Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Красный Восток айылдык Кеңешинин «Красный Восток айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги автоунаасын сатуу жөнүндө» токтому
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 22-июну № 6/2 Красный Восток айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги автоунаасын сатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесинин жетинчи абзацынын 1-бөлүгүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн астындагы улуттар аралык мамилелер жана ГАМСУМОнун “Муниципалдык менчиктеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруунун жолдору жана муниципалдык менчиктеги автоунаасын сатуу жөнүндө” Жобосуна ылайык №01-18/41 2018-жылдын 6-апрелиндеги буйругунун негизингде , ошондой эле Красный Восток айыл өкмөтүнүн башчысынын , айыл өкмөттүн менчигиндеги кызматтык “Нива” маркасындагы автоунаасын сатуу жөнүндө маалыматын угуп, Красный Восток айылдык Кеңешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Красный Восток айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Нива автоунаасы төмөндөгү иш-кагаздарын негизинде сатылсын:
-айыл өкмөт башчысынын чечими, -“Автоунааны сатуу жөнүндө” профсоюздук уюмдун жана айыл өкмөттүн чогулушунун протоколу. -Автоунаанын техникалык абалы туралуу актысы -Айыл өкмөт жана эсеп –кысап бөлүм башчылары менен тастыкталган автоунаанын (алгачкы балансттык) маалым каты.
2. Каржы боюнча депутаттык комиссиясына кызматтык автоунааны сатуудан түшкөн каражаттын багыттуу пайдаланышын, өзүңүздөрдүн укуктук мерчемиңер менен жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде көзөмөлгө алуу тапшырылат.
3. Ушул Токтом айыл аймактын электрондук сайтында жайгаштырылсын. (www.kr-ao.kg)
4. Токтом Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдүү актысынын тизмесине катталып, массалык маалымат каражатында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн юристи Т.Айткулуевге жүктөлсүн.
Төрага
Б. Закиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон