Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 3 марта 2025 года № 105 "О вопросах идентификации животных и продуктов животного происхождения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-03-03.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 5-декабры № 694 Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык) Жаныбарларды идентификациялоонун тартибин аныктоо максатында, “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаныбарларды идентификациялоо эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Эрежени жетекчиликке алышсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Тиркеме
Жаныбарларды идентификациялоонун эрежеси
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
Ушул Жаныбарларды идентификациялоонун эрежеси (мындан ары - Эреже) “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана жаныбарларга идентификация жүргүзүү тартибин аныктайт.
1. Ушул Эрежеде төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестри - идентификацияланган жаныбарлардын жүрүшү, ээси, чарбасы жана ветеринардык-санитардык абалы жөнүндө информациялык-аналитикалык эсепке алуу системасы. идентификация – жаныбарларды эсепке алуу процесси, башкача айтканда жаныбарлардын жашын, жынысын, өңүн, породасын, организминин башка керектүү параметрлерин аныктоо; жеке идентификациялык номер – идентификацияланган жаныбарга визуалдык, электрондук жана аралаш информациялык каражаттарды пайдалануу менен берилүүчү номер, ал жаныбардын өмүрү бою алмаштырылбайт жана жаныбардын бир түрү үчүн уникалдуу болот. тизме – жаныбарларды идентификациялоо боюнча жогору турган ыйгарым укуктуу органдын жаныбарларды идентификациялоо боюнча төмөн турган ыйгарым укуктуу органга жаныбарларга идентификация жүргүзүү жана ветеринардык күбөлүктөрдү берүү үчүн атрибуттарды жана ветеринардык багыттагы буюмдарды бөлүштүрүү (берүү) жөнүндө жиберилген документи; жаныбарларды идентификациялоо каражаттары – биркалар (визуалдык), чиптер, болюстар. топтук идентификацияланган номер – чарба жүргүзүүчү субъекттеги бир түрдүү идентификацияланган жаныбарлардын тобуна ыйгарылган номер, ал топтун бөлүнүп же жоюлуп кетишине чейин өзгөрбөйт. Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык максатта багылып жана көбөйтүлүп жаткан бардык жаныбарлар “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык идентификациядан өтүүгө тийиш. Мүйүздүү бодо малдын жана мүйүздүү майда малдын төлү туулгандан 14 күндөн кийин идентификацияланат. Кулундар 4 айлык болгондон баштап идентификацияланат. Торопойлор бир айлык кезинен тартып идентификацияланат. Республиканын аймагында көчүрүлүүчү бардык жаныбарлар ушул Эрежеде белгиленген тартипте идентификацияланат.
2. Жаныбарларга белги коюу анын түрүнө жараша төмөндөгү ыкмалардын бирөөсү менен ишке ашырылат:
- биркалоо (мүйүздүү бодо мал, мүйүздүү майда мал, чочко);
- чиптөө (идентификациялоонун электрондук түрү) (жылкылар);
- топко идентификациялык номерди ыйгаруу (мүйүздүү майда мал, чочко, канаттуулар, аарылар).
3. Жаныбарларды идентификациялоонун жол-жобосу төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жаныбарларга жеке идентификациялык номер берүү жана ушул Эреженин 4-пунктунда көрсөтүлгөн ыкмалардын бирөөсү менен белги коюу;
- жаныбарларга идентификациялык күбөлүк берүү;
- чарбаларга, кой баккан, чочко баккан жана канаттуулар фермаларына, бал челектерге топтук идентификациялык номер берүү;
- жаныбарларды идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине маалыматтарды киргизүү.
Биркалоо жаныбардын кулагынын ич жагынын ортосуна, түбүнө жакыныраак жерине бирка тагуу жолу менен ишке ашырылат. Биркада ушул Эреженин 4-пунктуна ылайык жеке идентификациялык номер жана топтук идентификациялык номер көрсөтүлөт (мүйүздүү майда мал, чочко). Мүйүздүү бодо малга эки кулагына тең бирка кадалат (бир эле жеке идентификациялык номер менен). Мүйүздүү майда мал жана чочко үчүн оң кулагына гана бир бирка тагылат. Биркалар жаныбардын өмүрүнүн акырына чейин чыгарылбайт. Биркалоо үчүн радиожыштыктуу белгиси бар биркалар пайдаланылууга тийиш, алар мүйүздүү бодо малдын жана мүйүздүү майда малдын жана чочколордун сол кулагына тагылат. Чиптөө, радиожыштыктуу белгиси бар биркаларды жана болюстарды пайдалануу ушул Эреженин 4-пунктунда белгиленген тартипте ишке ашырылат.
4. Жеке идентификациялык номер 12 (он эки) символдон турууга тийиш, алар төмөнкүдөй маанилерге ээ:
1) мүйүздүү бодо мал жана топоз үчүн кулак биркасынын коду 2 тамгадан жана 10 цифрадан турууга тийиш:
KG C10 С9 C8 С7 С6 С5 С4 СЗ С2 С1, алар төмөнкүлөрдү билдирет: KG - ISO 3166 эл аралык стандартка ылайык биринчи деңгээлдеги домен үчүн коддордун эки тамгалуу системасы; C10-C1 - жаныбардын жеке идентификациялык номерин билдирүүчү 10дон 1ге чейинки цифралар (10 символ);
2) кой жана козу үчүн кулак биркасынын коду 2 тамгадан жана 10 цифрадан турууга тийиш:
KG С10 С9 С8 С7 С6 С5 С4 СЗ С2 С1, алар төмөнкүлөрдү билдирет: KG - ISO 3166 эл аралык стандартка ылайык биринчи деңгээлдеги домен үчүн коддордун эки тамгалуу системасы; C10-C1 - жаныбардын жеке идентификациялык номерин билдирүүчү 10дон 1ге чейинки цифралар (10 символ);
3) чочко үчүн кулак биркасынын коду 2 тамгадан жана 10 цифрадан турууга тийиш:
KG С10 С9 С8 С7 С6 С5 С4 СЗ С2 С1, алар төмөнкүлөрдү билдирет: KG - ISO 3166 эл аралык стандартка ылайык биринчи деңгээлдеги домен үчүн коддордун эки тамгалуу системасы; C10-C1 - фермердик чарбанын жеке идентификациялык номерин билдирүүчү 10дон 1ге чейинки цифралар (10 цифра). Жылкы үчүн радиожыштыктуу инъекциялык транспондердин электрондук коду 13 цифрадан турууга тийиш: 1ден 3кө чейинки цифралар өлкөнүн кодун, 417 - БУУда ISO 3166 эл аралык стандарт боюнча пайдаланылуучу үч орундуу цифралык системага ылайык Кыргызстандын кодун билдирет;
- 4төн 13ке чейинки цифралар (10 символ) жаныбардын жеке идентификациялык номерин билдирет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Топтук идентификациялык номер жеке каражаттар (бирка, транспондер) менен маркаланбоочу жаныбарларга берилет. Аларга коёндор, үй канаттуулары жана аарынын үйүрү кирет.
Топтук идентификациялык номер 6 символдон турат, алар төмөндөгүдөй маанилерге ээ: С6 С5 С4 С3 С2 С1, алар төмөнкүлөрдү билдирет: С6 – жаныбардын түрүнүн коду – коён (үй канаттуусу, аарылар); С5 – С1 5 - адистештирилген чарбалардын топтук жеке идентификациялык номери. Жогоруда айтылган жаныбарларды сатуу же алардан алынган азык-түлүктөрдү (эт, жумуртка, бал) алуу үчүн баккан адистештирилген коммерциялык чарбалар каттоого алынууга тийиш. Жеке керектөө максатында багылган жаныбарлар идентификацияга жана каттоого алынбайт.
6. Кыргыз Республикасынын жаныбарларды идентификациялоо үчүн бекитип берилген литердик жана цифралык коддору ушул Эреженин 1-тиркемесине ылайык берилет.
7. Жаныбарларды идентификациялоо үчүн пайдаланылуучу биркалар, чиптер ушул Эреженин 2-тиркемесинде белгиленген формага, өлчөмдөргө жана мүнөздөмөлөргө ылайык келиши керек.
Мал союучу аянттарда (айыл чарба жаныбарларын союу аянты), сойгондон кийин жаныбарлардын идентификациялык күбөлүктөрү, чиптер, биркалар, болюстар ветеринар врачка өткөрүлүп берилет. Ветеринар врач жаныбарлардын идентификациялык күбөлүктөрүн тизме боюнча тиешелүү аймактагы жаныбарларды идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берет, ал эми өз керектөөсү үчүн сойгон малдын ээси тиешелүү аймактагы жаныбарларды идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берет. Жаныбарлар өлгөндө, ошондой эле ушул Эрежеде каралган учурлар болгондо алардын идентификациялык күбөлүктөрү, чиптери, биркалары, болюстары жаныбарларды идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнүн катышуусу менен комиссиялык түрдө жок кылынат. Идентификацияланган жаныбарларды администрациялык-аймактык бирдиктин бир аймагынан экинчи аймагына көчүрүүдө берилген жеке идентификациялык номерлер тиешелүү маалыматтарды Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттин реестрине киргизүү менен сакталып калат. Асыл тукум карточкасы бар импорттолгон жаныбарлардын чыккан өлкөсүндө берилген жеке идентификациялык номерлери сакталып калат. Импорттолгон жаныбарлар жөнүндө маалыматтар профилактикалык карантинден өткөндөн кийин (жаныбарды импорттоо (алып кетүү) учурунан тартып отуз календардык күн), ушул Эрежеде белгиленген тартипте жаныбарларды идентификациялоо боюнча маалыматтар базасына киргизилет. Жеткирилүүчү пункттар этти кайра иштетүүчү ишканалар, мал союучу пункттар, мал союучу аянт (малдар союлуучу аянт) болуп саналып, аларды алып кетүү учурунан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде союлууга тийиш импорттолуучу жаныбарлар идентификацияланбайт.
2. Жаныбарларды идентификациялоо тартиби
8. Жаныбарларды идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган:
- мөөнөтүн жана жооптуу аткаруучуларды көрсөтүү жаныбарларды идентификациялоо боюнча иш-чаралардын планын бекитет жана аны жергиликтүү аткаруучуга жеткирет;
- идентификациялоо үчүн ветеринардык багыттагы буюмдарды, атрибуттарды, жаныбарлардын идентификациялык күбөлүктөрүн мамлекеттик сатып алууларды жана ташууну (жеткирүүнү) ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү камсыз кылат;
- жаныбарларды идентификациялоо боюнча иш-чаралар планынын негизинде жаныбарларга идентификациялоо жүргүзүүнүн графигин түзөт, бекитет жана алардын жер-жерлерде аткарылышын камсыздайт;
- жаныбарларды идентификациялоо үчүн сатып алынган ветеринардык багыттагы буюмдарды жана атрибуттарды тизменин негизинде бөлүштүрөт;
- жаныбарга жеке идентификациялык номер берет;
- биркалоо, чиптөө жүргүзүлгөндөн кийин жаныбардын ээсине ушул Эрежеге ылайык идентификациялык күбөлүк берет.
9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаныбарларга идентификациялоо жүргүзүүнүн графигине ылайык жаныбарларды идентификациялоо жол-жоболорун жүргүзүү убактысын жана ордун аныктайт.
10. Жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көмөгү менен ветеринария жаатында ишкердик иш жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар тарабынан биркалоо жана чиптөө жүргүзүлөт.
Аткаруучу жаныбарларга биркалоо жана чиптөө жүргүзүүдө ушул Эреженин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча идентификацияланган жаныбарлардын ведомостун тариздейт. Идентификацияланган жаныбарлардын ведомосту 3 нускада түзүлөт жана аткаруучунун - ветеринардык дарыгердин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Эки нускасы андан ары Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн аткаруучуда - ветеринардык дарыгерде, үчүнчү нускасы - жаныбардын ээсинде калат. Жаныбарларды идентификациялоо мезгилинде жаныбардын ээси аткаруучуга - ветеринардык дарыгерге идентификациялоо боюнча кызмат көрсөтүү үчүн акы, ошондой эле биркалардын, чиптердин жана идентификациялык күбөлүктүн наркын төлөйт. Мүйүздүү бодо малдын биркаларынын бири жоголгон же бузулган (жеке номерин аныктоого мүмкүн болбогон) учурда, жаныбардын ээси жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Эреженин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча