50-статья. Соттолгондордун түзөтүү мекемелеринин түрүн өзгөртүү
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 9-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 июня 2017 года № 102
(1) Жүрүш-турушуна жана эмгекке кылган мамилесине карата соттолгондор түзөтүү мекемесинен бир түрүнөн экинчи түрүнө которулушу мүмкүн. (2) Жакшы мүнөздөлгөн соттолгондор жазасын андан ары өтөө үчүн төмөнкүлөргө которулушу мүмкүн:
1) соттолгон адам соттун өкүмүндө белгиленген түрмөдө кармоонун кеминде жарымын өтөгөндөн кийин түрмөдөн-түзөтүү абагына;
2) жалпы, күчөтүлгөн жана катуу тартиптеги түзөтүү абактарынан жатак-абактарга жаза мөөнөтүнүн кеминде төрттөн бирин өтөгөндөн кийин анча оор эмес кылмыштар, жеңилирээк деп эсептелген кылмыштар үчүн соттолгондор; жаза мөөнөтүнүн кеминде үчтөн бирин өтөгөндөн кийин оор кылмыштары үчүн соттолгондор; өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгондор же мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазадан мөөнөтүнөн мурда бошотулгандар жана жазасынын өтөлө элек бөлүгү мезгилинде жаңы кылмыш жасагандар жаза мөөнөтүнүн кеминде үчтөн экисин өтөгөндөн кийин; өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгондор - жаза мөөнөтүнүн кеминде төрттөн үчүн өтөгөндөн кийин; эркиндигинен өмүр бою ажыратуу ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылгандар - жаза мөөнөтүнүн кеминде бештен төрт бөлүгүн өтөгөндөн кийин;
3) он сегиз жашка чейинки куракта өзгөчө оор кылмыштары үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар жазанын мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн жазанын мөөнөтүнүн кеминде жарымын өтөгөндөн кийин-жатак абактарына;
4) сот тарабынан белгиленген жазанын мөөнөтүнүн кеминде үчтөн экисин өтөгөндөн кийин өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарынан катуу тартиптеги түзөтүү абактарына;
5) эркиндигинен өмүр бою ажыратууга күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагына соттолгон адамдар - жазанын жыйырма жылдан кем эмес мөөнөтүн өтөгөндөн кийин; жатак абагына - жаза мөөнөтүнүн жыйырма беш жылдан кем эмесин өтөгөндөн кийин.
(3) Төмөндөгүлөр жатак-абакка которулбайт:
1) милдеттүү түрдө дарылануу курсунан өтпөгөн адамдар, ошондой эле жабык типтеги медициналык мекемелерде атайын дарылоо талап кылынган адамдар;
2) соттолгон I, II топтогу майыптар жана соттолгон пенсиялык курактагы адамдар.
3) Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелери менен белгиленген форма боюнча жатак-абакка которууга жазуу түрүндө макулдук берилбеген соттолгондор;
4) туруктуу жашаган жери жок соттолгондор, чет мамлекеттердин жарандары, ошондой эле жарандыгы жок соттолгондор.
5) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226 - 2266, 227, 229, 232, 294, 2951, 296, 299 - 2993, 375 жана 376-статьяларында каралган кылмыштар үчүн жазасын өтөп жаткан соттолгондор.
6) жаш балдарга жана жашы жетпегендерге карата кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазасын өтөп жаткан соттолгондор.
7) эркиндигинен ажыратуу жайларында соттолгон уюшкан криминалдык топтордун мүчөлөрү, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу коомдоштуктун (кылмыштуу уюмдун), куралданган топтун (банданын) курамында кылмыш жасаганы үчүн соттолгондор;
8) эркиндигинен ажыратуу жайларынан же камактан качканы үчүн мурда соттолгондор.
(4) Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузган соттолгондор - жатак абагынан мурда сот тарабынан аныкталган түрдөгү түзөтүү абагына которулушу, ал эми соттун өкүмү боюнча жатак-абакка жөнөтүлгөн адамдар жалпы тартиптеги түзөтүү абагына которулушу; жалпы, күчөтүлгөн жана катуу тартиптеги түзөтүү абактарынан жазасынын калган мөөнөтүн абакта өтөө менен үч жылдан ашпаган мөөнөткө которулушу мүмкүн. (5) Жатак-абактан түзөтүү абагына ушул статьянын төртүнчү бөлүгүндө каралган тартипте которулган соттолгондор түзөтүү абагына которуу жөнүндө токтом чыгарылган күндөн тартын алты ай өткөндөн кийин кайрадан жатак-абагына которулушу мүмкүн. (6) Түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү сот тарабынан жүргүзүлөт. (КР 2002-жылдын № 8-июлундагы № 114, 2003-жылдын 11-июнундагы № 99, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2010-жылдын 10-февралындагы № 27, 2016-жылдын 2-августундагы № 162, 2016-жылдын 22-ноябрындагы № 185, 2017-жылдын 14-июнундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
50-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 июня 2017 года № 102 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 ноября 2016 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 июня 2003 года № 99 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики и Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики "Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 июля 2002 года N 114 "О внесении дополнений и изменений в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
14.06.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мүмкүн.
(2) Жакшы мүнөздөлгөн соттолгондор жазасын андан ары өтөө алынып салынды: үчүн:
кошулду: үчүн төмөнкүлөргө которулушу мүмкүн:
1) соттолгон адам соттун өкүмүндө белгиленген түрмөдө кармоонун … кийин өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарынан катуу тартиптеги түзөтүү алынып салынды: абактарына которулушу мүмкүн;
кошулду: абактарына;
5) эркиндигинен өмүр бою ажыратууга күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү … - жаза мөөнөтүнүн жыйырма беш жылдан кем эмесин өтөгөндөн кийин.
(3) алынып салынды: Төмөндөгүлөр:
кошулду: Төмөндөгүлөр жатак-абакка которулбайт:
1) милдеттүү түрдө дарылануу курсунан өтпөгөн адамдар, ошондой эле … соттолгон I, II топтогу майыптар жана соттолгон пенсиялык курактагы алынып салынды: адамдар жатак-абакка которулбайт.
кошулду: адамдар.
3) Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү … карата кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазасын өтөп жаткан кошулду: соттолгондор.
7) эркиндигинен ажыратуу жайларында соттолгон уюшкан криминалдык топтордун мүчөлөрү, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу коомдоштуктун (кылмыштуу уюмдун), куралданган топтун (банданын) курамында кылмыш жасаганы үчүн соттолгондор;
8) эркиндигинен ажыратуу жайларынан же камактан качканы үчүн мурда соттолгондор.
(4) Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен … өзгөртүү сот тарабынан жүргүзүлөт.
(КР 2002-жылдын № 8-июлундагы № алынып салынды: 114 Мыйзамынын, кошулду: 114, 2003-жылдын 11-июнундагы № алынып салынды: 99 Мыйзамынын, кошулду: 99, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2010-жылдын 10-февралындагы № 27, 2016-жылдын 2-августундагы № 162, 2016-жылдын 22-ноябрындагы № алынып салынды: 185 кошулду: 185, 2017-жылдын 14-июнундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын 16-февралындагы № 43 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын Жатак-абактарында жаза…Инструкция · 16.02.2009 · № 43 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-50" title="50-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>