КР Өкмөтүнүн («Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун филиалынын базасында «Телекөрсөтүүнүн жана радиоуктуруунун радиорелейлик магистралдарын киргизүү боюнча) буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 14-июну № 251-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 342-V токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "Кыргызтелеком" ААКы) акционерлеринин жалпы жыйналышынын кароосуна "Кыргызтелеком" ААКынын филиалынын базасында "Телекөрсөтүүнүн жана радиоуктуруунун радиорелейлик магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмеси" ачык акционердик коомун (мындан ары - "ТРРМ РӨБ" ААКы) анын уставдык капиталына "Кыргызтелеком" ААКнын 100 пайыз үлүштүк катышуусу менен түзүү боюнча маселени белгиленген тартипте киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд министрликтер жана ведомстволор менен биргеликте "Кыргызтелеком" ААКынын акционерлеринин жалпы жыйналышынын чечиминин негизинде "ТРРМ РӨБ" ААКыны түзүү боюнча тиешелүү иш-чараларды белгиленген тартипте жүргүзсүн;
- зарыл болгон учурда бул буйрукту ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.11.2011 · № 692
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 21-апрели № 342-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин чагылдыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорацнясынын…Постановление · 21.04.2011 · № 342-V
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон