Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 15-марты № 155 Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 734 токтомунун редакциясына ылайык) Натыйжалуу визалык саясатты түзүү максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускама (мындан ары - Нускама) 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын визалык чаптамасынын баяндамасы жана анын үлгүлөрү 2-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 734 токтомунун редакциясына ылайык) Көңүл буруңуздар! КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык 2026-жылдын 31-декабрына чейин берилген токтомдун 1-пунктунун колдонуусу токтолду.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- ушул токтом күчүнө киргенге чейин берилген визалар аларда көрсөтүлгөн мөөнөтү бүткөнгө чейин колдонулаары;
- уруксат берүүчү документтери болгон учурда визалар узартылаары.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы таризделген визалар жөнүндө толук статистикалык маалыматты Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө жободо:
- 26-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 21-июнундагы № 239 "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу чет өлкөлүк граждандардын транзиттик жүрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 13-августундагы № 509 "Чүй областынын Аламүдүн районунун Ак-Жол жана Панфилов районунун Чалдыбар айылдарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук пункттарын ачуу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 112 "Жарандардын өз ара катташуу режимин тартипке салуу жана Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү менен визалык режимди белгилөө жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 156 "Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринен "КПҮ" грифин алып салуу тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 710 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 156 "Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-декабрындагы № 750 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-мартындагы № 132 "Америка Кошмо Штаттарынын жарандарына 5 жылга чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын көп жолку визаларын тариздөөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 5-апрелинен тартып күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
2-тиркеме Кыргыз Республикасынын визалык чаптамасынын БАЯНДАМАСЫ ЖАНА АНЫН ҮЛГҮЛӨРҮ Кыргыз Республикасынын визалык чаптамасынын бланкы 79 мм х 105 мм өлчөмүндөгү бурчтары тегеректелген карточка-чаптаманы түшүндүрөт, бет жагында мамлекеттик жана англис тилдериндеги төмөнкүдөй текст камтылган: "ВИЗА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ VISA KYRGYZ REPUBLIC Визанын категориясы/Category of visa Визанын түрү/Туре of visa Кирүүлөрдүн саны/Number of entries Баштап/From Чейин/to Колдонулуу мөөнөтү/Valid Аты-жөнү/Surname and name Кириш/Entry Чыгыш/Exit Кириш/Entry Паспорттун №/Passport Берилген датасы/Date of issue Кошумча маалымат/Additional information Чакыруучу тарап/Inviting party Кызматкердин колу, аты-жөнү/Signature and name of officer in charge 1A 000000". Визалык чаптама мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоодо колдонулуучу, жасалма документтерден өзгөчө коргоону талап кылуучу коргоо элементтери бар атайын кагазда басылат. Визалык чаптаманын бет жагы декоративдик кооздоо түрүндөгү айырмаланган өзгөчөлүккө ээ. Тексттер жана кооздук элементтери туурасынан жайгашкан. Визалык чаптаманын борбордук бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын картасы түшүрүлүп, ага "ВИЗА", "VISA" деген сөздөр ар кандай бурчтар менен басылган. Ысык-Көлдүн сүрөтү көк түс менен бөлүнгөн, анын үстүнкү бетине "ВИЗА VISA" жана "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ KYRGYZ REPUBLIC" деген сөздөр басылган. Тилкенин жогорку бөлүгүндө "ВИЗА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" жана "VISA KYRGYZ REPUBLIC" деген сөздөр түшүрүлгөн (кириллица жана латын тамгалары менен). Визалык чаптаманын жогорку бөлүгүндө "ВИЗА" жана "VISA" деген сөздөр ак түстөгү сыя менен бастырылган. Визалык чаптаманын төмөнкү бөлүгүндө "VISA" деген сөз эки жолу жана ''ВИЗА" деген сөз үч жолу бастырылган, визалык чаптаманын төмөнкү оң бурчундагы акыркы "ВИЗА" деген сөздүн үстүндө квадраттык штрих-код жайгашкан. Визалык чаптаманын төмөнкү сол бурчунда кызгылт сары түстөгү кыргыз орнаменти түшүрүлгөн. Визалык чаптаманын жогорку сол бурчу анын чегинен сыртына чыгып турган тордолгон сызыктарды жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн коргоочу голограмманы камтыйт. Визалык чаптаманын номери эки компоненттен: эки латын тамгасынан (IA) турган сериялык номерден жана алты цифрадан турат. Топтук визалар үчүн визалык чаптамалардын бланкы жеке визалык чаптама кандай болсо, ошондой жасалгаланган, анын жогорку бөлүгүндө төмөнкүдөй текст жайгашкан: "ТОПТОР ҮЧҮН ВИЗА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ GROUP VISA KYRGYZ REPUBLIC Кирүүчүлөрдүн саны/Number of persons Сапардын caны/Entry(s) Баштап/From Чейин/To Чакыруучу тарап/Inviting party Берилген датасы/Issue date Кошумча маалымат/Additional information Кызматкердин колу, аты-жөнү/Signature and name of officer in charge GA 000000".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 13 · цитата келтиргендер: 27 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (27)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-мартындагы № 132 "Америка Кошмо Штаттарынын жарандарына 5 жылга чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын көп жолку визаларын тариздөөнүн өзгөчөлүктөрү…Постановление · 20.03.2015 · № 132
- Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 токтому менен бекитилген)Положение · 18.12.2012 · № 839
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 10.10.2023 · № 541
- Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө НУСКАМА (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген)Инструкция · 15.03.2017 · № 155
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрели № 312 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуу тартибин…Постановление · 30.04.2026 · № 312
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2019-жылдын 16-январындагы №1 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара көзөмөлдөө органдарынын Кыргыз…Приказ · 16.01.2019 · № 1
- «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын контролдоо-өткөрүү режимин камсыз кылуу, атайын категориялардагы визаларды тариздөө жана болууга карата талаптарды белгилөө…Приложение · 18.02.2026 · № 118
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 710 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.12.2014 · № 710
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө…Постановление · 21.09.2018 · № 439
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби…Постановление · 28.06.2019 · № 330
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.05.2018 · № 250
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466 "Виза жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине…Постановление · 19.08.2022 · № 466
- Постановление Правительства КР от 31 декабря 2019 года № 734 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении Инструкции о порядке…Постановление · 31.12.2019 · № 734
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-январындагы № 3 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр жана визалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 10.01.2025 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 495 "Америка Кошмо Штаттарынын жарандарына Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөөнүн өзгөчөлүктөрү…Постановление · 21.09.2023 · № 495 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринен «КПҮ» грифин алып салуу тууралуу" токтомуПостановление · 01.10.2013 · № 541 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 112 " Жарандардын өз ара катташуу режимин тартипке салуу жана Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү менен визалык…Постановление · 28.03.2008 · № 112 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы N 156 "Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.03.2009 · № 156 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 13 августа 2003 года №509 "Об открытии консульских пунктов Министерства иностранных дел Кыргызской Республики в селах Ак-Жол Аламудунского…Постановление · 13.08.2003 · № 509 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 21 июня 1995 года N 239 "Об утверждении Правил транзитного проезда иностранных граждан через территорию Кыргызской Республики"Постановление · 21.06.1995 · № 239 · Күчүн жоготкон
27 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (13)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2012 · № 839
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрели № 312 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуу тартибин…Постановление · 30.04.2026 · № 312
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-мартындагы № 132 "Америка Кошмо Штаттарынын жарандарына 5 жылга чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын көп жолку визаларын тариздөөнүн өзгөчөлүктөрү…Постановление · 20.03.2015 · № 132
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 710 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.12.2014 · № 710
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы N 156 "Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.03.2009 · № 156 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 13 августа 2003 года №509 "Об открытии консульских пунктов Министерства иностранных дел Кыргызской Республики в селах Ак-Жол Аламудунского…Постановление · 13.08.2003 · № 509 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 21 июня 1995 года N 239 "Об утверждении Правил транзитного проезда иностранных граждан через территорию Кыргызской Республики"Постановление · 21.06.1995 · № 239 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 112 " Жарандардын өз ара катташуу режимин тартипке салуу жана Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү менен визалык…Постановление · 28.03.2008 · № 112 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринен «КПҮ» грифин алып салуу тууралуу" токтомуПостановление · 01.10.2013 · № 541 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-декабрындагы № 750 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 156 "Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибин…Постановление · 29.12.2014 · № 750 · Күчүн жоготкон
13 ичинен 12 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон