95-статья. Күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактары
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 14-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июня 2007 года № 91
(1) Күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон, ушул Кодекстин 111-статьясында каралган тартипте тарбиялоо абактарынан которулган эркектер эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөйт. (2) Күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында жазасын адаттагы шарттарда, ушул түзөтүү мекемесине келген соттолгондор, ошондой эле жаза өтөөнүн катуу жана жеңилдетилген шарттарынан которулуп келген соттолгондор жазасын өтөйт. (3) Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн жаза - чарасы жок болгондо жана эмгекке ак ниет мамиле жасаганда, жазасынын мөөнөтүнүн кеминде тогуз айын адаттагы шарттарда өтөгөндөн кийин соттолгондор жеңилдик шарттарына которулат. (4) Жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор катуу шарттарга которулат. (5) Жазасын жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор адаттагы же катуу шарттарга которулат. (6) Өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон адамдар да алгачкы мезгилде катуу шарттарда кармалат. (7) Кармоонун катуу шарттарынан адаттагы шарттарга которуу жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн жаза-чарасы жок болгондо тогуз айдан кийин жүргүзүлөт. (8) Катуу шарттардан адаттагы шарттарга же адаттагы шарттардан жеңилдетилген шарттарга экинчи жолу которуу ушул статьянын үчүнчү жана жетинчи бөлүктөрүндө аныкталган тартипте жүргүзүлөт. (9) Күчөтүлгөн тартиптеги башка абактан которулган соттолгондор аларга которулганга чейин эле аныкталган шарттарда жазасын өтөйт. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
95-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
25.06.2007 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактары (1) Күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон, ушул Кодекстин 111-статьясында каралган тартипте тарбиялоо абактарынан которулган эркектер эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөйт. (2) Күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында жазасын адаттагы шарттарда, ушул түзөтүү мекемесине келген соттолгондор, ошондой эле жаза өтөөнүн катуу жана жеңилдетилген шарттарынан которулуп келген соттолгондор жазасын өтөйт. (3) Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн жаза - чарасы жок болгондо жана эмгекке ак ниет мамиле жасаганда, жазасынын мөөнөтүнүн кеминде тогуз айын адаттагы шарттарда өтөгөндөн кийин соттолгондор жеңилдик шарттарына которулат. (4) Жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор катуу шарттарга которулат. (5) Жазасын жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор адаттагы же катуу шарттарга которулат. (6) Өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон адамдар да алгачкы мезгилде катуу шарттарда кармалат. (7) Кармоонун катуу шарттарынан адаттагы шарттарга которуу жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн жаза-чарасы жок болгондо тогуз айдан кийин жүргүзүлөт. (8) Катуу шарттардан адаттагы шарттарга же адаттагы шарттардан жеңилдетилген шарттарга экинчи жолу которуу ушул статьянын үчүнчү жана жетинчи бөлүктөрүндө аныкталган тартипте жүргүзүлөт. (9) Күчөтүлгөн тартиптеги башка абактан которулган соттолгондор аларга которулганга чейин эле аныкталган шарттарда жазасын өтөйт. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-95" title="95-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>