Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө» токтому
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
2026-жылдын 5-июну №135 Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” 2002-жылдын 15-мартындагы №37 Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, айылдык кеңештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 21-майындагы корутундусунун негизинде, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Ш.Исмаевтин муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруунун тартибин бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, муниципалдык мүлктү натыйжалуу башкарууну жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Мин-Булак айыл аймагынын кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл өкмөтү муниципалдык мүлктү эсептен чыгарууда бекитилген Жобону жетекчиликке алсын.
3. Ушул токтом белгиленген тартипте расмий жарыяланууга жана мамлекеттик каттоого алынууга тийиш.
2026-жылдын 21-июлунда https://minbulak.gov.kg/reports/min-bulak-ajyl-ajmagynyn-ajyldyk-ke%d2%a3eshinin-kezektegi-2026-zhyldyn-5-iyunundsessiyasynyn/ расмий сайтында жарыяланды
4. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
| Төрага | Н.Б.Асаналиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37