Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 2-ноябры № 692 Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-июлундагы № 415, 2014-жылдын 31-декабры № 757, 2015-жылдын 19-январы № 12, 2017-жылдын 10-майындагы № 265 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Санариптик телерадио берүүгө өтүү жана Кыргыз Республикасынын калкын маалыматтык камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында санариптик берүүгө өтүү программасы (мындан ары - Программа);
- Жыштык бөлүктөрүн пайдалануу тартиби (мультиплекстер);
- Кыргыз Республикасында санариптик берүүгө өтүү Программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралар планы).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги:
- "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын бардык аймагында сынаксыз жер үстүндөгү санариптик эфирдик телерадио берүүнү киргизүү үчүн төрт жыштык бөлүктөрүн бөлсүн, анын ичинде социалдык пакеттин программаларын берүү үчүн, бир жыштык бөлүгүн ыйгарсын;
- 2012-жылдын 1-сентябрынан тартып аналогдук телекөрсөтүү бергичтеринин радиоэлектрондук каражаттарын пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууларды берүүнү токтотсун, буга аталган мөөнөткө чейин берилген тиешелүү уруксаттары бар субъекттер кирбейт;
- "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун курамынан телекөрсөтүү жана радиоуктуруу радиорелейлик магистралдар республикалык өндүрүштүк бирикмеси бөлүнгөн учурда телерадиопрограммаларды берүүгө арналган, алардын ичинде санариптик берүүлөр үчүн арналган жыштык бөлүктөрүн жана ыйгарууларды жаңы түзүлгөн юридикалык жакка бекитип берсин, ошондой эле ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү лицензияларды берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-декабры № 757 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна:
- Баткен облусунун калкынын аз камсыздалган катмарларына таратылып берилген 20000 гранттык ресиверлердин социалдык пакеттин программаларын кабыл алуусун, же аларды акысыз алмаштырууну камсыз кылсын;
- 2015-жылдын 1-январына чейин чек арага жакын аймактарда социалдык пакеттерди кабыл алууну камсыздасын, 2015-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасынын калкынын 95 пайызынан аз эмесинин социалдык пакетти кабыл алуусун камсыздасын.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-июлундагы № 415, 2015-жылдын 19-январы № 12 токтомдорунун редакциясына ылайык)
31. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети «Кыргызтелеком» ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) менен бирдикте 2017-жылдын 15-майынан тартып жергилүктүү рельефтин мүнөздөмөлөрүнүн географикалык өзгөчүлүктөрүнө байланыштуу республикалык санаритпик телерадиоберүү менен камтылбаган калктуу конуштарынан тышкары Кыргыз Республикасынын бардык аймагында аналогдук телерадиоберүүнү (аналогдук өткөргүчтөрдү) өчүрсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-майындагы № 265 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери бул токтом менен бекитилген Программаны жана Иш-чаралардын планын аткарууну камсыздашсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 25 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (25)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-июнундагы № 251-б ("Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун филиалынын базасында "Телекөрсөтүүнүн жана радиоуктуруунун радиорелейлик магистралдарын…Распоряжение · 14.06.2013 · № 251-р
- Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун 2019-2023-жылдарга карата КОНЦЕПЦИЯСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-май- ындагы N 209 токтомуна)Концепция · 03.05.2019 · № 209
- Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүүнүн ПРОГРАММАСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 токтому менен бекитилген)Программа · 02.11.2011 · № 692
- "Жыштыктарды бөлүштүрүүлөрдү (мультиплекстерди) пайдалануу" Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 токтому менен бекитилген)Порядок · 02.11.2011 · № 692
- Кыргыз Республикасында санариптик берүүгө өтүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 токтому менен…План · 02.11.2011 · № 692
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 279-б (Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында санариптик жер үстүндөгү обо берүүсү боюнча) буйругуРаспоряжение · 21.07.2014 · № 279-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-февралындагы № 39-б (Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 16.02.2015 · № 39-р
- "174-230 МГц жана 470-790 МГц жыштыгындагы тилкелерде жер үстүндөгү санариптик эфирдик берүүлөр үчүн радиожыштык ресурстарын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби…Постановление · 23.10.2013 · № 578
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 15-октябрындагы № 4381-V "Кыргыз Республикасында сапариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.10.2014 · № 4381-V
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 349 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн…Постановление · 23.06.2014 · № 349
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-октябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө"…Постановление · 16.10.2019 · № 550
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-июлундагы № 415 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө"…Постановление · 17.07.2013 · № 415
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-январы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 “Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө”…Постановление · 19.01.2015 · № 12
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 291-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-августундагы № 362-б буйругу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын…Распоряжение · 22.08.2018 · № 291-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-декабрындагы № 757 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө"…Постановление · 31.12.2014 · № 757
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 390 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.07.2016 · № 390
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-майындагы № 265 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2 ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө»…Постановление · 04.05.2017 · № 265
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217 " 2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчету жөнүндө "…Постановление · 30.04.2013 · № 217 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-августундагы № 362-б (Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын түзүү тууралу) буйругуРаспоряжение · 08.08.2016 · № 362-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 222-б (Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча уюштуруу комитетинин курамын түзүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 19.05.2016 · № 222-р · Күчүн жоготкон
25 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.