Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Ички жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү жөнүндө» усулдук нускама
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 1 февраля 2016 года № 47 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-02-01.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-майындагы № 295 токтому менен бекитилген
Ички жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү жөнүндө УСУЛДУК НУСКАМА
1. Жалпы жоболор
2. Ата-мекендик өндүрүштүн товарлары үчүн жеңилдиктер
3. Ата мекендик подрядчылар үчүн жеңилдиктер
4. Тариздөө
1-тиркеме. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарлар менен ички жеткирип берүүчүлөргө 20%га чейин жеңилдиктер (сом менен) 2-тиркеме. Ички подрядчылардын жумуштарды аткаруусуна 10%га чейин жеңилдик (сом менен)
Ички жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү жөнүндө усулдук нускама (мындан ары - Усулдук нускама) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин ишке ашыруу максатында иштелип чыкты жана мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболоруна катышуучу ички жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүүнүн механизмин аныктайт. Усулдук нускама сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясы колдонушу үчүн арналган.
1. Жалпы жоболор
1. Сатып алуучу уюм тендердик билдирмелерди баалоодо чет өлкөдө өндүрүлгөн товарларга тендердик билдирмелерге караганда Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга сунуш кылынган бааларга 20 пайызга чейин жеңилдиктерди бере алат, ошондой эле жергиликтүү эмгек ресурстарын, жергиликтүү чийки заттарды жана материалдарды 30 пайыздан кем эмес пайдаланган шартта чет өлкөлүк фирмалардын сунуштарына караганда ички подрядчылардын жумуштарды аткаруу жөнүндө сунуштарына 10 пайызга чейин жеңилдиктерди бериши мүмкүн.
2. Жеңилдиктер колдонулган шартта тендердик документтерде жеңилдиктердин өлчөмү, ошондой эле катышуучулардын тендердик билдирмеге карата жеңилдиктерди колдонуунун алгылыктуулугун аныктоого мүмкүндүк берүүчү документтерди тапшыруусу жөнүндө талап камтылууга тийиш. Өндүрүүчүнүн же жеткирип берүүчүнүн/подрядчынын Кыргыз Республикасынын аймагында катталгандыгынын өзү мындай жеңилдиктерди алууга негиз болбойт.
3. Жеңилдиктерди берүүдө сатып алуучу уюм тендердик документтерде жеңилдиктердин өлчөмүн караштырууга жана боло турган тоорук жөнүндө кулактандырууларда ата мекендик өндүрүштүн товарларына же ички подрядчыларга жеңилдиктер берилээри жөнүндө маалыматты көрсөтүүгө тийиш. Жеңилдиктерди берүү жана жеңилдиктердин өлчөмү жөнүндө жасалган билдирүү кийин өзгөртүлүүгө тийиш эмес.
4. Эгерде Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде башка эрежелер белгиленсе, ички жеткирип берүүчүлөргө же подрядчыларга жеңилдиктерди берүүдө сатып алуучу уюм төмөндөгүлөрдү аныктоодо эл аралык келишимдин эрежелерине таянууга тийиш:
а) ички жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктер берилүүчү товардык жеткирип берүүнүн жана жумуштарды аткаруунун категориялары;
б) мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырганда ички жеткирип берүүчүлөргө же подрядчыларга "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1 жана 2-пункттарында каралган жеңилдиктерди берүүнүн жол-жоболору.
5. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитүүчү Тендерлик билдирмелерди баалоо боюнча нускамага ылайык жүргүзүлгөн, эң төмөнкү нарк менен бааланган тендердик билдирмелерди аныктоо боюнча баалоо этаптары өткөрүлгөндөн кийин гана жеңилдиктерди колдонуунун жол-жоболору жасалат.
6. Эгерде тендердик билдирмелерди баалоонун жүрүшүндө жеңилдиктерди колдонгонго чейин ички жеткирип берүүчү (подрядчы) аныкталса, анда мындай усулду колдонуунун зарылдыгы болбойт.
7. Эгерде тендердик билдирмелерди алдын ала баалоонун жүрүшүндө жеңүүчү болуп чет өлкөлүк компания аныкталса, анда ушул Усулдук нускаманын 3-пунктунун талаптарын аткарган шартта тендердик билдирмелерге акыркы баа берүү жана салыштыруу ушул Усулдук нускаманын 2 же 3-бөлүмдөрүнө ылайык ишке ашырылат.
