Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Балта шаардык кеңешинин «Кара-Балта шаарынын мэриясы менен Н.И. Пирогов атындагы медициналык колледждин ортосундагы ижара келишими жөнүндө» токтому
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 27-июну № 16 Кара-Балта шаарынын мэриясы менен Н.И. Пирогов атындагы медициналык колледждин ортосундагы ижара келишими жөнүндө
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Н. И. Пирогов атындагы медициналык колледждин мүдүрүнүн Сариева Дж. К. өтүнүчүнө ылайык, Кара-Балта шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаардык башкармасы менен Н.И. Пирогов атындагы медициналык колледжинин ортосунда түзүлгөн, кийин сатып алуучу ижара келишимине өзгөртүүлөр жөнүндө, Н. И. Пирогов атындагы медициналык колледжинин Сариева Дж. К. маалыматы эске алынсын.
2. Аткаруучу орган, Кара-Балта шаардык башкармасынын №331 5 ноябрь 2009 жылынын токтомуна ылайык түзүлгөн Кара-Балта шаардык башкармасы менен Н.И. Пирогов атындагы медициналык колледждинин ортосундагы №157 3 декабрь 2009 жылдын ижара келишиминен "сатып алуу" сөздөрүн чыгарсын, ижара жана келишимдин калган бөлүктөрү күчүндө калтырылсын.
3. Аткаруучу орган, 10 жумушчу күндүн ичинде Кадастр жана кыймылсыз мүлк укуктарын каттоо департаментинин Жайыл районунун башкармалыгында, Кара-Балта шаардык башкармасы менен Н.И. Пирогов атындагы медициналык колледжинин ортосундагы №157 3 декабрь 2009 жылдын ижара келишимин киргизилген өзгөртүүлөр менен кошо каттоодон өткөрсүн.
4. Токтомдун аткарылышы бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн (Билялова А. Б.).
___________________________________________________________________________________________________________________ Таркатылсын: көктөмөгө, тдк, мэрияга, МИ “КСК”.
Төрага
А. Аалыев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон