Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КРнын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 15-июну № 45 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу (КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 109, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган мамлекеттик, муниципалдык кызматчылардын жана башка категориядагы кызматкерлердин санынын чегин жана эмгегине акы төлөөнүн шарттарын аныктоо боюнча жогорку мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын карайт.
1-берене.
Бюджет чөйрөсүндөгү мамлекеттик, муниципалдык жана башка категориядагы кызматчылардын жана кызматкерлердин санынын чеги жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын жана ага баш ийген ведомстволук мекемелердин санынын чегин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын жана ага баш ийген мекемелердин мамлекеттик кызматчыларынын жана башка категориядагы кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн шарттарын Кыргыз Республикасынын Президенти аныктайт. (КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мамлекеттик кызмат адамдарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын жана башка баш ийүүдөгү мекемелеринин мамлекеттик кызматчыларынын жана башка категориядагы кызматкерлеринин санынын чегин жана эмгегине акы төлөөнүн шарттарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аныктайт. Акыйкатчынын (Омбудсмендин), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мамлекеттик кызматчыларынын санынын чегин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. (КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 10, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларынын эмгек акыларынын шарттары жана алардын өлчөмдөрү бирдей деңгээлде белгиленет. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын мамлекеттик кызматчыларынын жана башка категориядагы кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн шарттары, ошондой эле алардын өлчөмдөрү бирдей деңгээлде белгиленет. (КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуш киргизсин. (КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене.
Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 13-декабрындагы ПЖ № 548 Жарлыгы;
- "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгы;
- "Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Өкмөтүнүн жана Президентинин Иш башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек акыларынын шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-августундагы ПЖ № 125 Жарлыгы;
- "Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Өкмөтүнүн жана Президентинин Иш башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек акыларынын шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 221 Жарлыгы.
(КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 81-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык кол коюлган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
А.Келдибеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 61 · байланышкандар: 7
Цитата келтиргендер (61)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 27-майындагы № 525-V "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы…Постановление · 27.05.2011 · № 525-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 16-августундагы №470 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чектик штаттык саны жөнүндө" токтомуПостановление · 16.08.2011 · № 470
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүүнүн 2013-2020-жылдарга карата" Программасы (Кыргыз Республикасынын…Программа · 28.06.2013 · № 383
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 471 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 25.05.2015 · № 471
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 26 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуПостановление · 27.01.2015 · № 26
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 422 "Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеңештеринин типтүү түзүмүн, штаттык…Постановление · 01.08.2022 · № 422
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-апрелиндеги №147-б "COVID-19 короновирустук инфекциясынын жайылышынан улам пайда болгон кырдаалга байланыштуу “Мамлекеттик жарандык кызмат жана…Распоряжение · 27.04.2020 · № 147-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин, түзүмүн…Постановление · 10.02.2026 · № 81
- КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин-министринин 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 204 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 22.11.2017 · № 204
- Сокулук жана Крупский айылдык кеңештеринин 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 18 "Сокулук айыл өкмөтүнүн жана Крупский атындагы айыл өкмөтүнүн алдындагы “үй-булөөгө жана балдарга жардам…Постановление · 01.04.2019 · № 18
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-декабрындагы № 689 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтому кызматтык пайдалануу документи болуп саналат) токтомуПостановление · 01.12.2014 · № 689
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 332 "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 17.06.2016 · № 332
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-июлундагы № 423 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун айрым…Постановление · 25.07.2024 · № 423
- "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэфицентти колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө" Өкмөт Үйүнүн 2008 жылдын 16 апрелинен чыккан № 150…Постановление · 16.04.2008 · № 150
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 15-мартындагы № 1738-V «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013 - 2014-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.03.2012 · № 1738-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 22-апрели № 377-V ""Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгек акы төлөөнүн…Постановление · 22.04.2011 · № 377-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 22-апрели № 378-V ""Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгек акы төлөөнүн…Постановление · 22.04.2011 · № 378-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 22-апрели № 379-V ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эң көп штаттык саны жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн…Постановление · 22.04.2011 · № 379-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 17-майындагы № 267 ("Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 17.05.2024 · № 267
61 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (5)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 16-августундагы №470 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чектик штаттык саны жөнүндө" токтомуПостановление · 16.08.2011 · № 470
- КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык…Указ · 14.12.2009 · № 573 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2007-жылдын 13-декабрындагы ПЖ № 548 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" ЖарлыкУказ · 13.12.2007 · № 548 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (7)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Бишкек шардык кеңешинин 2015-жылдын 20-майындагы № 126 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" токтомуПостановление · 20.05.2015 · № 126
- КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 580 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө" жарлыгыУказ · 14.12.2009 · № 580
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 21.08.2004 · № 165 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Распоряжение Правительства КР от 23 апреля 2015 года № 178-р (О внесении изменения в распоряжение Правительства Кыргызской Республики от 20 мая 2014 года № 167-р)Распоряжение · 23.04.2015 · № 178-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн…Постановление · 10.02.2014 · № 82 · Күчүн жоготкон