Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Кочкор-Ата шаардык мэриянын ветеринардык адиси К.Алиевдин кайрылуусун кароо жөнүндө» токтому
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 7-марты № 01-05/07 Кочкор-Ата шаардык мэриянын ветеринардык адиси К.Алиевдин кайрылуусун кароо жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык мэриянын ветеринардык адиси Алиев Кыдырназар Абдыманаповичтин шаардын аймагындагы мал жандыктарды идентификациялоо, малдын эки кулагына басылуучу бирканын жана идентификация жүргүзгөн ветеринардын эмгек акысын бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 жана «Жаныбарларды идентификациялоо жаатында иштерди жүргүзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 187 токтомдорун жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык мэриянын ветеринардык адиси К.Алиевдин мал жандыктарга бирка басууга жана идентификация жүргүзгөн ветеринардын эмгек акысын бекитүү боюнча жазган кайрылуусу эске алынсын.
2. Шаардын аймагындагы мал жандыктардын эки кулагына бирка басуу үчүн мал ээсинин эсебинен бир мал үчүн 40 (кырк) сом, идентификация жүргүзгөн ветеринардын бир мал үчүн эмгек акысы 30 (отуз) сом, ар бир малга эки кулагына бирка баскандыгы үчүн мал ээсинин эсебинен жалпысы 70 (жетимиш) сомдон бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэриянын ветеринардык адиси К.Алиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери маселелери боюнча» туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага
М.А.Сыдыков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 "Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.12.2014 · № 694 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016- жылдын 11 апрелиндеги № 187 токтомуПостановление · 11.04.2016 · № 187