8. Жеңилдиктерди берүү үчүн тендердик билдирмелерди салыштыруу тендерлик билдирмелерде сунушталган бааларды кароо стадиясында гана мүмкүн. Жеңилдиктерди колдонуунун жол-жобосу тендердик билдирменин жарактуулук мөөнөтүнүн чегинде колдонулууга тийиш.
2. Ата-мекендик өндүрүштүн товарлары үчүн жеңилдиктер
9. Тендердик документтерде төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
а) ички жеткирип берүүчүлөр үчүн - документтердин тизмеги, алар товардын чыгарылган жерин далилдөө үчүн берилүүгө тийиш;
б) чет өлкөлүк жеткирип берүүчүлөр үчүн - товардын СIРтин шарттарындагы баасы, б.а. чет өлкөлүк жеткирип берүүчү товарды белгиленген жерге ташып жеткирүү жана камсыздандыруу боюнча транспорттук чыгымдарды төлөйт (Инкотермс 2012 - тышкы соода жаатында кыйла кеңири пайдаланылуучу соода терминдерин чечмелөө боюнча эл аралык эреже).
10. Сатып алуучу уюм тендердик билдирмелерди баалоодо жана салыштырууда жеңилдиктерди колдонуунун төмөндөгүдөй усулун колдонууга тийиш.
1) салыштыруу максатында катышуучулардын тендердик билдирмелерин эки топко бөлүү зарыл:
а) А тобу: Кыргыз Республикасында чыгарылган товарларга тендердик билдирмелер;
б) Б тобу: чет өлкөлүк өндүрүштөн чыгарылган товарларга тендердик билдирмелер.
2) А тобундагы сунуштардагы товарларга баалар төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон бардык алымдарды жана салыктарды камтууга тийиш. Б тобунун сунуштарындагы товарлардын СIРтин шарттарына негизделген баасы, бул импортко төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон бажылык төлөмдөрдү жана башка салыктарды чыгарып салуу дегенди билдирет.
3) нарктык баасы эң төмөнкү тендердик билдирмени аныктоо үчүн биринчи этапта бардык тендердик билдирмелер өз тобунун ичинде салыштырылат. Мисалы А тобундагы тендердик билдирмелер (ата мекендик товарлар) жана Б тобундагы тендердик билдирмелер (чет өлкөлүк өндүрүштүн товарлары). Андан кийин ар бир топтогу нарктык баасы эң төмөнкү тендердик билдирмелер бири-бири менен салыштырылат. Эгерде салыштыруунун жыйынтыгында А тобундагы тендердик билдирме (ата мекендик товарлар) Б тобундагы тендердик билдирмеге (чет өлкөлүк өндүрүштөгү товарлар) караганда нарктык баасы төмөн болсо, А тобундагы тендердик билдирме (ата мекендик товарлар) жеңүүчү деп табылат, мындай учурда 1-тиркемеде көрсөтүлгөн аракеттерди колдонуунун зарылдыгы жок.
4) эгерде салыштыруунун жыйынтыгында Б тобундагы тендердик билдирме (чет өлкөлүк өндүрүштөгү товарлар) нарктык баасы эң төмөнкү болуп чыкса, А тобу менен андан ары салыштыруу максатында А тобундагы тендердик билдирменин баасы (ата мекендик товарлар) жеңилдиктин өлчөмүнүн 20 пайызына чейин азайтылат (1-тиркеме). Эгерде жеңилдикти колдонуунун жыйынтыгында А тобундагы тендердик билдирме (ата мекендик товарлар) Б тобундагы тендердик билдирмеге (чет өлкөлүк өндүрүштөгү товарлар) караганда нарктык баасы эң төмөн экени аныкталса, А тобундагы тендердик билдирме (ата мекендик товарлар) жеңүүчү деп табылат.
3. Ата мекендик подрядчылар үчүн жеңилдиктер
11. Тендердик билдирмелерди берүүдө ички подрядчылар жана чет өлкөлүк компаниялар Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык баага бардык салыктарды кошууга тийиш.
12. Жеңилдик алууга талапкер болгон ички подрядчы квалификациясын ырастоочу маалыматтын бөлүгү катары, каттоодон өткөн өлкөсү, кызматкерлеринин саны (жумушту аткарууга тартылышкан Кыргыз Республикасынын жарандарын, алардын квалификациясын көрсөтүү менен), жергиликтүү эмгек ресурстарынын жана 30 пайыз жергиликтүү чийки заттар менен материалдардын пайдаланылышын далилдөө үчүн пайдаланылуучу курулуш материалдардын чыккан жерин далилдөөчү документтерди тапшырууга тийиш.
13. Сатып алуучу уюм тендердик билдирмелерди баалоодо жана салыштырууда жеңилдиктерди колдонуунун төмөнкүдөй усулун колдонууга тийиш:
1) тендердик билдирмелер кабыл алынып жана каралгандан кийин талаптарга жооп берген тендердик арыздар төмөнкүдөй топтор боюнча классификацияланат:
а) А тобу: жеңилдиктерге укугу бар ички подрядчылар сунуштаган тендердик билдирмелер;
б) Б тобу: чет өлкөлүк подрядчылар сунуштаган тендердик билдирмелер;
2) нарктык баасы эң төмөнкү тендердик билдирмени аныктоо үчүн биринчи этапта бардык тендердик билдирмелер өзүнүн тобунда салыштырылат, мисалы, А тобундагы (ички подрядчылар) жана Б тобундагы (чет өлкөлүк подрядчылар) тендердик билдирмелер. Андан кийин ар бир топтогу нарктык баасы эң төмөнкү тендердик билдирмелер бири-бири менен салыштырылат. Эгерде салыштыруунун натыйжасында А тобундагы (ички подрядчылар) тендердик билдирме Б тобундагы (чет өлкөлүк подрядчылар) тендерлик билдирмеге караганда нарктык баасы эң төмөн экени аныкталса, А тобундагы (ички подрядчылар) тендердик билдирме жеңүүчү деп таанылат.
3) эгерде салыштыруунун натыйжасында Б тобундагы (чет өлкөлүк подрядчылар) тендердик билдирме А тобундагы (ички подрядчылар) тендердик билдирмеге караганда нарктык баасы төмөн болсо жеңилдиктин суммасы жеңилдиктин өлчөмүн А тобундагы сунуштун суммасына карата 10%га чейин көбөйтүү жолу менен аныкталат, андан кийин бул өлчөм А тобундагы тендердик билдирменин суммасынан чыгарып салынат (2-тиркеме). Эгерде мындай салыштыруудан кийин А тобундагы (ички подрядчылар) сунуштун баасы эң төмөн деп таанылса, анда бул сунуш тендердин жеңүүчүсү болуп таанылат.
4. Тариздөө
14. Тендердик билдирмелерди баалоонун жүрүшүндө сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясы сатып алуунун предметине жараша бул усулдун 1 же 2-тиркемесин толтурат, ага сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясынын толук курамы кол коет. Жеңилдиктерди эсепке алуу менен тендердик арыздарга берилген акыркы баа тендердик комиссиянын баалоо отчетунда көрсөтүлүүгө жана сатып алуучу уюмдун келишим түзүүгө сатып алуу маселесин тейлеген тийиштүү бөлүмүнө сунушталууга тийиш.
Ички жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү жөнүндө усулдук нускамага 1-тиркеме
Үлгү
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарлар менен ички жеткирип берүүчүлөргө 20%га чейин жеңилдиктер(1) (сом менен)
| № | Тендердин катышуучусу (а) | Жалпы баасы (б) | Жеңилдик- тер колдонул- боочу өзгөчө- лүктөр (в) | Оңдолгон жалпы сумма (г)=(б)-(в) | Ата мекен- дик өндү- рүшчү- лөргө жеңил- диктер (%) (д) | Жеңилдиктин баасы (е)=(г)*(д) | Салыштыруу- нун жалпы баасы (ж)=(г)-(е) |
|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | Ата мекендик өндүрүштүн товарларын сунуштаган тендердик билдирмелер, А тобу | 5500 | 1100 | (5500-1100) = 4400 | 20% | (4400*20%) = 880 | (4400-880) = 3520 |
| 2 | Чет өлкөлүк өндүрүштүн товарларын сунуштаган тендердик билдирмелер, Б тобу | 5000 | 1000 | (5000-1000) = 4000 | - | - | 4000 |
1. (а) графасында мамлекеттик тиешесин көрсөтүү менен тендердин катышуучусу көрсөтүлөт.
2. (б) графасында сунуштун жалпы баасы көрсөтүлөт.
3. (в) графасында Кыргыз Республикасынын аймагында алына турган бардык салыктардын суммасы көрсөтүлөт (сатуудан салык жана кошумча нарк салыгы, бажылык жыйымдар жана импортко башка салыктар).
4. (г) графасында бардык салыктардын суммасын чыгарып салгандан кийин сунуштун баасы көрсөтүлөт.
5. (д) графасында жеңилдиктин пайызы көрсөтүлөт.
6. (е) графасында чет өлкөлүк подрядчынын баасынан (д) жеңилдиктин баасы көрсөтүлөт.
7. (ж) графасында жеңилдикти эсепке алган баа көрсөтүлөт.
Тендердик комиссия жеңилдиктерди колдонуунун натыйжалары боюнча төмөнкүлөрдү аныктады: __________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ Тендердик комиссиянын курамы: ____________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн өзгөчө ой-пикири: ______________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Ички жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү жөнүндө усулдук нускамага 2-тиркеме
Үлгү
Ички подрядчылардын жумуштарды аткаруусуна 10%га чейин жеңилдик(2) (сом менен)
| № | Тендердин катышуучусу | Ата мекендик адистер- дин, эмгек ресурстар- ынын саны | Пайда- ланы- луучу жерги- ликтүү заттын жана мате- риал- дардын суммасы | Жалпы баа | Жеңил- диктин өлчөмү | Жеңилдиктин суммасы | Салыштыруу- нун жалпы баасы |
|---|---|---|---|---|---|---|---|
| (а) | (б) 1 | (б) 2 | (в) | (г) | (д)=(в)*(г) | (е)=(в)-(д) | |
| 1 | Ички подрядчынын тендердик билдирме (мисал) А тобу | 100% же 50% адистер - баары Кыргыз Республика- сынын жарандары | 350,0 | 5000 | 10% | (5000*10%) = 500 | (5000-500) = 4500 |
| 2 | Чет өлкөлүк подрядчынын тендердик билдирме Б тобу | - | - | 4800 | - | - | 4800 |
1. (а) графада мамлекеттик тиешесин көрсөтүү менен тендердин катышуучусу көрсөтүлөт.
2. (б) 1 графада жергиликтүү эмгек ресурстарынын саны көрсөтүлөт.
3. (б) 2 графада пайдаланылуучу жергиликтүү чийки заттын жана материалдардын суммалык туюнтулушу көрсөтүлөт.
4. (в) графада сунуштун жалпы суммасы көрсөтүлөт.
5. (г) графада жеңилдиктин пайызы көрсөтүлөт.
6. (д) графада жеңилдиктин суммасы көрсөтүлөт.
7. (е) графада тендердик билдирмелерди жеңилдикти эсепке алуу менен салыштыруунун баасы көрсөтүлөт.
Тендердик комиссия жеңилдиктерди колдонуунун натыйжалары боюнча төмөнкүлөрдү аныктады: __________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ Тендердик комиссиянын курамы: ____________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн өзгөчө ой-пикири: ______________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(1) 1-тиркемеде көрсөтүлгөн маалымат мисал катары гана берилген, бул графаларда жүргүзүлүп жаткан сатып алуулар боюнча тийиштүү маалымат көрсөтүлүүгө тийиш. (2) 2-тиркемеде көрсөтүлгөн маалымат мисал гана болот, бул графаларда өткөрүлүүчү сатып алуулар боюнча тийиштүү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 01.02.2016 · № 47
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 1 февралындагы № 47 токтомуПостановление · 01.02.2016 · № 47
Шилтеме берет (4)
- КР 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 01.02.2016 · № 47
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-майындагы № 295 "Ички жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү жөнүндө усулдук нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 28.05.2013 · № 295 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон