Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 12-июлу №383 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451, 2015-жылдын 27-январы № 26, 2015-жылдын 23-октябры № 730, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 413 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Облустардын жана райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары системалык администраторлорунун штаттык бирдиктерин, анын ичинде Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын системалык администраторлорунун штаттык бирдиктерин, тийиштүү уюштуруу техникасын жана эмерегин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өткөрүп беришсин, ошондой эле аларды жумушчу кабинеттери менен камсыздашсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен төмөнкүлөрдүн эмгек акысын төлөө фондусун каржылоону камсыз кылсын:
ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык штаттык бирдиктери өткөрүлүп берилген системалык администраторлордун; Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлдөрүнүн;
- системалык администраторлорду жана атайын өкүлдөрдү күтүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо бөлүгү боюнча "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына төмөнкү чараларды көрүү сунушталсын:
- өзүнүн штаттык расписаниесине системалык администраторлордун жана атайын өкүлдөрдүн штаттык бирдиктерин киргизүү боюнча;
- киргизилген штаттык бирдиктерге облустардын жана райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын иштеп жаткан системалык администраторлорун, анын ичинде Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын системалык администраторлорун которуу боюнча.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык 2011-жылдын 14-июлуна чейинки мөөнөттө шайлоочулардын жаңыртылган тизмесин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өткөрүп берүү сунушталсын.
5. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
6. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 413 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-октябры № 730 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)
8. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-январы № 26 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жана финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы N 472 "Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө"…Постановление · 18.10.2007 · № 472 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 2 февраля 2009 года № 61 "Об утверждении типовой структуры и штатной численности аппаратов мэрии и районных администраций мэрии города Бишкек"Постановление · 02.02.2009 · № 61 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтунун 2009-жылдын 4-декабрындагы №726 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү…Постановление · 04.12.2009 · № 726 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 13 января 2004 года №10 " Об утверждении структуры и штатной численности мэрии города Ош "Постановление · 13.01.2004 · № 10 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 413 "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын типтүү түзүмүн жана чектүү штаттык…Постановление · 14.08.2023 · № 413
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 26 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуПостановление · 27.01.2015 · № 26
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 05.08.2011 · № 451 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-октябры № 730 "Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуПостановление · 23.10.2015 · № 730 · Күчүн жоготкон