Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарын арзан турак жай менен камсыз кылуу, турак жайга төлөөгө жөндөмдүү суроо-талапты жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартиби 3-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планынын жооптуу аткаруучулары болуп саналган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө жана толук көлөмдө аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
2) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчёттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчёттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалымат тапшырып турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015–2020» программасынын катышуучуларынын тизмеси Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасынын катышуучулары боюнча түзүлүүчү тизмеге кошула тургандыгы белгиленсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 «Арзан турак жай 2015–2020» программасын бекитүү жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 501 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015-2020» программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 537 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015-2020» программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага У.А.Марипов
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.08.2015 · № 560 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020"…Постановление · 24.08.2017 · № 537 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 501 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020"…Постановление · 21.09.2016 · № 501 · Күчүн жоготкон