бирканын дубликатын берүү жөнүндө өтүнмө менен кайрылат. Жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленген тартипте бирканын дубликатынын заказын жана бирканын дубликаты келген күндөн тартып жети күндөн кечиктирбестен аны берүүнү ишке ашырат. Мүйүздүү бодо малдын жана мүйүздүү майда малдын эки биркасы тең жоголгон же бузулган (жеке номерин аныктоого мүмкүн болбогон) учурда, жаныбар Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттин реестринде камтылган башка жаныбарлардын жеке номерлерин салыштырууга чейин, жеке номерин аныктоо үчүн өзүнчө бөлүнүп турушу керек. Бул жаныбарларды кайра идентификациялоо ушул Эрежеде белгиленген тартипте, жаныбарларга жаңы жеке идентификациялык номер берүү менен жүргүзүлөт. Жеке жактарга таандык жаш малды идентификациялоо ушул Эреженин 3-пунктунда аталган жаныбарлардын жашына жеткенде, жаныбардын ээсинин берген өтүнмөсүнүн негизинде жүргүзүлөт. Айыл чарба түзүлүштөрүнө жана дыйкан чарбаларына таандык жаш малды идентификациялоо бул чарбалардын жетекчилеринин өтүнмөсүнө ылайык жүргүзүлөт. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жаныбарлардын идентификациялык күбөлүгүн берүү тартиби
Жаныбарларды идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жаныбарга жеке номер берилген учурдан тартып 7 күндүн ичинде ушул Эреженин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча анын ээсине жаныбардын идентификациялык күбөлүгү берилет. Жаныбарлардын (мүйүздүү майда малдын, чочконун) идентификациялык күбөлүгү ар бир жаныбардын жеке номерин көрсөтүү менен топко (оторго) берилет, мүйүздүү бодо малга жана жылкыларга - ар бир жаныбарга жекече берилет. Жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жаныбарлардын идентификациялык күбөлүгүнө жаныбардын ээси жөнүндө маалыматтар, жүргүзүлгөн ветеринардык дарылоолор, диагностикалык изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар киргизилет. Жаныбарлардын идентификациялык күбөлүгүндөгү маалыматтарды кийинки жаңылоо ветеринардык иш-чараларды (диагностикалык изилдөөлөр, профилактикалык дарылоо) жүргүзүү, ээсинин алмашуу процессинде жана башка учурларда ишке ашырылат. Жаныбарлардын идентификациялык күбөлүгү жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Мүйүздүү бодо мал, жылкылар жаныбардын жаңы ээсине берилген (көбөйтүү үчүн сатылган) учурда жаныбарлардын идентификациялык күбөлүгүнө тиешелүү белги коюлуу менен өткөрүлүп берилет. Майда мүйүздүү малдын тобунун, чочколордун (отор) жарымы жаңы ээсине берилген (көбөйтүү үчүн сатылган) учурда ага жаныбарлардын күбөлүгүнөн көчүрмө бөлүк берилет. Жаныбар белгиленген пунктка келгенде жаныбардын идентификациялык күбөлүгү таризделет. Тиешелүү маалыматтар жаныбарларды идентификациялоо боюнча маалыматтар базасына киргизилет. Жаныбарлардын идентификациялык күбөлүгүнүн дубликаты ал жоголгон же өтө эскирген учурда берилет. Жоголгон, бузулган жаныбарлардын идентификациялык күбөлүгү жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ветеринардык дарыгерине жаныбарлардын ээлери тарабынан ушул Эреженин 6-тиркемесине ылайык форма боюнча жазуу жүзүндөгү арыз (жаныбарлардын идентификациялык күбөлүгү жоголгон, бузулган фактыны ырастаган документтерди тиркөө менен) берилген күндөн тартып жараксыз деп эсептелет. Жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жаныбарлардын идентификациялык күбөлүгүнүн оң жактагы үстүнкү бурчунда "Дубликат" деген жазуусу бар дубликатты арыз берилген күндөн тартып жети күндүн ичинде берет. Жоголгон же өтө эскирген жаныбарлардын идентификациялык күбөлүгүнүн ордуна берилген жаныбарлардын идентификациялык күбөлүгүнө "кайрадан берилди" деген белги коюлат. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)
Жаныбарларды идентификациялоонун эрежесине 1-тиркеме
Жаныбарларды
идентификациялоодон өткөрүү
үчүн бекитилген Кыргыз Республикасынын
литердик жана санариптик коддору
Катар №
Литердик код
Аталышы
1.
KG
Кыргыз Республикасы
Жаныбарлардын санариптик коду:
1. мүйүздүү бодо мал;
2. мүйүздүү майда мал (кой-эчки);
3. чочко;
4. жылкы;
5. үй канаттуулары;
6. аарылар.
Жаныбарларды идентификациялоонун эрежесине 2-тиркеме
Жаныбарларды идентификациялоо үчүн чиптердин, биркалардын формалары, өлчөмдөрү жана МҮНӨЗДӨМӨСҮ (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык) Жаныбарларды идентификациялоонун каражаттары (биркалар, радиожыштык белгиси менен биркалар, чиптер) документтерди берген, алынуучу тегдер үчүн эл аралык аккредитацияга ээ болгон көз карандысыз лабораториялар жүргүзгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен ырасталган өндүрүүчүлөр тарабынан төмөнкү талаптарды эске алуу менен даярдалышы керек: жаныбарлардын бардык түрү үчүн пластик кулак биркалары төмөнкүдөй шарттарга ылайык келиши керек:
1. Жалпы талаптар:
а) биркалар полиуретан пластигинин негизинде даярдалышы керек;
б) жеке идентификациялык номерди басып чыгарууда лазердик технологияны пайдалануу (өткөөл мезгилге дубликаттардан сырткары - бул перманенттик маркер аркылуу кол менен сүрөттөө үчүн колдонула элек биркаларын пайдаланууга мүмкүндүк берет);
в) биркалардын дубликаттарын өндүрүүдө пайдаланылуучу материал жана боегучтар, ошондой эле биркаларды жана анын көчүрмөлөрүн басууда пайдаланылуучу түстөр тамак-аш продуктуларына карата зыянсыздыгы жана аба-ырайынын шарттарына, анын ичинде -30ºСдан +40ºС чейинки диапазондогу температуранын өзгөрүүлөрүнө туруктуулугу жактырылган;
г) биркалар экинчи жолу колдонулбайт жана бир жолу гана колдонулушу керек;
д) биркалар жаныбарларга тагылгандан кийин ага эч кандай зыян келтирбегендей конструкцияда болушу зарыл;
е) биркаларда өчпөй турган жазуулар болушу керек;
ж) бирканын модели аны белгилүү абалда аттишке ыңгайлуу киргизгидей кылып түзүлүшү керек;
з) биркадагы жеке идентификациялык номер уникалдуу болушу керек жана кайталанбашы зарыл;
и) биркалар тышкы таасирлерге туруктуу болуусу жана жаныбардын бүткүл жашоосунда оңой окула тургандай болуусу керек;
к) биркаларда зыяндуу заттар болбошу керек;
л) биркалар аллергиялык реакцияны пайда кылбашы керек;
м) биркадагы цифралар атайын көндүмдөрдү талап кылбастан, оңой жазылышы зарыл;
н) биркалар эки бөлүктөн: "ата" бөлүгүнөн жана "эне" бөлүгүнөн турушу керек;
о) бирканын эки бөлүгү жаныбардын кулагында бириктирилет жана бир бүтүн болуп калат;
п) кулакка тагылгандан кийин бирканын эки бөлүгүнүн ортосундагы аралык 9дан 12мм чейинди түзүшү зарыл;
р) кулак биркасынын эки бөлүгү аларды үзмөйүнчө ажыратылбоочу принциби боюнча гана мүмкүн боло тургандай, экинчи ирет бекитүүгө мүмкүн болбогудай бириктирилиши керек;
с) кулак биркасынын эки бөлүгүнүн ортосундагы бириктирүү 280 N жогору чоюлган чектин деңгээлине жетүүсү зарыл, бул параметр кулак биркасын пайдалануунун 7 жылдан ашуун аралыгына кармалып туруусу керек;
т) бирканын эркек жаныбарга ("эркек") карата бөлүгү дат баспоочу бекем материалдан даярдалышы жана кулак аркылуу тиешелүү тешикти камсыздоочу жана биркалаган учурда жаранын айыгышын жеңилдетүүчү курч элементтин тышкы периметрине ээ болушу керек;
у) кулак биркасын туура бекиткенден кийин пайда болуучу кулактагы тешик кулак биркасынын эки бөлүгүн бириктирүүчү элементтен да чоң диаметрге ээ болушу керек, бул анын тоскоолдуксуз жана эркин айланып туруусуна мүмкүндүк берет;
ф) "эне" жана "ата" бөлүктөрү сөзсүз эле бирдей болушу керек эмес, бирок техникалык параметрлерге ылайык келүүсү зарыл.
2. Мүйүздүү бодо мал үчүн кулак биркалары:
а) өндүрүүчүнүн аталышы же патенттин маалыматтары кулак биркасынын бөлүктөрүнүн биринде көрсөтүлүшү зарыл;
б) даярдалган күнү кулак биркасынын бөлүктөрүнүн биринде көрсөтүлүшү керек;
в) кулак биркасынын узундугу төмөнкүдөй: 55 мм кем эмес - "эркек" бөлүгү үчүн жана 75 мм - "ургаачы" бөлүгү үчүн, бирок "эркек" бөлүгү үчүн - 65 мм жогору эмес жана "ургаачы" бөлүгү үчүн - 85 мм өлчөмдү түзөт;
г) кулак биркасынын туурасы "эркек" жана "ургаачы" бөлүктөрү үчүн 55 мм кем эмес, бирок 65 мм көп эмес болушу зарыл. Биркалардын бөлүктөрүнүн ("эркек" жана "ургаачы") туурасы бирдей болушу керек;
д) мүйүздүү бодо мал үчүн кош кулак биркалары ар бир жаныбар үчүн бир комплектте келет, ал бири-бири менен оңой биригүүчү жана оңой ажыратылуучу 4 бөлүктөн турат.
