Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн „Арзан турак жай 2015-2020“ программасын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 июля 2021 года № 75 "Об утверждении жилищной программы Кыргызской Республики "Мой дом 2021-2026"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-07-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 5-августу № 560 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 501, 2017-жылдын 24-августундагы № 537 токтомдорунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын жарандарын арзан турак жай менен камсыз кылуу, турак жайга төлөй алгыдай суроо-талапты жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасы 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Биринчи вице-премьер-министр Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Т.Д. Сарпашев
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 501, 2017-жылдын 24-августундагы № 537 токтомдорунун редакциясына ылайык)
№
Милдеттер
Чаралар/аракеттер
Ишке ашыруу мөөнөтү
Жооптуу аткаруучулар
Каржылоо булактары
Күтүлгөн натыйжа (продукт)
1
2
3
4
5
6
7
1. Турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн финансы механизмдерин түзүү
1
Программаны ишке ашыруу үчүн МИКтин иштеп кетүүсүн камсыз кылуу
МИКке узак мөөнөттүү ипотекалык кредит берүү үчүн ресурстарды тартуу
2016-2020-жылдар
МИК, ЭМ, ФМ, ИИА
Мамлекеттик бюджеттин белгиленген булактарынын чегинде, инвесторлордун, эл аралык уюмдардын, коммерциялык банктардын каражаттары (макулдашуу боюнча)
Ипотекалык кредиттер боюнча кредит портфелинин өсүшү
Ипотекалык кредит берүү механизмдерин иштеп чыгуу
2016-жылдын ичинде
ЭМ, МЖ, УБ (макулдашуу боюнча), коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын жана МИКтин бюджетинин чегинде
Ипотекалык кредит берүү механизмдерин бекитүү
МИКтин өнөктөш-банктар аркылуу ипотекалык кредит берүү механизмдерин киргизүү
2016-2020-жылдар
МИК, МИКтин өнөктөш-банктары (макулдашуу боюнча)
МИКтин каражаттары
Ипотекалык кредиттерди берүү
Ипотекалык кредит берүүнүн механизмдерин ипотекалык кредит берүү боюнча эл аралык тажрыйбаларга таянуу аркылуу өркүндөтүү
2016-2020-жылдар
ЭМ, МИК, KfW, (макулдашуу боюнча), ДБ (макулдашуу боюнча), эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча)
МИКтин жана эл аралык донорлордун каражаттары
Каржылоо механизмдерин өнүктүрүү
2. Турак жай фондун түзүү
2
Арзан турак жайдын турак жай фондун түзүү
Турак жай рыногунда баалар жана бүтүмдөр жөнүндө маалымат базаларын түзүү жана колдоо
2016-2020-жылдар
МИК, МКК, МИКтин өнөктөш-банктары (макулдашуу боюнча)
МИКтин жана эл аралык донорлордун каражаттары
МИК үчүн башкаруу маалыматтары
Региондордо сынамык долбоорлордо арзан турак жай куруу
2017-2020-жылдар
МИК, Курулуш агенттиги, МИКтин өнөктөш-банктары (макулдашуу боюнча), курулуш компаниялар (макулдашуу боюнча)
Тартылган каражаттар
Калкка андан ары өткөрүп берүү менен жаңы турак жайларды ишке киргизүү
Баштапкы рыноктогу даяр турак жайды сатып алуу
2017-2020-жылдар
МИК
МИКтин жана эл аралык донорлордун каражаттары
Кийин калкка өткөрүп берүү менен рыноктогу даяр турак жайларды сатып алуу
3
Программанын механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
Жеке турак жай курулушун кредиттөө механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
2016-2020-жылдар
ЭМ, МИК
Тартылган каражаттар
Жеке турак жайды курууга ипотекалык кредиттерди берүү
Келишимдик турак жай аманаттары механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
2017-2020-жылдар
ЭМ, МИК, УБ (макулдашуу боюнча
Тартылган каражаттар
Банктык эмес финансылык-кредиттик мекемени түзүү жана анын ишин камсыз кылуу
Кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
2017-2020-жылдар
ЭМ, МИК, УБ (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Тартылган каражаттар
Кийин сатып алуу мүмкүндүгү менен жарандарды ижаралык турак жай менен камсыз кылуу
Турак жайды капиталдык оңдоого кредит берүү механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
2017-2020-жылдар
ЭМ, МИК, УБ (макулдашуу боюнча)
Тартылган каражаттар
Жарандардын турак жайын оңдоосуна багытталган кыска мөөнөттүү кредиттик продукт
Колдо болгон турак жайды кеңейтүү механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
2017-2020-жылдар
ЭМ, МИК
Тартылган каражаттар
Турак жайдын аянтын кеңейтүүгө муктаж болгон жарандарды турак жай менен камсыздоо
Таргетирлөө жана скоринг системаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
2017-2018-жылдар
ЭМ, МИК
Тартылган каражаттар
Ипотекалык кредиттөөдө максаттуу жана даректүү мамилени камсыз кылуу
4
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көмөгү менен арзан турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү
Көп батирлүү турак жай куруу үчүн коммуникацияларга кошулган жер участокторун издөө
2017-жылдын I кварталы
МИК, Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Тартылган каражаттар
Көп батирлүү турак жай куруу үчүн жер участоктору
3. Жарандардын турак жай шарттарын жакшыртууларына мамлекеттик колдоо
5
Жарандардын турак жай шарттарын жакшыртууда мамлекеттик колдоо багыттарын иштеп чыгуу
"Арзан ипотека" багытын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
2016-жылдын IV кварталы - 2018-жылдын IV кварталы
