Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 1 августа 2022 года № 422 "Об утверждении типовой структуры, штатного расписания, нормативов и численности мэрий и городских кенешей городов республиканского значения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-08-01.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 422 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 23-октябры № 730 Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмүн жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санын оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-январындагы № 10 "Ош шаарынын мэриясынын структурасын жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566 "Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомунун 7-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүнүн жана штаттык санынын "Ош шаары" графасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
3. Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык бирдигинин өзгөргөндүгүнө байланышкан чыгымдар Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин каражатынын эсебинен каралары белгиленсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Тиркеме Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын ШТАТТЫК САНЫНЫН ЧЕГИ
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы
Штаттык бирдиктердин саны (техникалык жана тейлөө персоналысыз)
1
Ош шаардык кеңеши
17
2
Ош шаарынын мэриясы
191
анын ичинде:
- мэриянын аппараты
51
- түзүмдүк бөлүнүштөр
87
- аймактык бөлүнүштөр
53
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (10)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы №383 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу…Постановление · 12.07.2011 · № 383
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 422 "Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеңештеринин типтүү түзүмүн, штаттык…Постановление · 01.08.2022 · № 422
- Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы № 312 "Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын тγзγмγн жана штаттык санын бекитγγ жѳнγндѳ" токтомуПостановление · 13.01.2016 · № 312
- Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 11-июнундагы № 194 "Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.06.2019 · № 194
- Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №218 "Ош шаардык кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.12.2019 · № 218
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566 "Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын (поселоктордун) аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.09.2009 · № 566 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №452 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин…Постановление · 05.08.2011 · № 452 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 13 января 2004 года №10 " Об утверждении структуры и штатной численности мэрии города Ош "Постановление · 13.01.2004 · № 10 · Күчүн жоготкон
- Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы № 310 "Ош шаардык кеңешинин аппаратынын тγзγмγн жана штаттык санын бекитγγ жѳнγндѳ" токтомуПостановление · 13.01.2016 · № 310 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августу № 478 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.08.2011 · № 478 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 422 "Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеңештеринин типтүү түзүмүн, штаттык…Постановление · 01.08.2022 · № 422
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралууЗакон · 15.06.2011 · № 45
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566 "Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын (поселоктордун) аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.09.2009 · № 566 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 13 января 2004 года №10 " Об утверждении структуры и штатной численности мэрии города Ош "Постановление · 13.01.2004 · № 10 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №452 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин…Постановление · 05.08.2011 · № 452 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августу № 478 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.08.2011 · № 478 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62