Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө коммуналдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу» Мыйзамы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 19-августу № 152
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Мүлккө коммуналдык менчик жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизүү тууралу
2005-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Мүлккө коммуналдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4,
159-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын аталышындагы бүткүл текстте ар түрдүү жөндөмөдөгү жа-
на сандардагы "коммуналдык" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү жана сандар-
дагы "муниципалдык" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. 1-статьяда:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"муниципалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-
нын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө болгон жергиликтүү жама-
аттардын менчиги.";
төртүнчү абзацта "жергиликтүү өз алдынча башкаруу менчигинде тур-
ган мүлктү" деген сөздөр "муниципалдык менчикти" деген сөздөр менен ал-
маштырылсын;
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"муниципалдык менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдар - муници-
палдык менчикти менчиктештирүү тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республи-
касынын ченемдик-укуктук актылары.".
3. 2-статьяда:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мүлккө муниципалдык менчик укугунун пайда болушу, ишке ашыры-
лышы жана токтотулушу менен байланышкан мамилелер Кыргыз Республикасы-
нын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Жер кодексте-
ри, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик-укуктук
актылары менен жөнгө салынат.".
2-пункт "зарыл болгон" деген сөздөрдөн кийин "муниципалдык" деген
сөз менен толукталсын.
4. 2-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-глава.
Муниципалдык менчик укугунун пайда болушу
жана мамлекеттик каттоо. Муниципалдык менчик
объекттерин эсепке алуу".
5. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Жергиликтүү жамааттардын муниципалдык менчикти
башкарууга жана тескөөгө катышуусу
Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына
кайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө
түздөн-түз катышат, бул кайрылуулар тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө ка-
ралышы керек.".
6. 5-статьяда:
үчүнчү абзацта "жергиликтүү коомчулуктун казынасына" деген сөздөр
"жергиликтүү бюджетке" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- муниципалдык менчикке түшкөн ээсиз буюмду соттун чечими менен
таануунун натыйжасында;".
7. 6-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүчү мамлекеттик менчик объек-
ттерин кабыл алуу жергиликтүү кењештин макулдугу менен жүргүзүлөт.".
8. 7-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-статья. Муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлккө укуктарды
мамлекеттик каттоо жана алар менен жасалган бүтүм";
1-пунктта "коммуналдык менчикке" деген сөздөр "муниципалдык мен-
чиктеги кыймылсыз мүлккө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Муниципалдык менчик объекттерине укук белгилөөчү
документтер
Муниципалдык менчик объекттерине укук белгилөөчү документтер болуп
мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн токтомдору, соттун чечимдери, келишимдер жана
башка бүтүмдөр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карал-
ган мүлккө муниципалдык менчик укугун белгилөөчү башка актылар сана-
лат.".
10. 10 -статьяда:
бешинчи абзац алып салынсын;
алтынчы абзацта "өзгөрүп кайра түзүлгөндө, бириктирилгенде же" де-
ген сөздөр алып салынсын.
11. 11-13-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-статья. Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жана
алып коюу
1. Муниципалдык менчиктеги мүлк сатып алуу-сатуу, менчиктештирүү
же алмаштыруу жолу менен ажыратылышы мүмкүн.
2. Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын чечиминин негизинде
жүргүзүлөт. Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу тартиби жергиликтүү
кењеш тарабынан белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды копшо-
гондо, муниципалдык менчиктеги мүлктү алып коюуга жол берилбейт.
12-статья. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү
1. Ушул статьянын 2 жана 3-пункттарында каралган учурларды кошпо-
гондо, муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү тоорук өткөрүү
жолу менен жана акы төлөө негизинде жүргүзүлөт.
