Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Сары-Могол айылдык кеңешинин (Алай районун айымагындагы жеке менчик саан уйларды жана кунажындарды идентификациялоо жөнүндө) токтому
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сары-Могол айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз 1-отуруму
2017-жылдын 3-апрели № 4/3 Малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын “Малдарды идентификациялоо” мыйзамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы №694, 2016-жылдын 11-апрелиндаги №187 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветернардык жана фмто санитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын 2017-жылдын 20-февралындагы №031 буйругунун негизинде жана Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин 2017-жылдын 24-февралындагы № 40 буйругунун негизинде малдарды идентификациялоо жоболоруна таянып жана 2016-жылдын 11-15-июлундагы ЕАЭСтин мүчөлүгүнө кирген мамлекеттердин шарттарына ылайык Алай районун айымагындагы жеке менчик саан уйларды жана кунажындарды идентификациялоодон өткөрүү жана көзөмөлдүк кылуу жөнүндө Сары-Могол айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү ири мүйүздүү малдардын биркасы 38 сом жана кол акысы 32 сом жалпы 70 (жетимиш) сом болуп бекитилсин
2. Токтомдун негизинде иш алып баруу жагы Сары-Могол айыл өкмөтүнүн вет инспектору Тагайбек уулу Акжолго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Могол айыл өкмөтунүн башчысы Р.Саитовго тапшырылсын.
Төрага
Ы. Камилов
Сары-Могол айылдык Кеңешинин 4 чакырылышынын I уюштуруу заседаниесинин Күн тартиби:
1.2016-жылдын 11-декабрындагы Сары-Могол айылдык кеңешине жаңыдан шайланган депутаттык мандаттарын таануу жөнүндө.
2.Сары-Могол айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө.
3.Сары-Могол айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө.
Сары-Могол айылдык Кеңешинин 4 чакырылышынын I уюштуруу сессиясынын ИШТӨӨ ТАРТИБИ:
1.Биринчи маселеге 30минут.
2.Экинчи маселеге 30 минут
Сессиясынын ишин бир отуруу менен аяктоо.
Сары-Могол айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын депутаттарынын тизмеси.
1.Абдырахманов Жанибек Токтосунович
2.Жанасулов Сагынбек Жумабекович
3.Исмаилов Жээнбай
4.Камилов Ыдрысбек Каимович
5.Кенжебаев Бегали Митабарович
6.Көбөев Абдыкаар Мамажусупович
7.Курмушуев Жээнтай Тойгонбаевич
8.Курмушуев Турдубай Тойгонбаевич
9.Нишанов Абдыразак Ахматович
10.Нурмаматов Абдыгапар Абжамилович
11.Сатыбалдыев Балтабай Муратович
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 "Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.12.2014 · № 694 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016- жылдын 11 апрелиндеги № 187 токтомуПостановление · 11.04.2016 · № 187