84-статья. Соттолгондордун жалпы билим алышын уюштуруу
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 13-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июня 2007 года № 91
(1) Түзөтүү мекемелеринде отуз жаш куракка толо элек соттолгондорго милдеттүү түрдө негизги жалпы билим берүү уюштурулат. Жалпы орто билим алуу максатында окуусун улантууну каалаган соттолгондорго түзөтүү мекемесинин администрациясы жана тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан зарыл шарттар түзүлөт. (2) Отуз жаш курактан өткөн жана I жана II топтогу майып болгон соттолгондор негизги жалпы жана жалпы орто билимди өздөрүнүн каалоосу боюнча алышат. (3) Окугандар экзамендерди тапшыруу үчүн эмгек жөнүндө мыйзамдарга ылайык жумуштан бошотулат. (4) Соттолгондордун билим алууга умтулуусу абактын администрациясы тарабынан кубатталат жана жазанын өтөлө элек бөлүгүн кыйла жеңил жаза менен алмаштыруу жана жаза өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселелерди чечүүдө эске алынат. (5) Эркиндигинен өмүр бою ажыратуу жазасын өтөп жаткан соттолгондор жалпы билим берүүгө тартылбайт. Аларга жазаны өтөөнүн тартибине жана шарттарына карама-каршы келбегендей өз алдынча билим алууга шарттар түзүлөт. (6) Жалпы билим берүүчү мекемелердин педагогикалык жамааттары тарбиялоо ишинде түзөтүү мекемесинин администрациясына жардам көрсөтөт. (7) Соттолгондордун негизги жалпы жана жалпы орто билим алышын уюштуруу, жазык-аткаруу тутумунда билим берүү мекемелерин түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу (мектептерди жана окуу-консультациялык пункттарды) тиешелүү министрликтер тарабынан белгиленүүчү тартипте жүзөгө ашырылат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
84-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
25.06.2007 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана I жана II топтогу майып болгон соттолгондор негизги жалпы жана алынып салынды: жаллы кошулду: жалпы орто билимди өздөрүнүн каалоосу боюнча алышат.
(3) Окугандар … мурда бошотуу жөнүндө маселелерди чечүүдө эске алынат.
(5) кошулду: Эркиндигинен өмүр бою ажыратуу жазасын өтөп жаткан соттолгондор жалпы билим берүүгө тартылбайт. Аларга жазаны өтөөнүн тартибине жана шарттарына карама-каршы келбегендей өз алдынча билим алууга шарттар түзүлөт.
(6) Жалпы билим берүүчү мекемелердин педагогикалык жамааттары тарбиялоо ишинде түзөтүү мекемесинин администрациясына жардам көрсөтөт.
алынып салынды: (6) кошулду: (7) Соттолгондордун негизги жалпы жана жалпы орто билим алышын уюштуруу, … берүү мекемелерин түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу (мектептерди жана алынып салынды: окуу-консулътациялык кошулду: окуу-консультациялык пункттарды) тиешелүү министрликтер тарабынан белгиленүүчү тартипте жүзөгө ашырылат.
кошулду: (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-84" title="84-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>