2. Өзгөчө учурларда жергиликтүү кењештин чечиминин негизинде муни-
ципалдык менчиктеги турак жай фондунун объекттерин менчиктештирүү жеке
адамдардын менчигине акысыз негизде аларды өткөрүп берүү жолу менен
жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Эгерде муниципалдык менчик объекти белгиленген тартипте ачык
тоорукка эки жолу коюлса жана сатылбаса, мындай муниципалдык менчик
объектисин менчиктештирүү жергиликтүү кењештин чечими боюнча тике сатуу
жолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
13-статья. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү
программасы
1. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү Муниципалдык
менчик объекттерин менчиктештирүү программасынын (мындан ары - Менчик-
тештирүү программасы) негизинде жүргүзүлөт.
2. Менчиктештирүү программасы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун
аткаруучу-тескөөчү органы тарабынан иштелип чыгат жана жергиликтүү
кењеш тарабынан бекитилет.
3. Менчиктештирүү программасы өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
менчиктештирүү жаатындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-
рынын саясатынын максаттарын жана милдеттерин;
муниципалдык менчикти менчиктештирүүнү жүзөгө ашыруу жана тоорук
өткөрүү тартибин;
муниципалдык менчик объекттерин төмөнкүлөргө классификациялоону;
- менчиктештирилүүгө тийиш болгон муниципалдык менчик объекттерин;
- аларды менчиктештирүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейинки му-
ниципалдык менчикке бекитилүүчү муниципалдык менчиктин объекттерин;
- менчиктештирүүгө тыюу салынган муниципалдык менчиктин объектте-
рин;
муниципалдык менчикти менчиктештирүүдөн каражаттардын түшүү божо-
молун;
муниципалдык менчикти менчиктештирүүнүн натыйжасында инвестиция-
лардын түшүү божомолун.
4. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүүдөн түшкөн кара-
жаттар жергиликтүү бюджетке келип түшөт.
5. Муниципалдык менчиктеги жер участкаларын, жеке жана юридикалык
жактардын менчигине берүү Кыргыз Республикасынын жер боюнча мыйзамда-
рында каралган тартипте жүргүзүлөт.".
12. 15-статьяда:
статьянын аталышы жана 1, 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баян-
далсын:
"15-статья. Муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга жана
ижарага берүү
1. Муниципалдык менчик объекттери жеке жана юридикалык жактарга
пайдаланууга жана ижарага берилиши мүмкүн.
Менчик ээлеринин көп квартиралуу үйлөрүнүн алдындагы жер участок-
торун кошуп, көп квартиралуу үйдүн имарат жайларындагы жалпы мүлктү
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пайдаланууга жана ижарага
берүүгө укуксуз.
Муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга жана ижарага берүү,
ушул Мыйзамдын 16-статьясында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында,
жергиликтүү кењештердин чечимдеринде каралгандан башка учурларда, тоо-
руктарды өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.";
2-пункттун биринчи абзацы "Кыймылсыз" деген сөздүн алдынан "Тоорук
өткөргөндө жана" деген сөздөр менен толукталсын.
3-пунктта "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында калат" де-
ген сөздөр "жергиликтүү бюджетке келип түшөт" деген сөздөр менен алмаш-
тырылсын; "Конкурстун жењүүчүсү" деген сөздөр "Муниципалдык мүлк пайда-
ланууга же ижарага берилген адам," деген сөздөр менен алмаштырылсын.
13. 16-статьяда "берилет" деген сөз "берилиши мүмкүн" деген сөздөр
менен алмаштырылсын.
14. 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. Муниципалдык менчикти ипотекага берүү же күрөөгө коюу
Муниципалдык менчик объекттери жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандарынын иш-милдеттерин аткарышын камсыз кылуу үчүн ипотекага берили-
ши же күрөөгө коюлушу мүмкүн.
Муниципалдык менчик объекттерин ипотекага берүү же күрөөгө коюу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү
кењештин макулдугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-
чу-тескөөчү органы тарабынан жүргүзүлөт.".
15. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө
чөйрөсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын компетенциясы
Жергиликтүү кењеш:
муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин белгилейт,
ошондой эле анын пайдаланылышына контроль жүргүзөт;
муниципалдык менчик объекттерин ипотекага берүүгө же күрөөгө коюу-
га макулдук берет;
Менчиктештирүү программасын бекитет;
муниципалдык менчикти камсыздандыруу тартибин аныктайт;
муниципалдык ишканалар жана мекемелер, ошондой эле муниципалдык
менчикти пайдалануучу дагы башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан
көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтарга бааларды жана тарифтерди бекитет;
муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартибин аныктайт;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жергиликтүү
жамааттардын уставында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы:
муниципалдык менчикти башкарат жана тескейт;
муниципалдык менчик объекттерине укук берүү тартибин кароочу жер-
гиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актыларынын,
Менчиктештирүү программаларынын жана муниципалдык менчикти башкаруу жа-
на тескөө тартибин аныктоочу дагы башка ченемдик-укуктук актылардын
долбоорлорун иштеп чыгат жана жергиликтүү кењештин кароосуна берет;
муниципалдык ишканаларды жана мекемелерди түзүүгө, иштешине, кайра
уюштурууга жана жоюуга, ошондой эле муниципалдык менчиктеги акционердик
коомдордун акцияларын башкарууга жетекчиликти, координацияны жана конт-
ролду жүзөгө ашырат;
муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө менен байланышкан кели-
шимдерди түзөт;
муниципалдык менчик объекттеринин реестрин, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте муниципалдык менчик
объекттеринин башка эсебин жүргүзөт;
муниципалдык менчикти камсыздандырууну жүзөгө ашырат, муниципалдык
менчиктин сакталышын камсыз кылуу боюнча дагы башка чараларды көрөт;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жергиликтүү жамааттардын
уставында каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.".
16. 21-статьянын 1-пунктунда "Товарларды, жумуштар менен кызмат
көрсөтүүлөрдү мамлекеттин сатып алышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ме-
нен" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (9)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Т.Кулатов айылдык кеӊешинин 2016-жылдын 26-февралындагы № XXXI -4 "Т.Кулатов атындагы Айыл өкмөтүнө караштуу «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасына элдин таштандыларын ташуу үчүн…Постановление · 26.02.2016 · № XXXI -4
- Нарын шаардык кеңешинин 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 6 "Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин, «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасынын, Нарын шаардык жашылдандыруу…Постановление · 11.04.2012 · № 6
- Т.Кулатов айылдык кеңешинин 2016-жылдын 26-февралындагы № XXXI -7 "Т.Кулатов атындагы Айыл өкмөтүнө караштуу айыл аймагына 8 даана трансформатор сатып алуу үчүн жергиликтүү…Постановление · 26.02.2016 · № XXXI -7
- Т.Кулатов айылдык кеңешинин 2016-жылдын 26-февралындагы № XXXI -12 "Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Көк-Жар Кызыл-Кыя борбордук авто жолуна 2,5 км асфальт төшөө үчүн…Постановление · 26.02.2016 · № XXXI -12
- БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXVIII СЕССИЯСЫНЫН 2024-жылдын 12-июлундагы № 3 "Балыкчы шаарындагы муниципалдык менчикти менчиктештирүү шарттары жана тартиби…Постановление · 12.07.2024 · № 3
- Төлөк айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 32 "Мүлккө муниципалдык менчикти өткөрүп берүү жана чарба жүргүзүү укугу менен колдонууга берүү" токтомуПостановление · 21.07.2025 · № 32
- Орозбеков айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-апрелиндеги №121 "Орозбеков айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кош-Дөбө айылындагы спорт залды, айыл аймактагы кичи футбол…Постановление · 28.04.2023 · № 121
- Гүлчө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-августундагы №10/2 Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылынын К.Белекбаев атындагы көчөсүнүн №53-дарегинде жайгашкан…Постановление · 08.08.2025 · № 10/2
Шилтеме берет (3)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- О государственных закупках товаров, работ и услугЗакон · 13.05.1997 · № 31 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Порядок проведения инвентаризации объектов муниципальной собственности (Утвержден постановлением Правительства Кыргызской Республики от 16 октября 2008 года № 580)Порядок · 16.10.2008 · № 580