85-статья. Соттолгондорго карата колдонулуучу сыйлоо чаралары
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 13-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 июня 2017 года № 102
(1) Жакшы жүрүш-турушу, эмгекке, окууга ак ниет мамиле кылышы, өз демилгелүү органдардын ишине жана тарбиялык иш-чараларына активдүү катышкандыгы үчүн соттолгондорго карата төмөндөгүдөй сыйлоо чаралары:
1) алкыш жарыялоо;
2) грамота жана ардак грамота менен сыйлоо;
3) белек берүү;
4) сыйлык берүү;
5) кошумча аманат жөнөтүүнүн же берип жиберүүнү алууга уруксат берүү;
6) телефон аркылуу кошумча сүйлөшүүгө уруксат берүү;
7) кошумча түрдө кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү жолугушуу берүү;
8) тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга эң аз айлык эмгек акысынын төрттөн бирине чейинки суммадагы акчаларды кошумча чыгымдоого уруксат берүү;
9) мурда берилген жаза-чараны мөөнөтүнөн мурда алып салуу колдонулушу мүмкүн.
(2) Жазасын жалпы, күчөтүлгөн, катуу жана өзгөчө тартиптеги абактарда өтөп жаткан соттолгондор жазасынын мөөнөтүнүн 1/2 өтөлгөндөн кийин кармоонун жеңилдетилген шарттарына которулушу мүмкүн. Мында эң аз айлык акынын 10 пайызына чейинки суммадагы акчаларды кошумча чыгымдоого, жылына бир узак же бир кыска мөөнөттүү жолугушууга уруксат берилет. (3) Жазасын жатак-абактарда өтөп жаткан соттолгондорго карата дем алыш жана майрам күндөрүн, бирок административдик-аймактык бирдиктин (республикалык маанидеги шаарлар, райондор) чектеринде жатак-абактын чегинен тышкары жерде өткөрүүгө уруксат берүү түрүндөгү сыйлоо чарасы колдонулушу мүмкүн. (4) Жакшы мүнөздөлгөн соттолгондорго карата ушул Кодекстин 51-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралган чаралар да колдонулушу мүмкүн. (5) Өзүнүн оңолгонун далилдешкен соттолгондорго, ошондой эле жабырлануучу менен элдешкен жана келтирилген зыяндардын ордун толтургандарга карата соттолгонду шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу, жазанын өтөлө элек бөлүгүн жазанын бир кыйла жеңил түрүнө алмаштыруу жөнүндө өтүнүч козголот. (6) Соттолгондорго карата ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч козголушу мүмкүн. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2017-жылдын 14-июнундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
85-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 июня 2017 года № 102 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
14.06.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бөлүгүн жазанын бир кыйла жеңил түрүнө алмаштыруу жөнүндө өтүнүч алынып салынды: козголушу мүмкүн.
кошулду: козголот.
(6) Соттолгондорго карата ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч козголушу мүмкүн.
(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № алынып салынды: 91 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 91, 2017-жылдын 14-июнундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-85" title="85-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>