Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ) 2019-жылдын 11-июну № 194 Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-октябрындагы №730 “Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомунун негизинде жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин талаптарына ылайык, Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүнүн жана штаттык санынын долбоорлорун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери” боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 29 майындагы № 7 токтомун эске алып, Ош шаардык Кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмү жана штаттык саны № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме №1).
2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-майындагы №234 “Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппараты жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтому жана Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы №310 “Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин иштери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Раимбердиев) жүктөлсүн.
Төрага
Ж.Ормонов
Ош шаардык Кеңешинин 11.06.2019-ж. №194 Токтомдун № _1_ тиркемеси
Ош шаардык Кеңешинин Аппаратынын түзүмү
Ош шаардык Кеңешинин Аппарат жетекчисинин м.а. К. Камчиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №218 "Ош шаардык кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.12.2019 · № 218
- Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы № 310 "Ош шаардык кеңешинин аппаратынын тγзγмγн жана штаттык санын бекитγγ жѳнγндѳ" токтомуПостановление · 13.01.2016 · № 310 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Ош шаарынын статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 219
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-октябры № 730 "Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуПостановление · 23.10.2015 · № 730 · Күчүн жоготкон
- Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы № 310 "Ош шаардык кеңешинин аппаратынын тγзγмγн жана штаттык санын бекитγγ жѳнγндѳ" токтомуПостановление · 13.01.2016 · № 310 · Күчүн жоготкон