Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Ош шаардык кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин XXIV чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2019-жылдын 25-декабры №218 Ош шаардык кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-октябрындагы №730 “Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык, Ош шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен Ош шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык кеңешинин аппаратынын түзүмү 1-тиркемеге жана штаттык санына 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 11-июнундагы №194 “Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси К.Камчиевге жүктөлсүн.
Төрага
Ж.Ормонов
2019-жылдын 25 -декабрындагы кезектеги ХХIV сессиясынын №218 токтомунун 2-тиркеме
Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын аппаратынын штаттык саны
№
Кызматтык орундардын аталышы
Штаттык бирдиктердин саны
Саясий муниципалдык кызматкерлер
1.
Төрага
1
2.
Төраганын орун басары
1
3.
*Туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы
2
Бардыгы:
4
Административдик муниципалдык кызматкерлер
1.
Аппарат жетекчиси
1
2.
Бөлүм башчы
3
3.
Башкы адис
5
4.
Жетектөөчү адис
5
5.
Адис
1
Бардыгы:
15
Техникалык тейлөө персоналы
1.
Башкы эсепчи
1
2.
Кабылдаманын катчысы
1
3.
Чарба башчысы
1
4
Инженер-программист
1
Бардыгы:
4
Кичи тейлөө персоналы
1.
Тазалоочу
1
Бардыгы:
1
ЖЫЙЫНТЫГЫ:
24
Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 13-беренесине ылайык шаардык Кеңештин чечими боюнча туруктуу комиссиялардын экиден ашпаган төрагалары өз ишмердүүлүгүн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзө алышат. Акы төлөнүүчү төрагалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, башка акы төлөнүүчү кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси
К.Камчиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Ош шаарынын статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 219
- Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 11-июнундагы № 194 "Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.06.2019 · № 194
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-октябры № 730 "Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуПостановление · 23.10.2015 · № 730 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.