Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (9 кабат турак үй куруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 11-апрели № 110-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын ишке ашыруунун алкагында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
- Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнгөн, Бишкек шаарынын "Туңгуч" кичи районунда жайгашкан жер участогуна 135 батирлүү 9 кабат турак үй курууга бирден бир заказчы болуп чыксын;
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районунда турак үй куруу боюнча жумуштарды сатып алууну жүргүзсүн.
2. "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен турак үйдүн курулушуна инвестор болуп чыгуу, менчик үлүшүн аныктоо жана 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жакындарына социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан салынган каражаттардын үлүшүн эске алуу менен тиешелүү сандагы батирлерди акысыз негизде бөлүп берүү жөнүндө келишим түзүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-майындагы № 215-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С. Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-майындагы № 215-б (Турак үйдү куруу боюнча) буйругуРаспоряжение · 29.05.2013 · № 215-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-майындагы № 215-б (Турак үйдү куруу боюнча) буйругуРаспоряжение · 29.05.2013 · № 215-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.08.2015 · № 560 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" Программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 токтому менен бекитилген)Программа · 05.08.2015 · № 560 · Күчүн жоготкон