Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун толук кандуу иштөөсү үчун финансылык ресурстар менен камсыз кылуу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 5-ноябры, № 393-б "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун толук кандуу иштөөсү үчун финансылык ресурстар менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020'' программасын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: 1, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна 500 000 000 (беш жүз миллион) сом өлчөмүндөгү бюджеттик кредит издеп тапсын жана бөлүп берсин; "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорунда ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштырсын; "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому менен төмөнкү шарттарда Карыздык милдеттенмени түзсүн: ар бир траншты жабуу мөөнөтү - 15 жыл; карыздын негизги суммасын төлөө үчүн жеңилдетилген мезгил -акча каражаты которулган датадан тартып 10 жыл; пайыздык ставка - жылына 1 пайыз акча каражаты которулган датадан тартып иш жүзүндө которулган суммага эсептелет; карыздын негизги суммасын жана эсептелген пайыздарды жабуу аралыгы - квартал сайын, ар бир кварталдын акыркы айынын 15ине чейин: күрөөсүз негизде; айыптык санкциялар - жылына 4 пайыз.
2. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
ушул буйруктун 1-пунктунда аталган бюджеттик кредитти максаттуу багыты боюнча колдонууга багыттоо; Карыздык милдеттенменин шарттарына ылайык жогоруда аталган бюджеттик кредитти кайтарууну камсыздоо.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 28.12.2017 · № 218(23)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.08.2015 · № 560 · Күчүн жоготкон