Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 156 „Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 15 марта 2017 года № 155 "Об утверждении Инструкции о порядке оформления и выдачи виз Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-03-15.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 29-декабры № 750 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 156 “Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 156 “Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибинде:
- 32-пункттун экинчи абзацындагы “7” цифрасы “3” цифрасына алмаштырылсын;
- 42-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“42. Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга визаларды берүү жөнүндө өтүнүч ТИМдин консулдук кызматы тарабынан документтер берилген күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде каралат.”;
- 49-пункттун биринчи-үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“49. Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга визалык колдоо көрсөтүү жөнүндө өтүнүч ТИМдин консулдук кызматы тарабынан документтер берилген күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде каралат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу мамлекеттердин тизмесине кирген чет мамлекеттердин жарандарынан тышкаркы, чет өлкөлүк жарандарга визалык колдоо көрсөтүүнү тариздөө МУКК менен макулдашуу боюнча ТИМдин консулдук кызматы тарабынан жүргүзүлөт.”;
- 58-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“58. Консулдук пунктта чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга визаларды тариздөөгө өтүнмөлөр алардын келишине чейин 5 жумуш күн мурун кабыл алуучу уюмдар тарабынан ТИМдин консулдук кызматына берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу мамлекеттердин тизмесине кирген чет мамлекеттердин жарандарынан тышкаркы, чет өлкөлүк жарандарга визаларды тариздөө жана берүү МУКК менен макулдашуу боюнча ТИМдин консулдук кызматынын визалык колдоо көрсөтүүсү аркылуу жүргүзүлөт.”;
- 61-пункттагы “10” цифрасы “5” цифрасына алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы өз иштеринде ушул токтомду жетекчиликке алышсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 15.03.2017 · № 155
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтомуПостановление · 15.03.2017 · № 155
Шилтеме берет (4)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 15.03.2017 · № 155
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы N 156 "Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.03.2009 · № 156 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана…Постановление · 03.03.2016 · № 109 · Күчүн жоготкон