86-статья. Соттолгондорго карата сыйлоо чараларын колдонуунун тартиби
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 13-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Алкыш түрүндөгү сыйлоо чарасы оозеки же жазуу жүзүндө, ал эми калган сыйлоо чаралары жазуу жүзүндө гана колдонулат. (2) Соттолгондорго сыйлоо тартибинде жыл ичинде кошумча түрдө төрткө чейинки жөнөтүүлөрдү же берип жиберүүлөрдү алуута жана төрткө чейинки кыска мөөнөттүү же экиге чейинки узак мөөнөттүү жолугушууларды берүүгө уруксат берилиши мүмкүн. (3) Мурда берилген жаза-чараны мөөнөтүнөн мурда алып салуу түрүндөгү сыйлоого:
1) ушул Кодекстин 87 - статьясынын биринчи бөлүгүнүн биринчи жана экинчи пункттарында көрсөтүлгөн жаза - чаралары берилген күндөн тартып үч айдан кийин;
2) ушул Кодекстин 87-статьясынын биринчи бөлүгүнүн үчүнчү,төртүнчү жана бешинчи пункттарында көрсөтүлгөн жаза-чараларды өтөгөн күндөн тартып алты айдан кийин жол берилет.
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
86-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-86" title="86-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>