8-статья. Банктык сырды коргоо, сактоо жана жарыялоо
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Банктар банктык сырды түзгөн маалыматтардын корголушун гарантиялашат.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, банктын жетекчилерине жана кызматчыларына (анын ичинде мурда иштеп кеткендер да), ошондой эле банкка мурда кызматтарды көрсөтүшкөн же иштерди аткарышкан болбосо учурда аткарып жатышкан адамдарга аларга ишенип билдирилген же маалымдалган, банктык сырды түзгөн маалыматтарды сактоо тартибин бузуунун кесепетинен аларды ачыкка чыгаруу, ошол маалыматтарды жеке кызыкчылыктары же үчүнчү жактын кызыкчылыгы үчүн пайдаланууларына, ошондой эле үчүнчү жактын маалыматтарды ушундай эле максаттарда пайдаланууларына түздөн-түз же кыйыр түрдө мүмкүнчүлүктөрдү берүүлөрүнө тыюу салынат.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар, мамлекеттик органдар, аудитордук уюмдар жана башка юридикалык жактар банктык сырды түзгөн маалыматтарды санкцияланбаган жол менен берилип кетүүдөн коргоо боюнча уюштуруу, укуктук жана техникалык зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.
4. Банк кардар жөнүндөгү банктык сырды түзгөн маалыматты банк менен ошол кардардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар боюнча өз укугун жана мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн зарыл болгон учурларда жана чектерде сотто ачыкка чыгара алат. Банктын, анын кардарынын өтүнүчү боюнча соттун заседениеси жабык түрдө өткөрүлүшү мүмкүн.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-сентябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин долбоору жана "Кыргыз Республикасынын Банктык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө"…Постановление · 27.09.2013 · № 529 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1079/st-8" title="8-статья - Банктык сыр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>