3. Мүйүздүү майда мал үчүн кулак биркалары:
а) өндүрүүчүнүн аталышы же патенттин маалыматтары кулак биркасынын бөлүктөрүнүн биринде көрсөтүлүшү зарыл;
б) даярдалган күнү кулак биркасынын бөлүктөрүнүн биринде көрсөтүлүшү керек;
в) кулак биркасынын ("эркек" жана "ургаачы") бөлүктөрүнүн узундугу 25 мм кем эмес жана 40 мм көп эмес болушу керек;
г) кулак биркасынын туурасы "эркек" жана "ургаачы" бөлүктөрү үчүн 25 мм кем эмес, бирок 35 мм көп эмес болушу зарыл. Биркалардын эки бөлүгүнүн туурасы бирдей болушу зарыл.
4. Чочколор үчүн кулак биркалары:
а) өндүрүүчүнүн аталышы же патенттин маалыматтары кулак биркасынын бөлүктөрүнүн биринде көрсөтүлүшү зарыл;
б) кулак биркасынын эки бөлүгүнүн ("эркек" жана "ургаачы") диаметри 25 мм кем эмес жана 30 мм көп эмес болушу зарыл;
в) "эркек" жана "ургаачы" бөлүктөрү бирдей диаметрге ээ болушу керек.
5. Жылкылар үчүн радиожыштыктуу инъекциялык транспондер:
а) ISO 11784 жана ISO 11785 стандарттарына жана FDX-B эсептөө системасына ылайык келүүсү зарыл;
б) жылкылар үчүн радиожыштыктуу инъекциялык транспондердин электрондук коду 13 цифрадан турат:
- 1ден 3кө чейинки цифралар ISO 3166 стандартына ылайык өлкөнүн кодун билдирет, Кыргызстандын коду - 417;
- 4төн 13кө чейинки (10 символ) цифралар жаныбардын уникалдуу идентификациялык номерин билдирет;
в) RFID жылкылар үчүн радиожыштыктуу инъекциялык транспондери жабык жана бир жолку пайдалануудагы (стерилдүүлүгү EN550 нормасына ылайык) имплантерге салынган айнек түтүк түрүндө жеткирилиши керек, штрих-коду менен 6 этикетканы кошкондо.
Транспондердин айнек түтүгүнүн диаметри 2 мм ден 3,05 мм ге чейинки жана узундугу 11 мм ден 13,5 мм чейинки өлчөмдү түзүшү керек.
Жаныбарларды идентификациялоонун эрежесине 3-тиркеме
Жаныбарларды идентификациялоо ведомосту
№
Мал ээсинин аты-жөнү жана жаныбар-лар тиешелүү болгон юридикалык жактын аталышы
Мал ээси-нин жана юридика- лык жак-тын даре-ги
Жаны-барлар-ды өстү-рүүчү объект-тин эсепке алуу номери
Айыл чарба жаныбарларынын берилиштери
Эскер-түү
Идентифи кация жүр-гүзгөн күн
Иденти-фикация-лык номер
Энесинин идентифи кациялык номери
Идентифика-циялоо методу
Өңү
Жы-ны- сы
Түсү
Аты
Жашы
Ведомость түзүлгөн күн______________2014- ж.
Аткаруучу__________________ (Аты- жөнү, колу)
Ветеринардык дарыгер___________________________ (Аты- жөнү, колу, мөөрү)
Жаныбарларды идентификациялоонун эрежесине 4-тиркеме Форма
Жаныбардын идентификациялык күбөлүгү
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык) _______________________ (Айыл, район (шаар) _______________________ (Облус)
Жаныбарлардын идентификациялык күбөлүгүнүн номери(*): __________________ Жаныбар тууралуу маалымат: ___________________________________________ Түрү: _________________________________________________________________ Жынысы: ______________________________________________________________ Өңү: __________________________________________________________________ Аты: __________________________________________________________________ Жашы: ________________________________________________________________ Идентификация методу: _________________________________________________ Ата-энеси тууралуу маалымат (эгер асыл тукум жаныбар болсо): ______________
Эскертүү: (*) Жаныбарлардын идентификациялык күбөлүгүнүн номери жаныбарлардын жеке идентификациялык номерине шайкеш келет. Жаныбарлардын жеке идентификациялык күбөлүгүн жаныбарлардын тобуна (оторго) берүүдө жаныбардын жеке идентификациялык номерин (С10-С1) билдирүүчү (10 символ) цифралар көрсөтүлбөйт. Бул цифралар 2-таблицада, "Жаныбарлардын жеке идентификациялык күбөлүгүн жаныбарлардын тобуна (оторго) берүүдө идентификациялык номерди алып жүрүүчү" графасында көрсөтүлөт. .
