7-статья. Банктык сырды ачыкка чыгарууга тыюу салуу
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Банктык сырды түзгөн маалыматтар аларга ишенип билдирилген, аткарган кызматына (ишине) байланыштуу, кызмат көрсөтүүлөрүнөн улам же ушул Мыйзамда белгиленген тартипте маалым болгон адамдарга, уюмдарга, мамлекеттик органдарга же кызмат адамдарына ошол маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салынат.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктын отчетторунан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган учурларды эске албаганда, лицензия берүү, көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жана контролдук функцияларын аткаруунун натыйжасында алынган банктык сырды түзгөн маалыматтарды таратууга укугу жок.
3. Аудитордук уюмдардын банктын, анын кардарын текшерүүлөрдүн жүрүшүндө алынган банктык сырды түзгөн маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган учурларды эске албаганда, үчүнчү жакка таратууга укугу жок.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1079/st-7" title="7-статья - Банктык сыр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>