Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 „Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 21-сентябры № 439 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускамада:
- 7-пунктунун 2-пунктчасында:
биринчи абзацындагы "15 кишиге чейинки" деген сөздөр "5 кишиден кем эмес, бирок 15тен көп эмес" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Туристтик топтун мүчөлөрү топтук виза боюнча толук эмес курамда келген же кеткен учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасына кирүүдө жана Кыргыз Республикасынан чыгууда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүнү ишке ашырат.";
- 45-пункту "иш-чараларга катышкан учурда" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөтүүдө" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 15.03.2017 · № 155
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.