Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-03-03.
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 14-июну № 102 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2017-жылдын 4-майында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 69-статьясында:
а) 3-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) өзгөчө оор кылмыш жасаганы үчүн дайындалган жаза мөөнөтүнүн кеминде төрттөн үчүн;";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:
"(31) Мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу төмөнкү соттолгонго карата колдонулат:
1) эгерде мындай көз карандылык болсо, баңги жана (же) ууландыруучу заттарга көз карандылыктан, же болбосо кургак учук менен ооруса кургак учуктан дарылануу курсунан өткөндөргө;
2) кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын ордун толук толтургандан кийин.";
в) 7-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) соттолгон жаңы кылмыш жасаса жана сот мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууну жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарса, кайрадан мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу колдонулбайт.";
г) статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:
"(10) Эркиндигинен өмүр бою ажыратуу жазасын өтөп жаткан мезгилде жаңы кылмыш жасаган соттолгондор мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууга сунуш кылынбайт.".
2-берене. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 156-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 50-статьяда:
а) мамлекеттик тилдеги 2-бөлүгүндө:
бөлүк "үчүн" деген сөздөн кийин "төмөнкүлөргө которулушу мүмкүн" деген сөздөр менен толукталсын; 4-пунктунда "которулушу мүмкүн" деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-бөлүгүндө:
мамлекеттик тилдеги бөлүгү "Төмөндөгүлөр" деген сөздөн кийин "жатак-абакка которулбайт" деген сөздөр менен толукталсын;
в) мамлекеттик тилдеги 2-пунктунда "жатак-абакка которулбайт" деген сөздөр алып салынсын;
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-пункттар менен толукталсын: "7) эркиндигинен ажыратуу жайларында соттолгон уюшкан криминалдык топтордун мүчөлөрү, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу коомдоштуктун (кылмыштуу уюмдун), куралданган топтун (банданын) курамында кылмыш жасаганы үчүн соттолгондор;
8) эркиндигинен ажыратуу жайларынан же камактан качканы үчүн мурда соттолгондор.";
2) 85-статьянын 5-бөлүгүндө "козголушу мүмкүн" деген сөздөр "козголот" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 145-статьянын 11-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(11) Эгерде алар эркиндигинен ажыратуу жайларына мыйзамдарда каралган учурларда жөнөтүлсө, жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдар кайрадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга сунуш кылынбайт. Жазаны жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштырууну алып салуу жөнүндө токтом чыккан күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин адамдар кайрадан жазаны жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштырууга сунуш кылынышы мүмкүн.".
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 23-июнунда № 75 (2800) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской РеспубликиЗакон · 03.03.2023 · № 49
- Жазык-аткарууКодекс · 13.12.1999 · № 142 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской РеспубликиЗакон · 03.03.2023 · № 49
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Жазык-аткарууКодекс · 13.12.1999 · № 142 · Күчүн жоготкон