Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
19-статья. Муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө чөйрөсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 5-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 июля 2024 года № 152
Жергиликтүү кеңеш: муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин белгилейт, ошондой эле анын пайдаланылышына контроль жүргүзөт; муниципалдык менчик объекттерин ипотекага берүүгө же күрөөгө коюуга макулдук берет;
- мамлекеттик менчикке өткөрүп берилүүчү муниципалдык менчик объекттерин акысыз ажыратууга макулдук берет;
Менчиктештирүү программасын бекитет; муниципалдык менчикти камсыздандыруу тартибин аныктайт; муниципалдык ишканалар жана мекемелер, ошондой эле муниципалдык менчикти пайдалануучу дагы башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтарга бааларды жана тарифтерди бекитет; муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартибин аныктайт; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жергиликтүү жамааттардын уставында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы: муниципалдык менчикти башкарат жана тескейт; муниципалдык менчик объекттерине укук берүү тартибин кароочу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актыларынын, Менчиктештирүү программаларынын жана муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө тартибин аныктоочу дагы башка ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана жергиликтүү кеңештин кароосуна берет; муниципалдык ишканаларды жана мекемелерди түзүүгө, иштешине, кайра уюштурууга жана жоюуга, ошондой эле муниципалдык менчиктеги акционердик коомдордун акцияларын башкарууга жетекчиликти, координацияны жана контролду жүзөгө ашырат; муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө менен байланышкан келишимдерди түзөт; муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте муниципалдык менчик объекттеринин башка эсебин жүргүзөт; муниципалдык менчикти камсыздандырууну жүзөгө ашырат, муниципалдык менчиктин сакталышын камсыз кылуу боюнча дагы башка чараларды көрөт; мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзөт; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жергиликтүү жамааттардын уставында каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы № 152, 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201, 2023-жылдын 12-октябрындагы № 187, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 12 октября 2023 года № 187 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О муниципальной собственности на имущество"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 ноября 2013 года № 201 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 августа 2005 года № 152 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О коммунальной собственности на имущество"Редакцияларды салыштыруу
29.07.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана тескөө менен байланышкан келишимдерди түзөт;
муниципалдык алынып салынды: менчик объекттеринин кошулду: мүлктүн бирдиктүү реестрин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган … 152, 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201, 2023-жылдын 12-октябрындагы № алынып салынды: 187 кошулду: 187, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (76)
- Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 30-июлундагы №43/VII-29 "Нурманбет айыл аймагында жайгашкан бардык ээси жок объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жɵнүндɵ" токтомуПостановление · 30.07.2025 · № 43/VIII-29
- Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-июнундагы № 139 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине он жүргүнчүлөр автобусун акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.06.2024 · № 139
- Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 135 "Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.06.2026 · № 135
- Төмөнкү-Аларча айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-январындагы № 37/151 "Ɵзгөчө учурларда муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү акысыз негизде жүзөгө ашырыла…Постановление · 26.01.2021 · № 37/151
- Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 132 "Бишкек шаары, Шопоков көчөсү, 108 дарегинде жайгашкан турак эмес жайды мамлекеттик менчикке ажыратууга макулдук берүү…Постановление · 14.05.2024 · № 132
- Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 130 "Томми молл" соода-оюн-зоок борборундагы муниципалдык турак эмес жайды мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу…Постановление · 14.05.2024 · № 130
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2015-жылдын 28-январындагы № 84/XXI-7 "Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын № 56-XIV-5 13.03.2014 жылкы чыгарылган токтомун жокко чыгаруу Панфиловка…Постановление · 28.01.2015 · № 84/XXI-7
- Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 21 "Эски жана авариялык категорияга кирбеген муниципалдык имараттарды, курулмаларды негизги каражаттардын балансынын эсебинен…Постановление · 05.04.2022 · № 21
- Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майы № 131 "Ала-Арча" соода-оюн-зоок борборундагы муниципалдык турак эмес жайды мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен…Постановление · 14.05.2024 · № 131
- Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы № 148 "Жүргүнчүлөр автобустарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине акысыз ээликтен ажыратууга макулдук берүү…Постановление · 29.08.2024 · № 148
- Курама айылдык кеңешинин “1”апрель 2026-жылдагы №17 "Курама айыл аймагына караштуу Орто-Арык айылындагы Инновациялык борборду жана сейил бакты “Курама Суу” муниципалдык…Постановление · 01.04.2026 · № 17
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2018-жылдын 27-июнундагы № 16 "Кара-Балта шаарынын мэриясы менен Н.И. Пирогов атындагы медициналык колледждин ортосундагы ижара келишими жөнүндө"…Постановление · 27.06.2018 · № 16
- Красный Восток айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 22-июнундагы № 6/2 "Красный Восток айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги автоунаасын сатуу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.06.2018 · № 6/2
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2018-жылдын 19-сентябрындагы № 3 "Кара-Балта ш. «Кара-Балта» дарыясынын нугундагы карьерди ижарага берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.09.2018 · № 3
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2018-жылдны 19 апрелиндеги №67-27 "Муниципалдык менчик жөнүндө"токтомуПостановление · 19.04.2018 · № 67-27
- Кайынды шаардык кенешинин 2020-жылдын 29-майындагы № 126/XXXVIII-1 "“Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн муниципалдык менчигиндеги…Постановление · 29.05.2020 · № 126/XXXVIII-1
- Кайынды шаардык кенешинин 2020-жылдын 29-майындагы № 127/XXXVIII - 2 "Кайыңды шаарынын мэриясынын муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү…Постановление · 29.05.2020 · № 127/XXXVIII - 2
- Кайынды шаардык кенешинин 2020-жылдын 29-майындагы № 129/XXXVIII - 4 "Кайыңды шаарынын аймагындагы авариялык абалдагы имараттарды бузууга макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.05.2020 · № 129/XXXVIII - 4
- Кайынды шаардык Кеңешинин 2020-жылдын 16-декабрындагы № 144/XLIV - 2 “Кайыңды шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги трактор Т-40АМ, YTO-304 жана автомашина ГАЗ-53А…Постановление · 16.12.2020 · № 144/XLIV - 2
- Красная Речка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17-августундагы № 17/VI "Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн балансына эксковаторду кабыл алуу жѳнүндѳ" токтомуПостановление · 17.08.2022 · № 17/VI
76 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөЗакон · 22.02.2012 · № 7 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/992/st-19" title="19-статья - Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>