(1-таблица)
Малдын ээсинин аты-жөнү же жаныбар тиешелүү болгон юридикалык жактын аталышы
Мал ээсинин дареги же юридикалык жактын аталышы
Жаныбарлардын ээси алмашкан күн
Жаныбарлардын ээсинин алмашкандыгын ырастоочу ветеринардык врачтын колу жана мөөрү
Берилген күн____________________20 ___ жыл Мөөр орду (Жаныбарларга идентификациялык күбөлүк берген жергиликтүү аткаруучу органдын мөөрү _______________________________________________________________________________________ (Аткаруучунун аты-жөнү, колу)
№
Датасы
Жаныбарлардын жеке идентификациялык күбөлүгүн жаныбарлардын тобуна (оторго) берүүдө идентификациялык номерди алып жүрүүчү
Жаныбарлар тиешелүү оорулары боюнча ветеринардык иш-чаралардын аталышы (эмдөө, тазалоо, манипуляциялоо жана диагностикалык тесттер*)
Ветеринардык иш- чараларды жүргүзгөн ветеринардык кызматкердин аты- жөнү
Колу
Эскертүү: *Ветеринардык иш-чараларды жүргүзүүнү жазууда (эмдөө, тазалоо, манипуляциялоо жана диагностикалык тесттерди) жаныбарлардын оорусун көрсөтүү керек.
Жаныбарларды идентификациялоонун эрежесине 5-тиркеме
Форма
_____________________________________
(Ветеринардык кызматтын аталышы)
(аты-жөнү, атасынын аты (бар болсо)
ИНН/юридикалык жактын аталышы, БИК)
Дареги ______________________________
АРЫЗ (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык) Бирканын дубликатын берүүнү суранам Себеби __________________________________________________________________________ Жаныбардын түрү _________________________________________________________________ Жаныбардын саны _________________________________________________________________ Айыл чарба малынын идентификациялык номери: ______________________________________ Бирканын жоголгону, бузулганы боюнча фактыны ырастоочу төмөнкү документтерди тиркейм: Байланыш телефондору ____________________________________________________________ Е-mаil ____________________________________________________________________________ Маалыматтык системаларда камтылган, мыйзам менен корголуучу сырды түзгөн маалыматтарды колдонууга макулмун. Берилген маалыматтардын аныктыгын ырастайм. 20___-жылдын ________________ __________________________ (арыз ээсинин колу)
Тиркеме: ________________ барак(та) 1 нускада _____________ Документтер кабыл алынды 20___-жылдын __________________ _______________________________________________________ (документти кабыл алган адамдын колу)
Жаныбарларды идентификациялоонун эрежесине 6-тиркеме
Форма
_____________________________________
(Ветеринардык кызматтын аталышы)
(аты-жөнү, атасынын аты (бар болсо)
ИНН/юридикалык жактын аталышы, БИК)
Дареги ______________________________
АРЫЗ (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык) Бирканын дубликатын берүүнү суранам Себеби ___________________________________________________________________________ Жаныбардын түрү __________________________________________________________________ Жаныбардын саны _________________________________________________________________ Айыл чарба малынын идентификациялык номери: ______________________________________ Ветеринардык күбөлүктүн жоголгону, бузулганы боюнча фактыны ырастоочу төмөнкү документтерди тиркейм: Байланыш телефондору ____________________________________________________________ Е-mail ____________________________________________________________________________ Маалыматтык системаларда камтылган, мыйзам менен корголуучу сырды түзгөн маалыматтарды колдонууга макулмун. Берилген маалыматтардын аныктыгын ырастайм. 20___-жылдын ________________ __________________________ (арыз ээсинин колу)
Тиркеме: ________________ барак(та) 1 нускада _____________ Документтер кабыл алынды 20___-жылдын __________________ _______________________________________________________ (документти кабыл алган адамдын колу)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 21 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (21)
- Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 13-майындагы № 74/13-4 "Жаныбарларды идентификациялоо жүргүзүү боюнча баалардын прейскурантын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.05.2017 · № 74/13-4
- Гүлчө айылык кеңешинин 2017-жылдын 3-мартындагы № 4/4 "Малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасында «Малдарды идентификациялоо» мыйзамына ылайык Гүлчө…Постановление · 03.03.2017 · № 4/4
- Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 17-январындагы № 6 "Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо жөнүндө" токтомуПостановление · 17.01.2018 · № 6
- Курама айылдык кеңешинин 2022-жылдын 2-августундагы № 29 "Курама айыл аймагынын үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.08.2022 · № 29
- Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 10/2 "Алай райондук мамлекеттик администрациясынын №40 24-февраль 2017-жылдагы буйругунун негизинде жана алардын…Постановление · 21.04.2017 · № 10/2
- Сары-Могол айылдык кеңешинин 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 4/3 (Алай районун айымагындагы жеке менчик саан уйларды жана кунажындарды идентификациялоо жөнүндө) токтомуПостановление · 03.04.2017 · № 4/3
- Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 7-мартындагы № 01-05/07 "Кочкор-Ата шаардык мэриянын ветеринардык адиси К.Алиевдин кайрылуусун кароо жөнүндө" токтомуПостановление · 07.03.2017 · № 01-05/07
- Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 2017-жылдын 08-апрелиндеги № 5/16 "Айыл аймагында ири мүйүздүү малдарды идентификациялоонун кызмат көрсөтүү акыларын бекитүү" токтомуПостановление · 08.04.2017 · № 5/16
- Ак-Суу айылдык Кенешинин 2017-жылдын 20-февралындагы № 18 "Ак-Суу айыл аймагындагы элдердин ири муйуздуу малдарына идентификациялоону жургузуудо жеке ветеринар адистерге тариф…Постановление · 20.02.2017 · № 18
- Семиз-Бел айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 3-мартындагы № 4/7 "Семиз-Бел айыл аймагында ири мүйүздүү малдарды идентификация жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүү акысын бекитүү жөнүндө"Постановление · 03.03.2017 · № 4/7
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 "Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2025 · № 105
- Жумгал айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 10-мартындагы №05\3 "Жумгал айыл аймагында ири мүйүздүү малдарды идентификациялоонун тарифин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.03.2017 · № 05/3
- ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 2017-жылдын 25-февралындагы № 4/1 "Малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасында “Малдарды идентификациялоо” мыйзамына, Кыргыз…Постановление · 25.02.2017 · № 4/1
- Барпы айылдык кеңешинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 19/3 "Айыл чарбадагы малдарга ветеринардык жактан тейлөө боюнча жумуш акысын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.11.2023 · № 19/3
- Кеңеш айылдык кеңешинин 2017-жылдын 25-январындагы № 2-1 "Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын маалымат базасын киргизгендиги үчүн операторлордун айлык акысын…Постановление · 25.01.2017 · № 2-1
- Сокулук району кызыл-туу айылдык кенешинин 2019-жылдын 03-майындагы №14 "“Айыл чарба малдарын идентификациялоо тууралуу”" токтомуПостановление · 03.05.2019 · № 14
- Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 3-мартындагы № 5/1 "Малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасында «Малдарды идентификациялоо» мыйзамына,Кыргыз…Постановление · 03.03.2017 · № 5/1
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-августундагы № 360 токтомуПостановление · 06.08.2018 · № 360
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 703 токтомуПостановление · 27.12.2016 · № 703
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-августундагы № 360 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 "Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин…Постановление · 06.08.2018 · № 360 · Күчүн жоготкон
21 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (6)
- Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндөЗакон · 06.06.2013 · № 91
- Ветеринария жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 175
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 "Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2025 · № 105
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-августундагы № 360 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 "Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин…Постановление · 06.08.2018 · № 360 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Чет-Нура айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 13-мартындагы № 4/4 "Нарын райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 03.02.2017-жылдагы №11…Постановление · 13.03.2017 · № 4/4
- Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 27-январындагы № 3-1 "Мирмахмудов айыл аймагындагы ири мүйүздүү кара малдарды идентификациялоо, кулагына биркаларды тагууга ар бир мал…Постановление · 27.01.2017 · № 3-1
- Ноокат шаардык кеңешинин 2017-жылдын 25-январындагы № 42-6 "Ноокат шаарынын аймагындагы кара малдарды идентификациялоо, кулагына биркаларды тагууга ар бир мал үчүн кызмат акы…Постановление · 25.01.2017 · № 42-6
- Ветеринария жөнүндөЗакон · 12.04.2005 · № 61 · Күчүн жоготкон