ЭМ, МИК, ФМ
Мамлекеттик органдардын жана МИКтин бюджетинин чегинде
"Арзан ипотека" жана Жеңилдетилген ипотека багыттарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
Жеңилдетилген ипотека багытын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
2018-жылдын II кварталы
ЭМ, ЭСӨМ, МИК, ФМ, БИМ, ССМ, ММТМ
Мамлекеттик органдардын жана МИКтин бюджетинин чегинде
Кыскартуулардын тизмеси
ЭМ
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
ФМ
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ЭСӨМ
-
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги
БИМ
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
ССМ
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
ММТМ
-
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
УБ
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
МИК
-
"Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик кому
МКК
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы
ИИА
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттик
Курулуш агенттиги
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги
ЖӨБ
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
ДБ
-
Дүйнөлүк банк
KfW
-
Kreditanstalt für Wiederaufbau - Немец улуттук банкы".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 21 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (21)
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ жобосу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Положение · 15.03.2016
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 110-б (9 кабат турак үй куруу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 11.04.2017 · № 110-р
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 409-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасы боюнча ипотекалык кредит берүүнүн пайыздык ставкаларын…Распоряжение · 30.09.2016 · № 409-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-мартындагы № 88-б (Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна бюджеттик кредит берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 27.03.2018 · № 88-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-ноябрындагы № 393-б ("Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун толук кандуу иштөөсү үчун финансылык ресурстар менен камсыз кылуу…Распоряжение · 05.11.2018 · № 393-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 416-б "Кыргыз Республикасыныы өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн…Распоряжение · 31.12.2020 · № 416-р
- Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасы (Кыргыз Республикасынын Президентинин2024-жылдын 17-июлундагы ПЖ № 191 Жарлыгына)Программа · 17.07.2024 · № 191
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы № 349 "Мамлекеттик турак жайлык ипотекалык кредит берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.06.2016 · № 349
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-майындагы № 145-б ("Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна бюджеттик кредит бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 21.05.2019 · № 145-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-июнундагы № 257-б (Кыргыз Республикасы менен KfW Германия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргызстанда турак жайды каржылоо программасы" долбоору…Распоряжение · 22.06.2017 · № 257-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 467-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-майындагы № 145-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 06.12.2019 · № 467-р
- Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" Турак Жай Программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 токтому менен бекитилген)Программа · 13.07.2021 · № 75 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-январындагы № 9-б (Мамлекеттик турак жай программасынын маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу)Распоряжение · 14.01.2016 · № 9-р · Күчүн жоготкон
- КР Премьер-министринин 2016-жылдын 14-январындагы № 14 (Мамлекеттик турак жай программасынын маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамын түзүү…Распоряжение · 14.01.2016 · № 14 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 534 "Мамлекеттик ипотекалык насыянын базалык пайыздык ставкасына колдонулуучу коэффициенттерди эсептөөнүн тартибин…Постановление · 24.08.2017 · № 534 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" Программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 токтому менен бекитилген)Программа · 05.08.2015 · № 560 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 644 "Ош облусунун Чоң-Алай, Өзгөн райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болгон өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыр…Постановление · 05.10.2017 · № 644 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 токтомуПостановление · 13.07.2021 · № 75
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 501 токтомуПостановление · 21.09.2016 · № 501
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 14 мартындагы № 123 токтомуПостановление · 14.03.2016 · № 123
21 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.07.2021 · № 75 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.