Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-октябрындагы № 653 „Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 апреля 2022 года № 236 "О мерах по реализации требований норм Налогового кодекса Кыргызской Республики, а также норм приложения 18 к Договору о Евразийском экономическом союзе"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-04-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 30-марты № 169 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-октябрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу Жаратылыш газын пайдаланууда акыркы пайдалануучу үчүн чыгымды азайтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-октябрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык салуу объектиси болуп саналбаган мүлк объекттеринин тизмегинде:
- 5.1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"
7
Газ ташуучу жана газ бөлүштүрүүчү тутумдардын объектилери
7.1
газ бөлүштүрүүчү станциялар
7.2
газ өткөргүчтөр
7.3
газ жүргүчтөр
7.4
жер алдындагы газ сактагычтар жана чыгаруучу компрессордук станциялар
7.5
компрессордук станциялар
7.6
компрессордук станцияларды магистралдык газ түтүктөрүнө кошуучу түйүндөр
7.7
газ түтүктөрүн электрохимиялык коргоочу түзүлүштөр
7.8
газ түтүктөрүнүн тазалоочу түзүлүштөрүн кабыл алуучу жана ишке киргизүүчү түйүндөр
7.9
газды редукциялоо түйүндөрү
7.10
газды өлчөө түйүндөрү
7.11
газ бөлүштүрүүчү станциялардын жана газ өлчөөчү түйүндөрдүн операторлорунун үйлөрү
7.12
газ өткөргүчтөрдү линиялык кыдыруучулардын үйлөрү
7.13
газды жөнгө салуучу пункттар
7.14
автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциялар
7.15
газ ташуучу жана газ бөлүштүрүүчү тутумдардын объектилерине кирме жолдор
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 19-октябрындагы №653 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 19.10.2011 · № 653 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №236 токтомуПостановление · 30.04.2022 · № 236
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги…Постановление · 30.04.2022 · № 236
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 19-октябрындагы №653 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 19.10.2011 · № 653 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон