоочу холсттор
31
"Электросила" ЖчК
Чогултулган бир тараптуу тейлөө камералары - 10 кВ КСО тибиндеги; шаардык жана айылдык типтердеги (транзиттик жана тупиктик) подстанциялар - кубаттуулугу 25 кВАдан 2500 кВАга чейинки ГКТП жана КТП; КРУ тибиндеги комплекттүү бөлүштүрүүчү түзүлүштөр - 10 кВ; ЩО сериясындагы бөлүштүрүүчү щиттердин панелдери
32
"Дан" МИси (Чүй облусу) "Ак-Суу - Дан-Азык" ААКы (Чүй облусу) "Бишкекун- комбинат" ААКы (Чүй облусу) "Кант - Дан-Азык" ААКы (Чүй облусу) "Буудай-Токмок" ААКы (Чүй облусу) "Алтын-Дан" ААКы (Ысык-Көл облусу) "Талас - Дан-Азык" ААКы (Талас облусу) "Кара-Суу - Дан-Азык" АКы (Ош облусу) "Дан" АКы (Баткен облусу) "Азрат-Айыб" ААКы (Жалал-Абад облусу) "Алтын-Дан" ААКы (Нарын облусу)
Мамлекеттик материалдык резервдин азык-түлүк буудайынын данынан иштетилген биринчи жана экинчи сорттогу буудай уну
33
"Гарант Премиум" ЖчК
Нефти продуктулар - мазут, дизелдик отун
34
"Учкун" ААК
Мамлекеттик маанидеги документтер
35
Сергеев ЖИси
Гальваникалык капталган, эритинди куймадан жасалган спорттук атрибутикасы бар медалдар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр
Н. Айтмурзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 15 · цитата келтиргендер: 18 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (18)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-июлундагы № 388-б (Машинатрактордук станциясы түзү боюнча) буйругуРаспоряжение · 17.07.2009 · № 388-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-сентябрындагы № 496-б (Машиналык-трактордук станцияларды тузүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 04.09.2009 · № 496-р
- Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-декабрындагы № 01-01/60 "Т.Азизовдун маалыматы жөнүндө" токтомуПостановление · 03.12.2013 · № 01-01/60
- КР 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 01.02.2016 · № 47
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217 " 2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчету жөнүндө "…Постановление · 30.04.2013 · № 217 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 1 февралындагы № 47 токтомуПостановление · 01.02.2016 · № 47
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу…Постановление · 11.01.2014 · № 19 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 199 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу…Постановление · 03.04.2014 · № 199 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 655 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу…Постановление · 05.12.2013 · № 655 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-июнундагы № 405 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 24.06.2009 · № 405 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 179 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу…Постановление · 25.03.2010 · № 179 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-ноябрындагы № 292 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу…Постановление · 19.11.2010 · № 292 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9--октябрындагы № 694 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн…Постановление · 09.10.2012 · № 694 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 394 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу…Постановление · 01.07.2013 · № 394 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-сентябрындагы № 527 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып…Постановление · 26.09.2013 · № 527 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып…Постановление · 12.09.2009 · № 576 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-июнундагы № 435 «Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү…Постановление · 21.06.2012 · № 435 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 21-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги№ 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу…Постановление · 21.01.2013 · № 21 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (15)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-декабрынын №724 "Кыргыз Республикасынын экономикасына дүйнөлүк финансылык кризистин кесепеттерин минималдаштыруу жана экономикалык…Постановление · 26.12.2008 · № 724
- КР 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 01.02.2016 · № 47
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 199 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу…Постановление · 03.04.2014 · № 199 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9--октябрындагы № 694 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн…Постановление · 09.10.2012 · № 694 · Күчүн жоготкон
15 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон