Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 15-апрели № 161 Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691, 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Салыктык милдеттенмелердин аткарылышын башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана ишкердик субъекттерине жагымдуу шарттарды түзүү боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 156-1 жана 282-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 1-июлунан тартып 2020-жылдын 1-апрелине чейин кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр үчүн эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө ыктыярдуу тартипте колдонуу боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары - пилоттук долбоор) жүргүзсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691, 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн убактылуу тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
2) эсеп-фактураларды тариздөөнүн жана колдонуунун убактылуу тартиби, 2-тиркемеге ылайык;
3) товарлар боюнча электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуралардын формасы, 3-тиркемеге ылайык;
4) жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр боюнча электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын формасы, 4-тиркемеге ылайык;
5) товарлар боюнча кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуранын формасы, 5-тиркемеге ылайык;
6) жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр боюнча кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуранын формасы, 6-тиркемеге ылайык;
7) эсеп-фактуралардын колдонулбаган серияларынын жана номерлеринин калдыктары жөнүндө кабарлоонун формасы, 7-тиркемеге ылайык.
3. Пилоттук долбоорго катышууну чечкен кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) төлөөчү:
1) Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн убактылуу тартибине ылайык пилоттук долбоордун катышуучусу катары катталат;
2) ушул токтомдун 7-тиркемесине ылайык форма боюнча КНС эсеп-фактураларынын калган колдонулбаган сериялары жана номерлери жөнүндө кабарлоону пилоттук долбоорго катышуу үчүн каттоо тууралуу салык органынын чечими кабыл алынган датадан мурунку ай үчүн КНС отчёту менен бирге салыктык катталган жери боюнча салык органына берет;
3) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык формада жана тартипте электрондук эсеп-фактураны тариздейт.
4. Пилоттук долбоордун катышуучусу берген КНС эсеп-фактураларынын калган колдонулбаган сериялары жана номерлери жөнүндө кабарлоонун жана пилоттук долбоорго катышуу үчүн каттоо тууралуу салык органы чечим кабыл алган датадан мурунку ай үчүн КНС боюнча салык отчётунун негизинде салык органы тарабынан КНС эсеп-фактураларынын калган колдонулбаган серияларын жана номерлерин, анын ичинде КНСтин тармактык эсеп-фактурасын жараксыз деп таануу жөнүндө чечим кабыл алынат.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун аракети пилоттук долбоорго катышуучу катары каттоо тууралуу салык органы чечим кабыл алган датадан тартып пилоттук долбоорго катышкан КНС салыгын төлөөчүлөргө колдонулбайт.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
- пилоттук долбоорду жүргүзүүгө байланыштуу уюштуруу-техникалык маселелерди чечсин;
- салык төлөөчүлөр арасында пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө түшүндүрүү жана маалыматтык иштерди өткөрсүн;
- пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган маалыматтык ресурстардын ыйгарым укуктуу техникалык оператору менен бирдикте ушул токтомду ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
BLANK STI-007 Кыргыз Республикасы
3-тиркеме
Товарлар боюнча электрондук документ түрүндөгү ЭСЕП-ФАКТУРА Графикалык көчүрмөнү караңыз.
BLANK STI-008 Кыргыз Республикасы
4-тиркеме
Жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр боюнча электрондук документ түрүндөгү ЭСЕП-ФАКТУРА Графикалык көчүрмөнү караңыз.
BLANK STI-009 Кыргыз Республикасы
5-тиркеме
Товарлар боюнча кагаз жүзүндөгү ЭСЕП-ФАКТУРА Графикалык көчүрмөнү караңыз.
BLANK STI-010 Кыргыз Республикасы
6-тиркеме
Жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр боюнча кагаз жүзүндөгү ЭСЕП-ФАКТУРА Графикалык көчүрмөнү караңыз.
ESF STI-005
7-тиркеме
Эсеп-фактуралардын пайдаланылбаган серияларынын жана номерлеринин калдыктары жөнүндө БИЛДИРҮҮ Графикалык көчүрмөнү караңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-ап- релиндеги N 161 токтому менен…Порядок · 15.04.2019 · № 161 · Күчүн жоготкон
- Эсеп-фактураны тариздөөнүн жана колдонуунун УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги N 161 токтому ме- нен бекитилген)Порядок · 15.04.2019 · № 161 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомуПостановление · 17.12.2019 · № 691
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтомуПостановление · 30.03.2020 · № 191
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 04.11.2016 · № 569 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон